# Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 18-апрели № 30 "Бишкек шаардык кенешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 25 "Муниципалдык турак жайларды мамлекеттик менчикке акысыз ээликтен ажыратууга макулдук берүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 18-апрели № 30 "Бишкек шаардык кенешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 25 "Муниципалдык турак жайларды мамлекеттик менчикке акысыз ээликтен ажыратууга макулдук берүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 30
- Кабыл алынган күнү: 18.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044793>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54338/edition/51610/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044793.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 18-апрели № 30 "Бишкек шаардык кенешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 25 "Муниципалдык турак жайларды мамлекеттик менчикке акысыз ээликтен ажыратууга макулдук берүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (18.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044793

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 18-апрели № 30

Бишкек шаардык кенешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 25 "Муниципалдык турак жайларды мамлекеттик менчикке акысыз ээликтен ажыратууга макулдук берүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" жана "Муниципалдык мүлккө менчик жөнүндө" мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңешинин регламентине ылайык, Бишкек шаарынын мэри А.Дж.Джунушалиевдин кайрылуусунун (2025-жылдын 4-апрелиндеги чыг. № 20-13/335) негизинде Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кенешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 25 "Муниципалдык турак жайларды мамлекеттик менчикке акысыз ээликтен ажыратууга макулдук берүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

расмий тилдеги тиркемеси "Перечень жилых помещений" деген аталыш менен толукталсын; мамлекеттик тилдеги тиркемесиндеги "Жалпы аянты" деген сөздөр "Долбоордук аянты" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (Джунушалиев А.Дж.) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

Б.Усеналиев
