# Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-январы № I/16-62 “Жер участокторун өткөрүп берүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-январы № I/16-62 “Жер участокторун өткөрүп берүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: I/16-62
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044758>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54311/edition/51574/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044758.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-январы № I/16-62 “Жер участокторун өткөрүп берүү жөнүндө” токтому (29.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044758

---

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 29-январы № I/16-62

“Жер участокторун өткөрүп берүү жөнүндө” Саз-Булак айылынын Леволинейная көчөсү 9 дарегинде жайгашкан Саз-Булак айылынын тургуну Зулпукадырова Динара Абаскановнун жогоруда аталган жаранга тиешелүү жер тилкесин көчүрүү боюнча берген документтерин карап чыгып, Саз-Булак айылынын генпланына ылайык жер тилкеси жол боюнда жайгашкан. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 63 берененин 4-бөлүгү 4-пункту жетекчиликке алып Кызыл-Октябрь айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жер участогун менчик ээсинин ыктыярдуу өздөштүрүүсүн эске алуу менен, Зулпукадырова Д.А Саз-Булак айылынын пайдасына асфальт жол салууга.

2. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн жер комиссиясы Саз-Булак айылынын башкы планына ылайык ошол эле айылдан башка жер участогун бөлүп берүү (өткөрүп берүү) үчүн тиешелүү документтерди даярдасын.

3. Жер участокторун эсепке алуу боюнча акчалай чыгымдар Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом катоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Рсепубликасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановко тапшырылсын.

Кеңешинин төрагасы

А.Карамырзаев
