Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин “Жер участогун “Айыл чарба багытындагы жерлер” (жайыт) категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу, энергетика жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө” токтому
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы № I/16-63
“Жер участогун “Айыл чарба багытындагы жерлер” (жайыт) категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу, энергетика жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын катын жана берилген материалдарды карап чыгып, талкуулап «Аджи-Сервис» ЖЧКсы «Айыл чарба багытындагы жерлер» (жайыт) категориясынан «Өнөр жай, транспорт, коммуникациялар, коргонуу, энергетика жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча Жел-Арык аймагындагы 479-контурдан аянты 0,99 гектар жерди (сыноо полигону). Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы №665 «Жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө» жобонун 2-главасынын 12-пунктун жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аджи-Сервис ЖЧКсына Жел-Арык районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын аймагында жайгашкан жер (сыноо полигону), контуру 479 га, аянты 479 га жер участогун «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан (трансформациялоо) «Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу, энергетика жана башка багыттагы жерлер» категориясына (трансформациялоо) которууга макулдук берилсин
2. Бир нускасы Кемин райондук мамлекеттик администрациясына, кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом катоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Рсепубликасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановко тапшырылсын.
Кеңешинин төрагасы
А.Карамырзаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.