# Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-январы № I/16-64 “Үй-жай участокторунун өлчөмүн белгилөө жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-январы № I/16-64 “Үй-жай участокторунун өлчөмүн белгилөө жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: I/16-64
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044756>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54309/edition/51572/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044756.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-январы № I/16-64 “Үй-жай участокторунун өлчөмүн белгилөө жөнүндө” токтому (29.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044756

---

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 29-январы № I/16-64

“Үй-жай участокторунун өлчөмүн белгилөө жөнүндө” Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин айыл чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика жана жер ресурстары боюнча комиссиясынын корутундусун карап чыгып. Кызыл-Октябрь айылын чыгыш тарапка кеңейтүүнүн башкы планын иштеп чыгуу үчүн жер тилкелеринин өлчөмүн белгилөө зарылчылыгы тууралуу жер жана турак жай адисинен угуп, талкуулап. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесинин 2-пунктунун 2,3-пунктчасын жетекчиликке алып, Кызыл-Октябрь айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 1000 чарчы метр (0,10) га турак жайларды куруу үчүн Кызыл-Октябрь айылын чыгыш тарапка кеңейтүү боюнча өнүктүрүүнүн башкы планын иштеп чыгуу үчүн короо-жай участокторунун өлчөмү белгиленсин.

2. 1 нускасы Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтом катоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Рсепубликасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановко тапшырылсын.

Кеңешинин төрагасы

А.Карамырзаев
