Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин “Үй-жай участокторунун өлчөмүн белгилөө жөнүндө” токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы № I/16-64
“Үй-жай участокторунун өлчөмүн белгилөө жөнүндө” Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин айыл чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика жана жер ресурстары боюнча комиссиясынын корутундусун карап чыгып. Кызыл-Октябрь айылын чыгыш тарапка кеңейтүүнүн башкы планын иштеп чыгуу үчүн жер тилкелеринин өлчөмүн белгилөө зарылчылыгы тууралуу жер жана турак жай адисинен угуп, талкуулап. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесинин 2-пунктунун 2,3-пунктчасын жетекчиликке алып, Кызыл-Октябрь айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1000 чарчы метр (0,10) га турак жайларды куруу үчүн Кызыл-Октябрь айылын чыгыш тарапка кеңейтүү боюнча өнүктүрүүнүн башкы планын иштеп чыгуу үчүн короо-жай участокторунун өлчөмү белгиленсин.
2. 1 нускасы Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом катоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Рсепубликасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановко тапшырылсын.
Кеңешинин төрагасы
А.Карамырзаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон