# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-апрелиндеги № 260 "Уставдык капиталында акциялардын мамлекеттик пакетибар чарбалык коомдо корпоративдик башкаруунун айрым маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-апрелиндеги № 260 "Уставдык капиталында акциялардын мамлекеттик пакетибар чарбалык коомдо корпоративдик башкаруунун айрым маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 260
- Кабыл алынган күнү: 18.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044734>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54299/edition/51557/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044734.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-апрелиндеги № 260 "Уставдык капиталында акциялардын мамлекеттик пакетибар чарбалык коомдо корпоративдик башкаруунун айрым маселелери жөнүндө" токтому (18.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044734

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 18-апрели № 260

Уставдык капиталында акциялардын мамлекеттик пакети бар чарбалык коомдо корпоративдик башкаруунун айрым маселелери жөнүндө

Мамлекеттин катышуу үлүшү бар айрым чарбалык коомдордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомунда акционер катары чыгуу боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 341 «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомун түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 4-пункттун 21-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 21-апрелиндеги № 30 (3790) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
