Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Курама айылдык кеңешинин «Курама айыл аймагына караштуу Орто-Арык айылындагы Инновациялык борборду жана сейил бакты мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорунун негизинде пайдаланууга берүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-04-01.
Курама айылдык кеңешинин “1”апрель 2026-жылдагы №17 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 27-январы № 11 Курама айыл аймагына караштуу Орто-Арык айылындагы Инновациялык борборду жана сейил бакты мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорунун негизинде пайдаланууга берүү жөнүндө Орто-Арык айылынын тургуну Эрматов Аскербек Эрматовичтин кайрылуу катын карап чыгып, Орто-Арык айылындагы сейил бакты жана анын аймагында жайгашкан Инновациялык борборду натыйжалуу пайдалануу, инфраструктураны өнүктүрүү жана жергиликтүү калкка ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жеке өнөктөштүк жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Курама айылдык кеңешинин X-чакырылышынын 1-кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Курама айыл аймагына караштуу Орто-Арык айылындагы Арыкбай көчөсү №1/48 дарегиндеги жалпы аянты 19763,25 м2 түзгөн сейил багын жана Арыкбай көчөсү №1/51 дарегиндеги жалпы аянты 3176,75 м2 түзгөн Инновациялык борборду мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорунун негизинде пайдаланууга берилсин.
2. Курама айыл өкмөтүнө:
мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу боюнча тийиштүү документтерди даярдоону; инвестор (демилгечи) менен мыйзам талаптарына ылайык келишим түзүүнү; сейил бактын жана Инновациялык борбордун коомдук маанисин сактоо шарттарын келишимде так көрсөтүүнү тапшырсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы туруктуу бюджеттик комиссияга, аткарылышы Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Бейсембаевага жүктөлсүн.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
А.К. Джумагулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123