# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 270 "Мамлекеттик катышуу үлүшү бар ишканаларды башкарууну реформалоонун негизги багыттарын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 270 "Мамлекеттик катышуу үлүшү бар ишканаларды башкарууну реформалоонун негизги багыттарын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 270
- Кабыл алынган күнү: 22.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044724>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54294/edition/51545/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044724.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 270 "Мамлекеттик катышуу үлүшү бар ишканаларды башкарууну реформалоонун негизги багыттарын бекитүү жөнүндө" токтому (22.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044724

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 22-апрели № 270 Мамлекеттик катышуу үлүшү бар ишканаларды башкарууну реформалоонун негизги багыттарын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасында мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбалык коомдорду жана мамлекеттик ишканаларды башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) 2026–2029-жылдарга мамлекеттик катышуу үлүшү бар ишканаларды башкарууну реформалоонун негизги багыттары 1-тиркемеге ылайык;

2) 2026–2029-жылдарга мамлекеттик катышуу үлүшү бар ишканаларды башкарууну реформалоонун негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.

2. Мамлекеттик органдар ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттөрдө тиешелүү мезгилге каралган каражаттардын жана бекитилген штаттык бирдиктердин алкагында аткаруу боюнча конркеттүү чараларды көрсүн.

3. Ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Иш-чаралар планынын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки жылдын 25-июнунан кечиктирбестен Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги № 31 (3791) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
