Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Э.Дайракунов, Эмгек-Талаа, Учкун айыл аймактарында жайгашкан жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-марты № 151
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Э.Дайракунов, Эмгек-Талаа, Учкун айыл аймактарында жайгашкан жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Куланак ГЭСинин объекттерин куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18, 102, 104, 105, 106-беренелерине, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 18-сентябрындагы № 01-17/4120 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 18-августундагы № 269-т токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Э.Дайракунов, Эмгек-Талаа, Учкун айыл аймактарында жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган жалпы аянты 4,905 га төмөнкү жер тилкелери Куланак ГЭСинин объекттерин куруу үчүн "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын):
- Э.Дайракунов айыл аймагында № 194 контурда жайгашкан аянты 0,42 га сугат айдоо жер тилкеси "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
- Эмгек-Талаа айыл аймагында № 142, 156, 157, 158, 170 контурларда жайгашкан аянты 1,14 га жер тилкеси "Суу фондунун жерлери" категориясынан;
- Учкун айыл аймагынын № 39 кварталында, № 786 контурда жайгашкан аянты 3,33 га жер тилкеси "Суу фондунун жерлери" категориясынан;
- Учкун айыл аймагынын 39 кварталында жайгашкан аянты 0,015 га жер тилкеси "Мамлекеттик токой фондунун жерлери" категориясынан.
2. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл аймагында № 3 контурда жайгашкан жалпы аянты 1,85 га жер тилкеси "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясынан "Мамлекеттик токой фондунун жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).
3. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелерин максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
3) шаар куруу жана архитектура жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелеринин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, башкы пландагы жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкелеринде кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо боюнча колдонмону сактоону;
5) жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкелеринде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда аларды күтүүнү жана коргоону, тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык казуу жана курулуш иштерин жүргүзүүдө археологиялык көзөмөлдөө үчүн адис-археологду тартууну;
6) жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкелери пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аларды алып коюуну жана баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
7) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелеринин аянттарын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
8) "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автомобиль жолунун бөлүнгөн тилкесин сактоону;
9) чарбалык жана башка иштерди жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык экологиялык талаптарды аткарууну;
10) коомдук саламаттык сактоо жаатындагы ченемдик актыларды сактоону;
11) долбоорлоо жана курулуш иштерин баштоодо Кыргыз Республикасынын авиация жаатындагы ченемдик актыларын сактоону.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Автомобиль жолдору жөнүндөЗакон · 22.05.2023 · № 104
- Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндөЗакон · 31.07.2009 · № 257
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон