# Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүүгө чейин юридикалык жана жеке жактардын пайдалануу укугунда турган жана көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн берилген муниципалдык менчиктин жер участокторунун наркын эсептөө методикасы (Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 139 токтомуна ылайык)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүүгө чейин юридикалык жана жеке жактардын пайдалануу укугунда турган жана көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн берилген муниципалдык менчиктин жер участокторунун наркын эсептөө методикасы (Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 139 токтомуна ылайык)
- Актынын түрү: Методика
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 14.01.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.01.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044707>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230044707/edition/51519/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044707.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.01.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүүгө чейин юридикалык жана жеке жактардын пайдалануу укугунда турган жана көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн берилген муниципалдык менчиктин жер участокторунун наркын эсептөө методикасы (Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 139 токтомуна ылайык) (14.01.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044707

---

Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы №139 токтомуна 3-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүүгө чейин юридикалык жана жеке жактардын пайдалануу укугунда турган жана көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн берилген муниципалдык менчиктин жер участокторунун наркын эсептөө методикасы

(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)

Жалпы жоболор

1. Ушул Методика Бишкек шаарынын аймагында көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн ижара шарттарында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга мурда берилген жер участокторунун наркын аныктайт (мындан ары-Методика).

2. Ушул Методиканын максаты болуп төмөнкүлөрдү камсыздоо саналат:

жер участогунун сатып алуу наркын бир түргө келтирүү; жол-жоболордун ачыктыгы; муниципалитеттин мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо.

3. Методиканын аракети Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүүгө чейин юридикалык жана жеке жактардын пайдалануу укугунда турган жана көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн берилген муниципалдык менчиктин жер участокторуна гана жайылтылат.

Негизги түшүнүктөр

4. Ушул Методикада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

сатып алуу наркы (Сн)– жер участогун менчикке сатып алууда пайдалануучу тарабынан төлөнүүчү Бишкек шаарынын аймагында көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн ижара шарттарында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участогунун наркы; жалпы аянты (Жа) – ижара келишимине ылайык сатып алууга тийиштүү жер участогунун аянты; рыноктук нарк (Рн) – ушул Методикага ылайык белгиленген тартипте аныкталган кыймылсыз мүлк көлөмүнүн бир чарчы метринин рыноктук наркы; экономикалык зона – аныкталган Бишкек шаарынын экономикалык зонасында жер участогунун наркын эсептөө үчүн колдонулган Бишкек шаарынын аймактык зонасы.

Сатып алуу наркын аныктоонун тартиби

5. Жер участогунун сатып алуу наркын аныктоо көп кабаттуу үйдү эксплуатациялоого киргизүү мөөнөтүн эске алуу менен ретроспективдүү баалоо методу аркылуу жүргүзүлөт. Сатып алуу наркын эсептөөдө ачык булактардан расмий статистикалык маалыматтар колдонулат.

6. Сатып алуу наркын аныктоодо ар жылдын 1-августуна карата АКШ долларынын курсу, Бишкек шаарынын экономикалык зоналарынын чектери, жер участогунун бир чарчы метринин орточо наркы эске алынат.

7. Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүүгө чейин юридикалык жана жеке жактардын пайдалануу укугунда турган жана көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн берилген муниципалдык менчиктин жер участокторунун сатып алуу наркын аныктоодо төмөнкүдөй формула колдонулат:

Сн = Рн × Жа, мында: (Сн) – сатып алуу наркы; (Рн) - рыноктук нарк; (Жа) - жалпы аянт.

8. Сатып алуу наркын бир түргө келтирүү жана сатып алуу жол-жоболорунун ачыктыгы үчүн жер участогунун бир чарчы метри үчүн сом менен эсептелген жер участокторунун рыноктук наркынын төмөнкүдөй маалыматтары белгиленет:

(сом)

Жылдар

Бишкек шаарынын экономикалык зоналары

I

II-III

VI-XI-XII- XVI

VII

VIII

2000-жыл

9462

5037

1742

7861

4143

2001-жыл

9591

5106

1766

7969

4200

2002-жыл

9303

4953

1713

7730

4073

2003-жыл

8823

4697

1625

7731

3863

2004-жыл

8542

4548

1573

7097

3740

2005-жыл

8231

4382

1516

6839

3604

2006-жыл

8014

4667

1476

6659

3509

2007-жыл

7598

4045

1399

6313

3327

2008-жыл

7063

3760

1301

5868

3093

2009-жыл

8751

4659

1611

7271

3832

2010-жыл

9389

4998

1729

7801

4111

2011-жыл

8964

4772

1651

7448

3925

2012-жыл

12684

5564

1604

8440

5045

2013-жыл

15027

6804

1469

8811

6706

2014-жыл

22903

8014

3568

8582

10440

2015-жыл

24933

11611

4400

8067

10939

2016-жыл

19304

10740

5302

6390

9040

2017-жыл

25264

9406

4943

7346

7689

2018-жыл

29852

12988

6528

8092

10540

2019-жыл

29646

14160

9626

11719

11789

2020-жыл

33005

14584

10132

16273

13509

2021-жыл

35599

16105

10426

17885

14833

2022-жыл

41754

15887

8734

22873

14805

2023-жыл

42100

19559

9561

25612

20875

2024-жыл

48150

28907

16806

31764

25378

2025-жыл

58242

39091

24486

40490

36380

Эскертүү: Бишкек шаарынын экономикалык зоналарынын чектеринин сүрөттөлүшү Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы №141 токтомуна ылайык алынды.

Төмөндөтүү коэффициентин колдонуу тартиби

9. Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүүгө чейин юридикалык жана жеке жактардын пайдалануу укугунда турган жана көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн берилген муниципалдык менчиктин жер участокторун өз убагында сатып алууга дем берүү максатында жер участогунун сатып алуу наркын төлөө мөөнөтүнөн аныкталган сатып алуу наркына төмөндөтүлгөн коэффициент (мындан ары - коэффициент) колдонулат.

10. Коэффициент ушул Методиканын 9-пунктуна ылайык аныкталган сатып алуу наркына карата колдонулат.

11. Коэффициенттин өлчөмү жер участогун сатып алуунун акыркы суммасын төлөө убактысынан көз каранды белгиленет:

ушул Методика бекитилген учурдан тартып 2026-жылдын 31-декабрына чейин - 0,5 белгиси колдонулат; 2027-жылдын 1-январынан 2027-жылдын 31-декабрына чейин - 0,6; 2028-жылдын 1-январынан 2028-жылдын 31-декабрына чейин - 0,8; 2029-жылдын 1-январынан 2029-жылдын 31-декабрына чейин - 1,0; 2030-жылдын 1-январынан 2030-жылдын 31-декабрына чейин - 1,2. 2031-жылдын 1-январынан тартып жана андан кийинки жылдары жер участогун сатып алуу учуруна чейин 1,2 өлчөмүндөгү коэффициент колдонулат. 2026-жылдын 1-октябрына чейин 1 гектардан ашкан жер тилкелерине 0,4 өлчөмүндөгү коэффициент колдонулат.

12. Дем берүү коэффициентин эске алуу менен сатып алуу наркын эсептөө төмөнкүдөй формулада жүргүзүлөт:

Сн = ЧН × Жа × К, мында: ЧН – ушул Методиканын 9-пунктунда келтирилген таблицага ылайык жер участогунун бир чарчы метринин наркы; (Жа) – жер участогунун жалпы аянты; (К) – толук сумманы төлөө мөөнөтүнөн көз каранды, ушул Методиканын 12-пунктунда каралган төмөндөтүү коэффициенти.

13. Мөөнөттөрү ар башка жылдарга туш келген төлөмдүн суммасын бөлүп төлөө учурунда белгиленген мезгилге тиешелүү коэффициент сумманын калдыктарына колдонулат. Жыйынтык суммасын тегеректөө математикалык тегеректөө эрежелери боюнча максаттуу сомго чейин жүргүзүлөт.

Өзгөчө жана өткөөл жоболор

14. Эгерде мурда бекитилген жер участогун ижаралоо келишимине ылайык ижаралоочу тарабынан турак жана (же) турак эмес жайлардын жалпы аянтынын 10 пайыздан кем эмес өлчөмдөгү бөлүгү өткөрүлүп берилген учурда, жетпеген бөлүгү өткөрүлүп берилүүгө же ушул Методикага ылайык акчалай түрүндө төлөөгө жатат.

15. Эгерде ижаралоочу тарабынан турак жана (же) турак эмес жайлардын 10 пайыз жана андан ашык өлчөмдөгү бөлүгү өткөрүлүп берилсе, көрсөтүлгөн аянт жер участогун сатып алуу боюнча милдеттенмелерди аткаруу эсебине кошулат, бул учурда Методика боюнча эсептөөлөр колдонулбайт.

16. 10 пайыздан ашкан өлчөмдөгү аянтты өткөрүп берүү ижара келишими боюнча милдеттенмелерди аткаруу катары каралат, 10 пайызды ашырган бөлүгү кайтарып берүүгө жатпайт.

17. Эгерде жер участогун сатып алууга тоскоолдук жараткан соттук талаштар болсо, маселени кароо соттук талаштар аяктаганга чейин токтотулат.

18. Сатып алуу наркын аныктоо жана аныктоонун тууралыгына контроль жүргүзүү Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси

И. Б. Аденов
