Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүүгө чейин юридикалык жана жеке жактардын пайдалануу укугунда турган жана көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн берилген муниципалдык менчиктин жер участокторунун наркын эсептөө методикасы (Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык)
Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы №139 токтомуна 3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүүгө чейин юридикалык жана жеке жактардын пайдалануу укугунда турган жана көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн берилген муниципалдык менчиктин жер участокторунун наркын эсептөө методикасы
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
Жалпы жоболор
1. Ушул Методика Бишкек шаарынын аймагында көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн ижара шарттарында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга мурда берилген жер участокторунун наркын аныктайт (мындан ары-Методика).
2. Ушул Методиканын максаты болуп төмөнкүлөрдү камсыздоо саналат:
жер участогунун сатып алуу наркын бир түргө келтирүү; жол-жоболордун ачыктыгы; муниципалитеттин мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо.
3. Методиканын аракети Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүүгө чейин юридикалык жана жеке жактардын пайдалануу укугунда турган жана көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн берилген муниципалдык менчиктин жер участокторуна гана жайылтылат.
Негизги түшүнүктөр
4. Ушул Методикада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
сатып алуу наркы (Сн)– жер участогун менчикке сатып алууда пайдалануучу тарабынан төлөнүүчү Бишкек шаарынын аймагында көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн ижара шарттарында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участогунун наркы; жалпы аянты (Жа) – ижара келишимине ылайык сатып алууга тийиштүү жер участогунун аянты; рыноктук нарк (Рн) – ушул Методикага ылайык белгиленген тартипте аныкталган кыймылсыз мүлк көлөмүнүн бир чарчы метринин рыноктук наркы; экономикалык зона – аныкталган Бишкек шаарынын экономикалык зонасында жер участогунун наркын эсептөө үчүн колдонулган Бишкек шаарынын аймактык зонасы.
Сатып алуу наркын аныктоонун тартиби
5. Жер участогунун сатып алуу наркын аныктоо көп кабаттуу үйдү эксплуатациялоого киргизүү мөөнөтүн эске алуу менен ретроспективдүү баалоо методу аркылуу жүргүзүлөт. Сатып алуу наркын эсептөөдө ачык булактардан расмий статистикалык маалыматтар колдонулат.
6. Сатып алуу наркын аныктоодо ар жылдын 1-августуна карата АКШ долларынын курсу, Бишкек шаарынын экономикалык зоналарынын чектери, жер участогунун бир чарчы метринин орточо наркы эске алынат.
7. Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүүгө чейин юридикалык жана жеке жактардын пайдалануу укугунда турган жана көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн берилген муниципалдык менчиктин жер участокторунун сатып алуу наркын аныктоодо төмөнкүдөй формула колдонулат:
Сн = Рн × Жа, мында: (Сн) – сатып алуу наркы; (Рн) - рыноктук нарк; (Жа) - жалпы аянт.
8. Сатып алуу наркын бир түргө келтирүү жана сатып алуу жол-жоболорунун ачыктыгы үчүн жер участогунун бир чарчы метри үчүн сом менен эсептелген жер участокторунун рыноктук наркынын төмөнкүдөй маалыматтары белгиленет:
(сом)
Жылдар
Бишкек шаарынын экономикалык зоналары
I
II-III
VI-XI-XII- XVI
VII
VIII
2000-жыл
9462
5037
1742
7861
4143
2001-жыл
9591
5106
1766
7969
4200
2002-жыл
9303
4953
1713
7730
4073
2003-жыл
8823
4697
1625
7731
3863
2004-жыл
8542
4548
1573
7097
3740
2005-жыл
8231
4382
1516
6839
3604
2006-жыл
8014
4667
1476
6659
3509
2007-жыл
7598
4045
1399
6313
3327
2008-жыл
7063
3760
1301
5868
3093
2009-жыл
8751
4659
1611
7271
3832
2010-жыл
9389
4998
1729
7801
4111
2011-жыл
8964
4772
1651
7448
3925
2012-жыл
12684
5564
1604
8440
5045
2013-жыл
15027
6804
1469
8811
6706
2014-жыл
22903
8014
3568
8582
10440
2015-жыл
24933
11611
4400
8067
10939
2016-жыл
19304
10740
5302
6390
9040
2017-жыл
25264
9406
4943
7346
7689
2018-жыл
29852
12988
6528
8092
10540
2019-жыл
29646
14160
9626
11719
11789
2020-жыл
33005
14584
10132
16273
13509
2021-жыл
35599
16105
10426
17885
14833
2022-жыл
41754
15887
8734
22873
14805
2023-жыл
42100
19559
9561
25612
20875
2024-жыл
48150
28907
16806
31764
25378
2025-жыл
58242
39091
24486
40490
36380
Эскертүү: Бишкек шаарынын экономикалык зоналарынын чектеринин сүрөттөлүшү Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы №141 токтомуна ылайык алынды.
Төмөндөтүү коэффициентин колдонуу тартиби
9. Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүүгө чейин юридикалык жана жеке жактардын пайдалануу укугунда турган жана көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн берилген муниципалдык менчиктин жер участокторун өз убагында сатып алууга дем берүү максатында жер участогунун сатып алуу наркын төлөө мөөнөтүнөн аныкталган сатып алуу наркына төмөндөтүлгөн коэффициент (мындан ары - коэффициент) колдонулат.
10. Коэффициент ушул Методиканын 9-пунктуна ылайык аныкталган сатып алуу наркына карата колдонулат.
11. Коэффициенттин өлчөмү жер участогун сатып алуунун акыркы суммасын төлөө убактысынан көз каранды белгиленет:
ушул Методика бекитилген учурдан тартып 2026-жылдын 31-декабрына чейин - 0,5 белгиси колдонулат; 2027-жылдын 1-январынан 2027-жылдын 31-декабрына чейин - 0,6; 2028-жылдын 1-январынан 2028-жылдын 31-декабрына чейин - 0,8; 2029-жылдын 1-январынан 2029-жылдын 31-декабрына чейин - 1,0; 2030-жылдын 1-январынан 2030-жылдын 31-декабрына чейин - 1,2. 2031-жылдын 1-январынан тартып жана андан кийинки жылдары жер участогун сатып алуу учуруна чейин 1,2 өлчөмүндөгү коэффициент колдонулат. 2026-жылдын 1-октябрына чейин 1 гектардан ашкан жер тилкелерине 0,4 өлчөмүндөгү коэффициент колдонулат.
12. Дем берүү коэффициентин эске алуу менен сатып алуу наркын эсептөө төмөнкүдөй формулада жүргүзүлөт:
Сн = ЧН × Жа × К, мында: ЧН – ушул Методиканын 9-пунктунда келтирилген таблицага ылайык жер участогунун бир чарчы метринин наркы; (Жа) – жер участогунун жалпы аянты; (К) – толук сумманы төлөө мөөнөтүнөн көз каранды, ушул Методиканын 12-пунктунда каралган төмөндөтүү коэффициенти.
13. Мөөнөттөрү ар башка жылдарга туш келген төлөмдүн суммасын бөлүп төлөө учурунда белгиленген мезгилге тиешелүү коэффициент сумманын калдыктарына колдонулат. Жыйынтык суммасын тегеректөө математикалык тегеректөө эрежелери боюнча максаттуу сомго чейин жүргүзүлөт.
Өзгөчө жана өткөөл жоболор
14. Эгерде мурда бекитилген жер участогун ижаралоо келишимине ылайык ижаралоочу тарабынан турак жана (же) турак эмес жайлардын жалпы аянтынын 10 пайыздан кем эмес өлчөмдөгү бөлүгү өткөрүлүп берилген учурда, жетпеген бөлүгү өткөрүлүп берилүүгө же ушул Методикага ылайык акчалай түрүндө төлөөгө жатат.
15. Эгерде ижаралоочу тарабынан турак жана (же) турак эмес жайлардын 10 пайыз жана андан ашык өлчөмдөгү бөлүгү өткөрүлүп берилсе, көрсөтүлгөн аянт жер участогун сатып алуу боюнча милдеттенмелерди аткаруу эсебине кошулат, бул учурда Методика боюнча эсептөөлөр колдонулбайт.
16. 10 пайыздан ашкан өлчөмдөгү аянтты өткөрүп берүү ижара келишими боюнча милдеттенмелерди аткаруу катары каралат, 10 пайызды ашырган бөлүгү кайтарып берүүгө жатпайт.
17. Эгерде жер участогун сатып алууга тоскоолдук жараткан соттук талаштар болсо, маселени кароо соттук талаштар аяктаганга чейин токтотулат.
18. Сатып алуу наркын аныктоо жана аныктоонун тууралыгына контроль жүргүзүү Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси
И. Б. Аденов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 139 (Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долборлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү)…Постановление · 14.01.2020 · № 139
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 "Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону…Постановление · 14.01.2020 · № 141 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.