Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Курама айылдык кеңешинин «Панфилов районунун Курама айыл аймагына караштуу Орто-Арык айылындагы Инновациялык борборго “Аскер Ата” атын ыйгаруу жөнүндө» токтому
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 27-январы № 3 Панфилов районунун Курама айыл аймагына караштуу Орто-Арык айылындагы Инновациялык борборго “Аскер Ата” атын ыйгаруу жөнүндө Инновация тармагындагы башкаруу системасын өркүндөтүү жана аталышын ылайык келтирүү максатында, жаран Эрматов Аскербек Эрматовичтин коомго сиңирген эмгегин эске алып, Кыргыз Республикасынын “Инновациялык ишмердүүлүк жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, “Республикалык маанидеги обьектилерге ат коюунун жана атын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндө” жобого ылайык, Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Панфилов районунун Курама айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Арык айылында жайгашкан Инновациялык борборго “Аскер Ата” деп аталышы ыйгарылсын.
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий басылмаларга жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Бейсембаевага жүктөлсүн.
Төрага
А.К. Джумагулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Инновациялык иш жөнүндөЗакон · 23.03.2023 · № 65