# Кант шаардык кеңешинин 19-декабрь 2023-жыл №91/ХVI-28 "Ысык-Ата районунун Люксембург айыл аймагынын Кант шаарына кошулуусуна макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кант шаардык кеңешинин 19-декабрь 2023-жыл №91/ХVI-28 "Ысык-Ата районунун Люксембург айыл аймагынын Кант шаарына кошулуусуна макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 91/ХVI-28
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044698>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54276/edition/51507/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044698.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кант шаардык кеңешинин 19-декабрь 2023-жыл №91/ХVI-28 "Ысык-Ата районунун Люксембург айыл аймагынын Кант шаарына кошулуусуна макулдук берүү жөнүндө" токтому (19.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044698

---

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 16-сессия

19-декабрь 2023-жыл №91/ХVI-28

Ысык-Ата районунун Люксембург айыл аймагынын Кант шаарына кошулуусуна макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги №65 «Административдик-аймактык түзүлүш жөнүндө» Мыйзамынын 6 жана 12-беренелерине ылайык, ошондой эле Кант шаарынын мэри У.Б.Майлибашевдин бул маселе боюнча толук маалыматын угуп

КАНТ ШААРДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кант шаарынын Ысык-Ата районунун Люксембург айыл аймагына кошулуусуна макулдук берилсин.

2. Кант шаарынын аталышы өзгөртүүсүз калтырылсын.

3. Бул биригүүнүн администртавтивдик борбору Кант шаары болуп эсептелсин.

4. Кант шаардык кеңешинин депутаттарынын курамы жана ыйгарым укуктары өзгөртүүсүз калтырылсын.

5. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаарынын мэрине (Майлибашев У.Б.) жүктөлсүн.

Төрага

М.Бейшебаев
