Уруксат берүүчү мүнөзгө ээ болгон документтердин тизмеси (Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына 1-тиркеме)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 144 Жарлыгына)
Уруксат берүүчү мүнөзгө ээ болгон документтердин тизмеси
№
Документ-тин тиби
Документтин аталышы
1
Л
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2012-жылдын 16-августундагы № 134 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык коомдоштугунун алкагында Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө ташып киргизүүгө же ташып чыгарууга тыюу салынган же чектөө коюлган товарлардын бирдиктүү тизмегинин 2.1-позициясына ылайык озонду бузуучу заттарды импорттоого лицензия
2
Л
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2012-жылдын 16-августундагы № 134 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык коомдоштугунун алкагында Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө ташып киргизүүгө же ташып чыгарууга тыюу салынган же чектөө коюлган товарлардын бирдиктүү тизмегинин 2.1-позициясына ылайык озонду бузуучу заттарды экспорттоого лицензия
3
Л
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулуучу товарлардын бирдиктүү тизмегинин (мындан ары – Бирдиктүү тизмек) 2.2-позициясына ылайык өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын экспорттоого лицензия
4
Л
Бирдиктүү тизмектин 2.2-позициясына ылайык өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын импорттоого лицензия
5
Л
Бирдиктүү тизмектин 2.3-позициясына ылайык кооптуу калдыктарды импорттоого лицензия
6
Л
Бирдиктүү тизмектин 2.3-позициясына ылайык кооптуу калдыктарды экспорттоого лицензия
7
Л
Бирдиктүү тизмектин 2.4-позициясына ылайык минералогия жана палеонтология боюнча коллекцияларды жана коллекциялык буюмдарды импорттоого лицензия
8
Л
Бирдиктүү тизмектин 2.4-позициясына ылайык минералогия жана палеонтология боюнча коллекцияларды жана коллекциялык буюмдарды экспорттоого лицензия
9
Л
Бирдиктүү тизмектин 2.6-позициясына ылайык жапайы тирүү жаныбарларды, жапайы өскөн айрым өсүмдүктөрдү жана жапайы өскөн дары-дармек чийки затын экспорттоого лицензия
10
Л
Бирдиктүү тизмектин 2.6-позициясына ылайык жапайы тирүү жаныбарларды, жапайы өскөн айрым өсүмдүктөрдү жана жапайы өскөн дары-дармек чийки затын импорттоого лицензия
11
Л
Бирдиктүү тизмектин 2.8-позициясына ылайык Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин кызыл китептерине киргизилген жапайы тирүү жаныбарлардын жана жапайы өсүмдүктөрдүн сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучунда турган түрлөрүн импорттоого лицензия
12
Л
Бирдиктүү тизмектин 2.8-позициясына ылайык Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин кызыл китептерине киргизилген жапайы тирүү жаныбарлардын жана жапайы өскөн өсүмдүктөрдүн сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучунда турган түрлөрүн экспорттоого лицензия
13
Л
Бирдиктүү тизмектин 2.9-позициясына ылайык асыл таштарды импорттоого лицензия
14
Л
Бирдиктүү тизмектин 2.9-позициясына ылайык асыл таштарды экспорттоого лицензия
15
Л
Бирдиктүү тизмектин 2.11-позициясына ылайык минералдык чийки заттын түрлөрүн экспорттоого лицензия
16
Л
Бирдиктүү тизмектин 2.11-позициясына ылайык минералдык чийки заттын түрлөрүн импорттоого лицензия
17
Л
Бирдиктүү тизмектин 2.13-позициясына ылайык баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын прекурсорлору болуп саналбаган уулуу заттарды импорттоого лицензия
18
Л
Бирдиктүү тизмектин 2.13-позициясына ылайык баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын прекурсорлору болуп саналбаган уулуу заттарды экспорттоого лицензия
19
Л
Бирдиктүү тизмектин 2.16-позициясына ылайык жарандык багыттагы радиоэлектрондук каражаттарды жана (же) жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү, анын ичинде башка товарларга орнотулган же курамына киргендерин импорттоого лицензия
20
Л
Бирдиктүү тизмектин 2.17-позициясына ылайык маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды импорттоого лицензия
21
Л
Бирдиктүү тизмектин 2.17-позициясына ылайык маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды экспорттоого лицензия
22
Л
Бирдиктүү тизмектин 2.19-позициясына ылайык шифрлөөчү (криптографиялык) каражаттарды экспорттоого/импорттоого лицензия
23
Л
Бирдиктүү тизмектин 2.20-позициясына ылайык маданий баалуулуктарды, улуттук архив фонддорунун документтерин, архивдик документтердин түп нускаларын импорттоого лицензия
24
Л
Бирдиктүү тизмектин 2.20-позициясына ылайык маданий баалуулуктарды, улуттук архив фонддорунун документтерин, архивдик документтердин түп нускаларын экспорттоого лицензия
25
Л
Бирдиктүү тизмектин 2.21-позициясына ылайык адамдын органдарын жана ткандарын, канын жана анын компоненттерин, адамдын биологиялык материалдарынын үлгүлөрүн импорттоого лицензия
26
Л
Бирдиктүү тизмектин 2.21-позициясына ылайык адамдын органдарын жана ткандарын, канын жана анын компоненттерин, адамдын биологиялык материалдарынын үлгүлөрүн экспорттоого лицензия
27
Л
Бирдиктүү тизмектин 2.22-позициясына ылайык кызматтык жана жарандык куралды, анын негизги (курамдык) бөлүктөрүн жана ага карата ок-дарыларды экспорттоого лицензия
28
Л
Бирдиктүү тизмектин 2.22-позициясына ылайык кызматтык жана жарандык куралды, анын негизги (курамдык) бөлүктөрүн жана ага карата ок-дарыларды импорттоого лицензия
29
Л
Бирдиктүү тизмектин 2.23-позициясына ылайык отун-энергетикалык жана минералдык чийки заттын райондору жана кендери боюнча жер казынасы жөнүндө маалыматты импорттоого лицензия
30
Л
Бирдиктүү тизмектин 2.23-позициясына ылайык отун-энергетикалык жана минералдык чийки заттын райондору жана кендери боюнча жер казынасы жөнүндө маалыматты экспорттоого лицензия
31
Л
Бирдиктүү тизмектин 2.30-позициясына ылайык лабораториялык масштабдагы изилдөөлөрдө, ошондой эле эталондук стандарт катары пайдаланууга тийиш өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын жана башка туруктуу органикалык булгоочу заттарды экспорттоого лицензия
32
Л
Бирдиктүү тизмектин 2.30-позициясына ылайык лабораториялык масштабдагы изилдөөлөрдө, ошондой эле эталондук стандарт катары пайдаланууга тийиш өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын жана башка туруктуу органикалык булгоочу заттарды импорттоого лицензия
33
Л
Бирдиктүү тизмектин 2.27-позициясына ылайык тарифтик квота белгилөө жөнүндө чечим кабыл алынган айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн импорттоого лицензия
34
Л
Бирдиктүү тизмектин 3.1-позициясына ылайык 2019-жылдын 25-октябрындагы бир тарабынан Евразия экономикалык бирлиги менен ага мүчө мамлекеттердин жана экинчи тарабынан Сербия Республикасынын ортосундагы Эркин соода аймагы жөнүндө макулдашууга ылайык тарифтик квоталардын көлөмдөрүнүн алкагында Сербия Республикасынан келип чыгуучу жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагына ташып киргизилүүчү товарларды импорттоого лицензия
35
Л
Бирдиктүү тизмектин 2.10-позициясына ылайык кымбат баалуу металлдарды жана кымбат баалуу металлдарды камтыган чийки зат товарларын экспорттоого лицензия
36
Л
Бирдиктүү тизмектин 2.10-позициясына ылайык кымбат баалуу металлдарды жана кымбат баалуу металлдарды камтыган чийки зат товарларын импорттоого лицензия
37
Л
Бирдиктүү тизмектин 2.8-позициясына ылайык Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин кызыл китептерине киргизилген сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучу алдында турган жапайы тирүү жаныбарлардын жана жапайы өсүмдүктөрдүн түрлөрүнө лицензия
38
Л
Аскердик багыттагы продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу укугуна лицензия
39
Л
Жеке нотариалдык ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия
40
Л
Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууга лицензия
41
Л
Аскердик багыттагы башка продукцияны Кыргыз Республикасынан экспорттоого, анын ичинде убактылуу экспорттоого лицензиялар
42
Л
Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукцияларынын улуттук контролдоо тизмесине киргизилген контролдонуучу продукцияны экспорттоого лицензия
43
Л
Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукцияларынын улуттук контролдоо тизмесине киргизилген контролдонуучу продукцияны импорттоого лицензия
44
Л
Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукцияларынын улуттук контролдоо тизмесине киргизилген контролдонуучу продукцияны реэкспорттоого лицензия
45
Л
Аскердик багыттагы продукцияны экспорттоого, импорттоого жана реэкспорттоого лицензия
46
Л
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия
47
Л
Жардыргыч заттарды жана буюмдарды сатууга лицензия
48
Л
Өрткө каршы автоматика каражаттарын долбоорлоо, монтаждоо, жөндөө жана оңдоо, курулуш конструкцияларын жана күйүүчү жабдууларды өрткө каршы иштеп чыгуу, коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун баалоо, ошондой эле өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо боюнча лицензия
49
Л
Кен казуу тармагынын объекттеринде таасири күчтүү уулуу заттарды алуу, түзүү, сактоо, пайдалануу жана жок кылуу ишин жүргүзүү укугуна лицензия
50
Л
Уулуу материалдардын жана заттардын, анын ичинде радиоактивдүү заттардын калдыктарын (ОО-01) (РАО-02) утилдештирүү, сактоо, көмүү, жок кылуу укугуна лицензия
51
Л
Кыргыз Республикасынын аймагына колдонулган жана ташып киргизилген мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулуучу түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттүүлүгү жаатында иш жүргүзүүгө лицензия
52
Л
Почта байланышы жаатында иш жүргүзүүгө лицензия
53
Л
Телекоммуникация операторлорунун ишине лицензия
54
Л
Оюн-зоок ишине лицензия
55
Л
Өсүмдүк чийки затынан биоэтанолду өнөр жайлык көлөмдө өндүрүүдөн жана аны сатуудан тышкары, мунайды жана жаратылыш газын кайра иштетүү боюнча иш жүргүзүү укугуна лицензия
56
Л
Курал-жаракты жана ок-дарыларды өндүрүүгө, оңдоого жана алар менен соода жүргүзүүгө лицензия
57
Л
Пиротехникалык заттарды жана буюмдарды сатууга лицензия
58
Л
Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү боюнча ишке лицензия
59
Л
Адвокаттык ишке лицензия
60
Л
Автомобиль транспорту менен эл аралык жүк ташууларга лицензия
61
Л
Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү эл аралык ташууга лицензия
62
Л
Суу транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана (же) жүктү ташууга лицензия
63
Л
Медициналык ишке лицензия
64
Л
Фармацевттик ишке лицензия
65
Л
Электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө, сатууга, экспорттоого жана импорттоого лицензия
66
Л
Жылуулук энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана сатууга лицензия
67
Л
Жаратылыш газын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана сатууга лицензия
68
Л
Радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, иондоштуруучу нурлануу заттарын жана булактарын, ошондой эле радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды ташууга (анын ичинде трансчек аралык), сактоого, пайдаланууга, көмүүгө, жок кылууга жана утилдештирүүгө лицензия
69
Л
Билим берүү ишине лицензия (жалпы (башталгыч, негизги жана орто) билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынан; жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу, өзгөчө статуска ээ мамлекеттик билим берүү уюмдарынан; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тизмеге кирген автомектептердин жана кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынан тышкары мектепке чейинки жана кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарынан тышкары)
70
Л
Этил спиртин өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензия
71
Л
Алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө (өндүрүү же сатуу максатында сактоого, дүңүнөн сатууга) лицензия
72
Л
Транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишине (автомектептер) лицензия
73
Л
Шаар курууга, турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды (I, II, III категориядагы объекттер) долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө лицензия
74
Л
Жеке турак үйлөрдү куруудан тышкары, курулуш-монтаждоо иштерине (I, II, III категориядагы объекттер) лицензия
75
Л
Банкроттук процессинин жол-жоболорун жүзөгө ашыруучу администраторлордун ишине лицензия
76
Л
Баалуу кагаздар рыногунда инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу ишине лицензия
77
Л
Баалуу кагаздар рыногунда дилердик иш жүргүзүүгө лицензия
78
Л
Баалуу кагаздар рыногунда инвестициялык фонддун ишин жүргүзүүгө лицензия
79
Л
Баалуу кагаздардын ээлеринин реестрин жүргүзүүгө лицензия
80
Л
Баалуу кагаздар рыногунда брокердик ишке лицензия
81
Л
Баалуу кагаздар рыногунда депозитардык ишке лицензия
82
Л
Баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруу боюнча иш жүргүзүүгө лицензия
83
Л
Виртуалдык активдер менен соода жүргүзүү операторунун (криптобиржанын) ишин жүргүзүү укугуна лицензия
84
Л
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун ишин жүргүзүү укугуна лицензия
85
Л
Камсыздандыруу уюму тарабынан жүргүзүлүүчү өмүрдү ыктыярдуу топтоочу камсыздандырууга лицензия
86
Л
Ломбарддык ишке лицензия
87
Л
Камсыздандыруу уюму тарабынан жүргүзүлүүчү ыктыярдуу жеке камсыздандырууга лицензия
88
Л
Лизингдик ишке лицензия
89
Л
Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу мүлктү ыктыярдуу камсыздандырууга лицензия
90
Л
Кайра камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кирүүчү кайра камсыздандырууга лицензия
91
Л
Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу жоопкерчиликтерди ыктыярдуу камсыздандырууга лицензия
92
Л
Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрүнө лицензия
93
Л
Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун ишине лицензия
94
Л
Ветеринардык дары каражаттарын өндүрүүгө (даярдоого) жана сатууга лицензия
95
Л
Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу такафул ислам принциптери боюнча камсыздандырууга лицензия
96
Л
Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу жүктөлгөн камсыздандырууга лицензия
97
Л
Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу аннуитеттик камсыздандырууга лицензия
98
У
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген атайын каражаттарды сатып алууга уруксат
99
У
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген атайын каражаттарды сактоого уруксат
100
У
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген атайын каражаттарды ташууга уруксат
101
У
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген атайын каражаттарды алып жүрүүгө уруксат
102
У
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген атайын каражаттарды ташып кирүүгө уруксат
103
У
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген атайын каражаттарды ташып чыгууга уруксат
104
У
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген атайын каражаттарды сатууга уруксат
105
У
Тарыхый-маданий мурастардын кыймылсыз объекттерин бузууга, жылдырууга, кайра курууга, өзгөртүүгө уруксат
106
У
Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукцияларынын улуттук контролдоо тизмесине киргизилген контролдонуучу продукцияны республиканын ичинде башка жактарга берүүгө уруксат
107
У
Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукцияларынын улуттук контролдоо тизмесине киргизилген контролдонуучу продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөөгө уруксат
108
У
Ветеринардык контролго жана көзөмөлгө алынууга тийиш болгон товарларды ташып кирүүгө, ташып чыгууга уруксат
109
У
Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлгө алынган жүктөрдү (товарларды) Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзиттөөгө уруксат жана транзиттик өлкөлөргө аларга карата уруксат алууга суроо-талап
110
У
Аскердик багыттагы продукцияны транзиттөөгө уруксат
111
У
Ири көлөмдөгү жана оор салмактагы бөлүнбөс жүктү ташууга атайын уруксат (жүгү менен же жүгү жок ири көлөмдөгү жана оор салмактагы транспорт каражатына берилет)
112
У
Стационардык булактардан атмосфералык абага булгоочу заттарды чыгарууга уруксат
113
У
Булгоочу заттарды айлана-чөйрөгө төгүүгө уруксат
114
У
Калдыктарды айлана-чөйрөдө жайгаштырууга уруксат
115
У
Карышкырларды жана чөөлөрдү атууга уруксат
116
У
Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин илимий, маданий-агартуу, тарбиялык, рекреациялык жана эстетикалык максаттарда табигый чөйрөдөн алып коюуга уруксат
117
У
Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин жана козу карындарды пайдаланууга уруксат
118
У
Кен иштерин жүргүзүү укугуна уруксат
119
У
Жарылуучу материалдарды сатып алуу укугуна уруксат
120
У
Жардыруу иштерин жүргүзүү укугуна уруксат
121
У
Жардыргыч материалдарды сактоо укугуна уруксат
122
У
Кыргыз Республикасынын аймагында радиоактивдүү материалдарды жана заттарды ташып кирүүгө, ташып чыгууга, ташууга уруксат
123
У
Жарандык жана кызматтык куралды жана анын ок-дарыларын сатып алууга, сактоого, ташууга, алып жүрүүгө, коллекциялоого, көргөзмөгө коюуга уруксат
124
У
Пиротехникалык буюмдарды сактоо укугуна уруксат
125
У
Кыргыз Республикасынын аймагына пиротехникалык буюмдарды ташып кирүүгө уруксат
126
У
Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташууга уруксат
127
У
Тарыхый-маданий мурас объектинин аймагынын чектеринде жер казуу, курулуш, жол, чарбалык жана башка жумуштарды жүргүзүүгө, курулуш, жол иштерин жүргүзүүгө же дың жерлерди өздөштүрүүгө, инженердик-изилдөө иштеринин баскычында жана жерди которууда (трансформациялоодо) суу каптоого же ландшафттын олуттуу өзгөрүшүнө алып келген карьерлерди иштетүүгө же дамбаларды курууга уруксат
128
У
Тарыхый-маданий мурас объекттерин реставрациялоого, консервациялоого, регенерациялоого жана оңдоого уруксат
129
У
Кыргыз Республикасынын аэропортторунда аба кемелерин жер үстүндө тейлөө боюнча ишти жүргүзүүгө уруксат
130
У
Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде учкучсуз учуучу аппаратты эксплуатациялоого уруксат
131
У
Учууга атайын уруксат
132
У
Борттук радиостанцияларга уруксат
133
У
Шлих алтынын жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксат
134
У
Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу ташып кирүүгө, ташып чыгууга жана транзиттөөгө уруксат
135
У
Катталбаган пестициддерди жана агрохимикаттарды ташып кирүүгө уруксат
136
У
Кошуу наряды түрүндө таризделүүчү электр жылуулук орнотмолорун эксплуатациялоого жол берүүгө уруксат
137
У
Электр техникалык лабораториялардын иштөөсү үчүн уруксат
138
У
Жеңилдетилген типтеги курулуш жана курулма объекттерине жер тилкесин берүү
139
У
Кыргыз Республикасынын жарандарынын анын чегинен тышкары ишке орношуусуна уруксат
140
У
Мамлекеттик же дем берүүчү лотерея өткөрүүгө уруксат
141
У
Суу пайдаланууга уруксат
142
У
Суу пайдаланууга атайын уруксат
143
У
Телерадиоканалды аналогдук жана (же) санариптик берүү пакетине жайгаштырууга уруксат
144
У
Аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн кендердин жана тоо тектеринин үлгүлөрүн, концентраттарды, өндүрүш калдыктарын жана лабораториялык пробаларды ташып кирүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ташып чыгууга уруксат
145
У
Кыргыз Республикасына өсүмдүк тектүү карантинге алынган товарды ташып кирүүгө уруксат
146
У
Жалпы квотанын негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында иш берүүчүлөрдүн арызы боюнча чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга берилүүчү иштөөгө уруксат
147
У
Радиоэлектрондук каражаттарды эксплуатациялоо укугуна жыштык ыйгарууга уруксат
148
У
Маалыматты жашыруун алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, сатууга, сатып алууга, сактоого, ташууга уруксат
149
У
Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө клиникалык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүүгө уруксат
150
УМ
Мамлекеттик сатып алуулар боюнча окуу курсунан өткөндүгүн ырастоочу сертификат
151
УМ
Учууларды радиотехникалык камсыздоо каражаттарынын жабдууларынын эксплуатациялоого жарактуулугун күбөлөндүрүү
152
УМ
Техникалык коопсуздук чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жабдуулардын жана инфраструктуранын техникалык коопсуздук ченемдерине шайкештиги жөнүндө оң корутундусу
153
УМ
Кум-шагыл аралашмасын жана суглинокту казуу укугун каттоо жөнүндө күбөлүк
154
УМ
Бажы органдарынын алдында кепилдик берүүчү катары чыгуучу юридикалык жактарды кепилдик берүүчүлөрдүн реестрине киргизүү
155
УМ
Карантиндик фитосанитардык контролдоо (көзөмөлдөө) актысы
156
УМ
Бишкек шаарынын аймагында жер казуу иштерин жүргүзүүгө ордер
157
УМ
Жарандык жана кызматтык куралды экспорттоого/импорттоого/транзиттөөгө уруксат берүүчү документ
158
УМ
Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүк
159
УМ
Кыргыз Республикасынын соттук экспертинин компетенттүүлүк сертификаты
160
УМ
Акыркы пайдалануучунун сертификаты
161
УМ
Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукцияларынын улуттук контролдоо тизмесине киргизилген кош багыттагы товарларды импорттоодо акыркы пайдалануучунун сертификаты
162
УМ
Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукцияларынын улуттук контролдоо тизмесине киргизилген контролдонуучу продукцияны акыркы пайдалануучунун сертификаты
163
УМ
Үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган, Товарлардын бирдиктүү тизмесине киргизилген товарларды экспорттоого/импорттоого/транзиттөөгө уруксат берүүчү документсиз товарды тариздөөгө мүмкүндүгүн ырастоочу товарды идентификациялоонун жыйынтыгы боюнча түшүндүрмө
164
УМ
Баалуу металлдарды, асыл таштарды экспорттоого, импорттоого лицензия алууга эксперттик корутунду
165
УМ
Бирдиктүү тизмектин 2.11-позициясына ылайык минералдык чийки заттын түрлөрүн экспорттоого же импорттоого эксперттик корутунду
166
УМ
Шайкештикти милдеттүү түрдө ырастоо: радиожыштык спектрин пайдаланган техникалык байланыш каражаттары үчүн
167
УМ
Аба кыймылын башкаруу диспетчеринин күбөлүгү
168
УМ
Таануу сертификаты (чет мамлекеттердин авиациялык окуу жайлары)
169
УМ
Авиациялык окуу жайынын шайкештик сертификаты
170
УМ
Борт коштоочунун күбөлүгү
171
УМ
Кимберли процессинин эл аралык сертификаты
172
УМ
Дары каражатын мамлекеттик каттоо жөнүндө каттоо күбөлүгү
173
УМ
Дары каражатын ташып кирүүгө корутунду (уруксат берүүчү документ)
174
УМ
Дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга карата жарнаманын Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына шайкештиги жөнүндө корутунду
175
УМ
Продукциянын дары каражаттарына жана медициналык багыттагы товарларга таандык экендигин ырастоочу маалымкат
176
УМ
Дары каражатынын сапаты жөнүндө/медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутунду
177
УМ
Катталган медициналык буюмдун каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү
178
УМ
Медициналык колдонуу үчүн дары препаратынын каттоо күбөлүгү
179
УМ
Евразия экономикалык бирлигинин тийиштүү дистрибьютордук практикасынын эрежелеринин талаптарына шайкештик сертификаты (ЕАЭБ GDP сертификаты)
180
УМ
Улуттук эрежелер боюнча/Евразия экономикалык бирлигинин эрежелери боюнча медициналык буюмга каттоо күбөлүгү
181
УМ
Ыйгарым укуктуу органдын клиникалык изилдөө жүргүзүүнү жактыруу же баш тартуу жөнүндө корутундусу
182
УМ
Катталган дары каражатынын каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү
183
УМ
Медициналык буюмду мамлекеттик каттоо жөнүндө каттоо күбөлүгү
184
УМ
Дары каражаттарын өндүрүүнүн Евразия экономикалык бирлигинин тийиштүү өндүрүштүк практикасынын эрежелеринин талаптарына шайкештиги жөнүндө сертификат (ЕАЭБ GMP сертификаты)
185
УМ
Жөнгө салынуучу зыяндуу организмдерди жашоого жөндөмдүүлүгүн жок кылууну жана жыгач таңгактоо материалын маркалоону камсыз кылуучу карантинге алынган продукцияны жугушсуздандырууну жана технологиялык кайра иштетүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу уюмдардын реестри
186
УМ
Жеке агрономия менен алектенүүгө уруксат
187
УМ
Ветеринардык контролго жана көзөмөлгө алынууга тийиш болгон товарлардын ветеринардык сертификаты
188
УМ
Ветеринардык күбөлүк № 1 форма – жаныбар жөнүндө маалыматтарды камтыган, Кыргыз Республикасынын аймагында анын көзөмөлдөнүшүн камсыз кылган, ошондой эле жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу жана жугуштуу ылаңдары боюнча аймактын бакубаттыгы жөнүндө маалыматтарды (№ 1 форма, № 2 форма, № 3 форма) камтыган ветеринардык коштоочу документ (анын ичинде электрондук)
189
УМ
Идентификацияланган жаныбарлардын паспорту
190
УМ
Сыноолор протоколу (реалдуу убакыт режиминдеги ПЦР методу, ГМОну аныктоо боюнча)
191
УМ
Өлчөө каражаттарын текшерүү жана калибрлөө
192
УМ
Продукцияны Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигине сыноо
193
УМ
Стандартташтыруу боюнча документтерди издөө, тандоо жана алардын көчүрмөлөрүн кагаз же электрондук түрдө берүү жана маалыматтык абонемент боюнча керектөөчүлөрдү тейлөө
194
УМ
Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттарынын долбоорлорун, стандартташтыруу эрежелерин жана стандартташтыруу жаатындагы сунуштамаларды, ошондой эле уюмдардын стандарттарын экспертизадан өткөрүү
195
УМ
Кыргыз Республикасынын аймагында продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү «Халал» стандарттарына шайкештигине ыктыярдуу сертификаттоо жана маркалоо
196
УМ
«Халал» шайкештик белгиси
197
УМ
Туристтик объекттин даярдык паспорту
198
УМ
Алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүк
199
УМ
Убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүк
200
УМ
Эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүк
201
УМ
Бажы органдарынын алдында кепил катары чыгууга укуктуу камсыздандыруу уюмдарын камсыздандыруу уюмдарынын реестрине киргизүү
202
УМ
Банктарды жана кредиттик уюмдарды бажы органдарынын алдында кепил катары чыгууга укуктуу банктардын реестрине киргизүү
203
УМ
Бажы ташуучулардын реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүк
204
УМ
Бажы өкүлдөрүнүн реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүк
205
УМ
Бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүк
206
УМ
Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүк
207
УМ
Чет мамлекеттердин аймактары аркылуу кирүүгө/чыгууга жана транзиттик өтүүгө кыргыз автоташуучуларына берилүүчү чет өлкөлүк уруксат бланктары
208
УМ
Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жөнүндө окуу курстары боюнча сертификат
209
УМ
Долбоордук документтердин өрт коопсуздугу талаптарына шайкештиги жөнүндө өрт-техникалык экспертизанын корутундусу
210
УМ
Шахталардын жана кендердин атайын жабдууларынын (адам ташуучу жана жүк-адам ташуучу канаттар) корутундусу
211
УМ
Интернат тибиндеги балдар мекемелерин аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк
212
УМ
Кайрылман статусу, кайрылман күбөлүгү
213
УМ
Эл аралык асырап алуу боюнча чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгүн Кыргыз Республикасында аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк
214
УМ
Иммигрант статусу
215
УМ
Озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияны ташып кирүү жана ташып чыгуу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду
216
УМ
Өнөр жай коопсуздугу боюнча долбоордук документтердин экспертизасынын корутундусу
217
УМ
Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы мамлекеттик экспертиза
218
УМ
Жапайы тирүү жаныбарларды, айрым жапайы өсүмдүктөрдү жана жапайы өсүүчү дары чийки затын ташып чыгууга эксперттик корутундулар, ошондой эле CITES Конвенциясынын аракетине кирген жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүн, алардын бөлүктөрүн же дериваттарын ташып кирүүгө, ташып чыгууга уруксаттар жана/же сертификаттар берүү
219
УМ
Жапайы тирүү жаныбарларды, айрым жапайы өсүмдүктөрдү жана жапайы өсүүчү дары чийки затын ташып чыгууга эксперттик корутунду
220
УМ
Ташып кирүүгө тыюу салынган кооптуу калдыктарды экспорттоого же импорттоого эксперттик корутунду
221
УМ
Баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын прекурсорлору болуп саналбаган уулуу заттарды экспорттоого же импорттоого эксперттик корутунду
222
УМ
Тоо тектеринин үлгүлөрүн ташып чыгууга эксперттик корутунду
223
УМ
Кош багыттагы товарлар болуп саналган химиялык жана ядролук заттарды экспорттоого, импорттоого, транзиттөөгө эксперттик корутунду
224
УМ
Аңчылык үчүн пайдаланылган жырткыч куштун идентификациялык картасы (паспорту)
225
УМ
Юридикалык жактарга (аңчылык пайдалануучуларга) белгилүү аңчылык жерлерине аңчылык-чарбалык ишин жүргүзүү укугу
226
УМ
Кен чыккан жерлерди иштетүү боюнча техникалык долбоорлорго жер казынасын коргоо бөлүгүндө мамлекеттик экспертиза
227
УМ
Геологиялык издөө жана геологиялык чалгындоо иштерине техникалык долбоорлорго жер казынасын коргоо бөлүгүндө мамлекеттик экспертиза
228
УМ
Күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды коопсуз ташуу шарттарын макулдашуу
229
УМ
Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын которулуп (трансформацияланып) жаткан жер участогунун астында пайдалуу кендердин бар же жок экендиги жөнүндө корутундусу (маалыматтары)
230
УМ
Патенттик ишенимдүү өкүлдүн күбөлүгү
231
УМ
Интегралдык микросхеманын топологиясын каттоо жөнүндө күбөлүк
232
УМ
Автордук укук объектин каттоо жөнүндө күбөлүк
233
УМ
Кум-шагыл аралашмасын казып алуу үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна күбөлүк
234
УМ
Тектеш укуктар объектин каттоо жөнүндө күбөлүк
235
УМ
ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын каттоо жөнүндө күбөлүк
236
УМ
Географиялык көрсөтмөгө күбөлүк
237
УМ
Товарлар чыгарылган жердин аталышына күбөлүк
238
УМ
Маалыматты коргоо каражаттарына шайкештик сертификаты
239
УМ
Криптографиялык каражаттар (шифрлөөчү каражаттар) жөнүндө нотификация
240
УМ
Бирдиктүү тизмектин 2.19-позициясына ылайык шифрлөөчү (криптографиялык) каражаттарды экспорттоого же импорттоого эксперттик корутунду
241
УМ
Бирдиктүү тизмектин 2.17-позициясына ылайык маалыматты жашыруун алууга багытталган атайын техникалык каражаттарды экспорттоого же импорттоого эксперттик корутунду
242
УМ
Санитардык-эпидемиологиялык иликтөөнүн актысы
243
УМ
Иондоштуруучу нурлануу булактары менен иштөө укугуна санитардык-эпидемиологиялык корутунду
244
УМ
Өзгөчө товарларды экспорттоого/импорттоого/транзиттөөгө эксперттик корутунду
245
УМ
Куруу, реконструкциялоо жана кайра профилдөө долбоорлорунун технологиялык бөлүгүнө, ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуу жана иштетүү боюнча долбоорлорго санитардык-эпидемиологиялык экспертиза (эксперттик баа берүү)
246
УМ
Жаран жашаган аймактагы эпидемиологиялык абал жөнүндө маалымкат
247
УМ
Радиожыштыктарды ыйгаруу жөнүндө чечим
248
УМ
Өтүнмөлөр жана келишимдер боюнча радиожыштыктык нурланууну чыгаруучу же жогорку жыштыктагы электромагниттик толкундардын булагы болуп саналган жабдууларга, ошондой эле башка техникалык байланыш каражаттарына карата шайкештик сертификаттарын берүү/шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо
249
УМ
Ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын аттестациялык комиссияларында аттестациядан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк жана аттестациялык комиссиянын жыйналышынын протоколу
250
УМ
Кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестринде каттоо жөнүндө күбөлүк
251
УМ
Эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк
252
УМ
Улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк
253
УМ
Тракторист-машинисттин күбөлүгү
254
УМ
Трактордун, өзү жүрүүчү технологиялык машинанын техникалык паспорту
255
УМ
Стационардык технологиялык орнотмонун жана жабдуулардын техникалык паспорту
256
УМ
Автотранспорт каражатынын мамлекеттик номерине сертификат
257
УМ
Курулуп жаткан объекттердин реестрине киргизүү жөнүндө ырастама
258
УМ
Объектти долбоорлоого шаар куруу корутундусу
259
УМ
Архитектуралык-техникалык корутунду
260
УМ
Инженердик тармактарды курууга жумушчу долбоорду жана курулган инженердик тармактарды курууга аткарылуучу сүрөткө тартууну макулдашуу
261
УМ
Имараттын фасадынын паспорту
262
УМ
Мамлекеттик экспертизанын корутундусу
263
УМ
Имараттарды жана курулмаларды инженердик изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча техникалык корутунду
264
УМ
«Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жөнгө салуу колдонулуучу товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү (сатуу) үчүн багытталган табигый монополия субъектинин негизги каражаттарынын бир бөлүгүнө чарба жүргүзүүчү субъект менчик укугуна же ээлик кылуу жана (же) пайдалануу укугуна ээ болгон сатууга, ижарага берүүгө же башка бүтүмгө макулдук берүү, эгерде мындай негизги каражаттардын баланстык наркы акыркы бекитилген баланс боюнча субъекттердин өздүк капиталынын наркынын 10 пайызынан ашса
265
УМ
Табигый монополия субъектин кайра уюштурууга жана жоюуга макулдук берүү
266
УМ
Табигый монополиялар субъекттери тарабынан товарларга (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө) бааларды (тарифтерди) же алардын чектүү деңгээлин макулдашуу
267
УМ
Табигый монополиялар субъекттеринин жөнгө салынуучу товарларынын (жумуштарынын, кызмат көрсөтүүлөрүнүн) түрлөрү боюнча кирешелерди, чыгымдарды жана тартылган активдерди өзүнчө эсепке алуунү жүргүзүү методикасын макулдашуу
268
УМ
Табигый монополиялар субъекттери тарабынан берилүүчү жөнгө салынуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ар бир түрүнө керектөөчүлөр менен типтүү келишимдерди макулдашуу
269
УМ
Табигый монополиялар субъекттери тарабынан негизги каражаттарды кайра баалоону жүргүзүүнү макулдашуу
270
УМ
Ачык эмиссияда баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо
271
УМ
Ислам баалуу кагаздарын мамлекеттик каттоо
272
УМ
Жеке эмиссияда акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо
273
УМ
Баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо
274
УМ
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкерлерин дайындоого (шайлоого) макулдук берүү
275
УМ
Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрү
276
УМ
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун күбөлүгү
277
УМ
Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестринде аудитордук уюмдарды каттоо
278
УМ
Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестринде ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдарды каттоо
279
УМ
Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестринде кесиптик аудитордук бирикмелерди каттоо
280
УМ
Аудитордун квалификациялык сертификаты
281
УМ
Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестринде аудиторлорду каттоо
282
УМ
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызмат адамдарын макулдашуу
283
УМ
Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүнүн бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү
284
УМ
Органикалык продукцияны өндүрүүчүлөрдү каттоо
285
УМ
Үрөнчүлүк чарбасы статусун ыйгаруу
286
УМ
Дарыяларда жана көлмөлөрдө балыктардын баалуу жана эндемикалык түрдөгү чабактарына зыян келтирүүчү балыктардын анча баалуу эмес, пайдасыз жана жырткыч түрлөрүн алар көлмөлөргө кое берилген жерлерде кармоого уруксат берүү
287
УМ
Электрондук патент
288
УМ
Жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк
289
УМ
Мектепке чейинки билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча билим берүү ишин жүргүзүү жөнүндө кабарлоо
290
УМ
Жашыруун ойлоп табууну каттоо
291
УМ
Транспорт каражатынын конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр менен анын коопсуздук талаптарына ылайык келиши жөнүндө күбөлүк
292
УМ
Маданий баалуулук объекттерин Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүгө жана анын чегинен тышкары ташып чыгууга уруксат
293
УМ
Кесиптик педагогикалык жана окуу-машыктыруу ишин жүргүзгөн адамдардын эсепке алуу каттоосунан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк
294
УМ
Жер үстүндө тейлөө боюнча уюмдардын шайкештик сертификаты
295
УМ
Аэродромдун жарактуулук сертификаты
296
УМ
Алгачкы сертификациялоо учурунда аэродромду мамлекеттик каттоо
297
УМ
Жарандык авиациянын метеорологиялык персоналынын күбөлүгү
298
УМ
Аэронавигациялык тейлөөчүнүн сертификаты
299
УМ
Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин эксплуатантынын сертификаты
300
УМ
Аба кемесин каттоодон чыгаруу жөнүндө күбөлүк
301
УМ
Аба кемесин каттоо жөнүндө күбөлүк
302
УМ
Аба кемесинин ызы-чуу боюнча сертификаты
303
УМ
Аба кемесин (жеңил жана өтө жеңил авиация) эсептен чыгаруу жөнүндө күбөлүк
304
УМ
Учуу жарамдуулугунун экспорттук сертификаты
305
УМ
Техникалык тейлөө боюнча бекитилген уюмду таануу сертификаты
306
УМ
Учууга жарамдуулугунун сертификаты
307
УМ
Коммерциялык учкучтун күбөлүгү
308
УМ
Линиялык учкучтун күбөлүгү
309
УМ
Штурмандын күбөлүгү
310
УМ
Бортинженердин күбөлүгү
311
УМ
Бортмеханиктин күбөлүгү
312
УМ
Бортрадистинин күбөлүгү
313
УМ
Бортоператорунун күбөлүгү
314
УМ
Учууларды камсыздоо боюнча кызматкердин күбөлүгү
315
УМ
Инженердин/техниктин күбөлүгү
316
УМ
Чет өлкөлүк күбөлүктү таануу жөнүндө сертификат
317
УМ
Баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарды пробалоо жана эн тамгасын басуу
318
УМ
Атайын эсепке коюу жөнүндө күбөлүк
319
УМ
Фитосанитардык сертификат
320
УМ
Реэкспорттук фитосанитардык сертификат
321
УМ
Карантиндик сертификат
322
УМ
Карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу актысы
323
УМ
Фитосанитардык изилдөө актысы
324
УМ
Пестициддерди жана агрохимикаттарды мамлекеттик каттоо
325
УМ
Пестициддерди жана агрохимикаттарды кайра каттоо
326
УМ
Пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо сыноолору
327
УМ
Бирдиктүү тизмектин 2.2-позициясына ылайык өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын экспорттоого же импорттого эксперттик корутунду
328
УМ
Электр коопсуздугу боюнча аттестациядан өткөндүгү жөнүндө квалификациялык күбөлүк
329
УМ
Сыноо протоколу (ветеринардык-санитардык экспертиза)
330
УМ
Кыргыз Республикасынын жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдүн ишканаларынын реестри
331
УМ
Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына продукциянын шайкештигин милдеттүү ырастоо
332
УМ
Продукцияны милдеттүү сертификациялоо
333
УМ
Продукциянын техникалык регламенттердин талаптарына шайкештиги жөнүндө декларацияны каттоо
334
УМ
Чачынды алтынды казып алууну жүзөгө ашыруучу жеке чайкоочуну каттоо жөнүндө күбөлүк
335
УМ
Ысык-Көл районунун рекреация объекттеринин иштөөгө даярдыгы жөнүндө паспорт
336
УМ
КМШ өлкөлөрү үчүн «СТ-1» формасы боюнча товардын келип чыгуу сертификаты
337
УМ
Башкы преференциялар системасынын алкагында преференцияларды берүүчү өлкөлөр үчүн «А» формасы боюнча товардын келип чыгуу сертификаты, мисалы, Европа бирлигинин өлкөлөрү, АКШ, Канада, Түркия жана башкалар
338
УМ
Башка өлкөлөр (преференциялар берилбеген өлкөлөр) үчүн «Түп нуска» формасы боюнча товардын келип чыгуу сертификаты
339
УМ
«EAV», СТ-2, СТ-3 формасы боюнча товардын келип чыгуу сертификаттары (Вьетнам, Сербия, Иран)
340
УМ
Өзбекстан Республикасы үчүн «СТ-1» формасы боюнча товардын келип чыгуу сертификаты (1993-жылдагы үлгү)
341
УМ
Товарлардын келип чыгуу экспертизасынын актысы
342
УМ
Келип чыгууну тариздөө үчүн экспертиза актысы (СТ-1 формасы)
343
УМ
Экспертиза актысы (3-форма) контракттык экспертизаларды жүргүзүүдө, бажы органдарынын суроо-талаптарында колдонулат
344
УМ
Сот органдарынын токтому/аныктамасы боюнча экспертиза актысы (8-форма)
345
УМ
Сынамдарды (үлгүлөрдү) тандоо актысы (2-форма)
346
УМ
Товарлардын санын жана сапатын текшерүүдө консультация актысы (4-форма)
347
УМ
Товарларды кабыл алууда экспертиза актысы
348
УМ
Экспертиза актысы (1-форма) (жүк жөнөтүүчүнүн коштоочу документтерине, келишимдик шарттарга саны жана сапаты толук ылайык келген учурларда берилет)
349
УМ
Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо
350
УМ
Лабораторияны аккредитациялоо аттестаты/шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдардын реестриндеги жазуу
351
УМ
Продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификациялоо боюнча органдарды аккредитациялоо аттестаты/шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдардын реестриндеги жазуу
352
УМ
Менеджмент системасын сертификациялоо боюнча органдарды аккредитациялоо аттестаты/шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдардын реестриндеги жазуу
353
УМ
Персоналды сертификациялоо боюнча органды аккредитациялоо аттестаты/шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдардын реестриндеги жазуу
354
УМ
Контролдоо органын аккредитациялоо аттестаты/шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдардын реестриндеги жазуу
355
УМ
Коргоо объекттеринин иштешине өрт коопсуздугунун талаптары бөлүгүндө корутундуларды берүү
356
УМ
Суучул куткаруучунун сертификаты жана күбөлүгү
357
УМ
Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу жана кошумча алынуучу металлдарды камтыган рудаларды жана концентраттарды кайра иштетүү мүмкүндүгү/мүмкүн эместиги жөнүндө техникалык корутунду
358
УМ
Радиоактивдүү заттарды коопсуз ташуу шарттарын макулдашуу
359
УМ
Мамлекеттик экологиялык экспертиза
360
УМ
Мамлекеттик аңчылык күбөлүгү (аңчы статусу)
361
УМ
Автордук укук жана чектеш укуктар объекттерин пайдалануу укугуна лицензиялык келишим
362
УМ
Импресарио үчүн элге жарыяланган чыгармаларды эл алдында аткаруу укугуна лицензиялык келишим
363
УМ
Жалпыга белгилүү товардык белгиге күбөлүк
364
УМ
Пайдалуу моделге патент
365
УМ
Ойлоп табууга патент
366
УМ
Өнөр жай үлгүсүнө патент
367
УМ
Рационализатордук сунушка күбөлүк
368
УМ
Селекциялык жетишкендикке патент
369
УМ
Товардык белгиге жана тейлөө белгисине күбөлүк
370
УМ
Салттуу билимдерге күбөлүк
371
УМ
Курсту ийгиликтүү аяктагандыгы жөнүндө сертификат
372
УМ
Санитардык-эпидемиологиялык корутунду менен адамдын ден соолугуна таасир этүүчү электромагниттик нурлануунун жана башка физикалык факторлордун деңгээлин (ызы-чуунун деңгээли, титирөөнүн, жарыктандыруунун (табигый, жасалма), микроклиматтын параметрлеринин, ультрафиолет, инфракызыл, лазердик нурлануу, электростатикалык заряддардын жана талаанын деңгээли) өлчөө протоколу
373
УМ
Объекттердин санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге, ченемдерге жана гигиеналык ченемдерге шайкештиги жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык изилдөө актысы
374
УМ
Биологиялык жана микробиологиялык организмдер жана алардын токсиндери менен иштерди аткаруу шарттарынын санитардык эрежелерге шайкештиги жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык корутунду (I–IV патогендүүлүк топтогу микроорганизмдер менен иштөөгө режимдик комиссиянын уруксаты)
375
УМ
Кыргыз Республикасынын аймагында радиоактивдүү материалдарды бажылык контролдоонун техникалык каражаттары менен жабдылбаган өткөрмө пункттары аркылуу өткөрүлүүчү продукцияга, жүктөргө (багажга) карата жүзөгө ашырылуучу ташып келинген жана ташылып чыккан продукцияга, жүктөргө (багажга) радиациялык контроль
376
УМ
Санитардык-гигиеналык, токсикологиялык, санитардык-бактериологиялык, паразитологиялык, радиометрикалык изилдөөлөргө, ГМОго изилдөөгө, дозиметриялык ченөөлөргө жана физикалык факторлордун ченөөлөрүнө, жумушчу зонанын абасын контролдоого сыноо протоколу
377
УМ
Уулуу химиялык заттарды экспорттоого же импорттоого эксперттик корутунду (кат түрүндө)
378
УМ
Продукцияны мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк
379
УМ
Санитардык-эпидемиологиялык корутунду менен адамдын ден соолугуна таасир этүүчү электромагниттик нурлануунун жана башка физикалык факторлордун деңгээлин (ызы-чуунун деңгээли, титирөөнүн, жарыктандыруунун (табигый, жасалма), микроклиматтын параметрлеринин, ультрафиолет, инфракызыл, лазердик нурлануу, электростатикалык заряддардын жана талаанын деңгээли) өлчөө протоколу
380
УМ
Транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүк
381
УМ
Курулуш тармагынын адисинин мамлекеттик квалификациялык сертификаты
382
УМ
Шайкештик сертификаты, шайкештик жөнүндө декларация
383
УМ
Атайын техникалык шарттар
384
УМ
Имараттарды энергетикалык сертификатоо боюнча адистин сертификаты
385
УМ
Казандардын, имараттарды жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо боюнча адистин сертификаты
386
УМ
Жер тилкесин берүүгө, кошумча ижер тилкесин берүүгө, чек араларды жана функционалдык багытын өзгөртүүгө, жер тилкелерин алмаштырууга, жер тилкесин бириктирүүгө жана бөлүүгө шаар куруу корутундусу
387
УМ
Инженердик-техникалык шарттар
388
УМ
Архитектуралык-шаар куруу корутундусу
389
УМ
Корголуучу документтерди даярдоо
390
УМ
Объекттердин долбоордук документтерин кароо жана макулдашуу (Курулуп жаткан объекттердин реестрине жеңил конструкциялуу байланыш курулмасынын (капиталдык эмес) объекттерин киргизүү, эксплуатациялоого берилүүчү курулушу аяктаган объекттин шайкештигин баалоо актысын алуу)
391
УМ
Үстөмдүк кылуучу абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттин пайда болушун алдын алуу жана (же) атаандаштыкты чектөө максатында чарба жүргүзүүчү субъекттерди (алардын бирикмелерин) бириктирүү, кошуу, кайра түзүү аркылуу кайра уюштурууну алдын ала макулдашуу
392
УМ
Үстөмдүк кылуучу абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан ошол эле товардын рыногунда иштеген башка чарба жүргүзүүчү субъекттин акцияларын (уставдык капиталдагы үлүштөрүн) сатып алууну, ошондой эле үстөмдүк кылуучу абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттин акцияларынын контролдук пакетин (уставдык капиталдагы үлүштөрүн) каалаган юридикалык жактын же жарандын сатып алуусун алдын ала макулдашуу
393
УМ
Акциялардын (уставдык капиталдагы катышуу үлүштөрдүн) беш пайыздан ашыгы мамлекетке таандык болгон чарба жүргүзүүчү субъекттерди түзүүнү жана үстөмдүк кылуучу абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттин пайда болушун алдын алуу жана (же) атаандаштыкты чектөө максатында «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелерине ылайык катышуучулары аффилирленген жактар жана/же адамдардын тобу болуп саналган чарба жүргүзүүчү субъекттерди түзүүнү алдын ала макулдашуу
394
УМ
Баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоо
395
УМ
Майнингге сертификат
396
УМ
Виртуалдык активдерди чыгарууну мамлекеттик каттоо жана ак кагазды каттоо
397
УМ
Кылкандуу дан өсүмдүктөрүн, чанактуу дан өсүмдүктөрүн жана май өсүмдүктөрүн сорттук себүүнүн талаа инспекция актысы
398
УМ
Көп жылдык чөптөрдүн (беде, эспарцет жана башка) үрөнүн себүүнүн талаа инспекция актысы
399
УМ
Кант кызылчасын көчүрүлгөн уругу жок себүүнүн талаа инспекция актысы
400
УМ
Мөмөлүү, мөмө-жемиштүү, жаңгак-мөмөлүү, гүл-декоративдик өсүмдүктөрдүн жана жүзүмдүн энелик көчөттөрүнүн жана отургузуучу материалдардын талаа инспекция актысы
401
УМ
Пахтанын үрөнүнүн талаа инспекция актысы
402
УМ
Үрөндүк картошканын талаа инспекция актысы
403
УМ
Шайкештик сертификаты
404
УМ
Экспорттолуучу үрөн продукциясына эл аралык кызгылт сары сертификат (OISLC)
405
УМ
Өтүнмөлөр боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун жана гибриддерин мамлекеттик сыноолордон өткөрүү
406
УМ
Балык өстүрүү, балык көбөйтүү максаттары үчүн балык чарбасы көлмөлөрүн берүү
407
УМ
Балык уулоо максаттары үчүн көлмөлөрдү жана балык уулоочу участокторду берүү
408
УМ
Балык чарбасын уюштуруу үчүн көлмөнүн балык өстүрүү-биологиялык негиздемеси жана паспорту
409
УМ
Дарыянын жана башка суу объекттеринин паспортунун балык өстүрүү-биологиялык негиздемеси
410
УМ
Суу менен камсыздоо булагы скважина болуп саналган көлмөнү, бассейнди, аквакультураны уюштуруу жана өнүктүрүү үчүн балык өстүрүү-биологиялык негиздеме
411
УМ
Балык уулоо билети
412
УМ
Ветеринардык дары каражаттарынын сапаты жөнүндө корутунду
413
УМ
Тоют кошумчаларын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк
414
УМ
Ветеринардык дары каражатын мамлекеттик каттоо жөнүндө каттоо күбөлүгү
415
УМ
Аккредитациялык карта (аккредитациялык күбөлүк)
416
УМ
Асыл тукум субъекти статусун ыйгаруу жана андан ажыратуу
417
УМ
Кыргыз Республикасынын Ветеринардык статуардык органынын бирдиктүү реестринде каттоо жөнүндө күбөлүк
418
УМ
Радиожыштыктарды бөлүү жөнүндө чечим
419
УМ
Мамлекеттик тилдеги жарнаманын текстин мамлекеттик тил боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу
420
УМ
Жарнамалык конструкцияларды техникалык кароо
421
УМ
Маалыматтык жарнамалык конструкциялардын объекттеринин реестрине киргизүү
422
УМ
Кыймылдуу мүлктүн жана кыймылсыз мүлктүн күрөөсүн каттоо
423
УМ
Санаториялык-курорттук мекемелердин эксплуатациялоого даярдыгын паспорттоштуруу
424
УМ
Куткаруучунун квалификациясын ырастоо (кайра даярдоо, квалификацияны жыл сайын ырастоо)
425
УМ
Евразия экономикалык бирлигинин талаптагыдай өндүрүштүк практика талаптарына ветеринардык дары каражаттарын өндүрүүнүн шайкештик сертификаты
426
УМ
Жер астындагы тузсуз сууларды пайдаланууга жана коргоого байланышкан долбоорлорго экспертиза жүргүзүү
427
УМ
Лицензияланууга тийиш болгон жер астындагы суу объектине гидрогеологиялык корутунду
428
УМ
Студент-учкучтун күбөлүгү
429
УМ
Ышкыбоз-учкучтун күбөлүгү
430
УМ
Самолетко карата колдонулган көп мүчөлүү экипаждын (MPL) учкучунун күбөлүгү
431
УМ
Планерист-учкучтун күбөлүгү
432
УМ
Эркин аэростаттын учкучунун күбөлүгү
433
УМ
Студент-тышкы учкучтун күбөлүгү
434
УМ
Тышкы учкучтун күбөлүгү
435
УМ
Студент-аба кыймылын башкаруу диспетчеринин күбөлүгү
436
УМ
Өз алдынча иштөөгө сертификат
437
УМ
Баалоочунун квалификациялык сертификаты
438
УМ
Жеке дайындар чөйрөсүндө талаптарды сактоого текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жеке же юридикалык жактарды аккредитациялоо
439
УМ
Ырастоочу борборду аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк
Кыскартуулардын тизмеси
Л
–
лицензия
У
–
уруксат
УМ
–
уруксат берүүчү мүнөздөгү документ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 144 "Уруксат берүүчү документтер жаатындагы жөнгө салуучу гильотина жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 16.04.2026 · № 144
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Атаандаштык жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү…Закон · 30.06.2022 · № 52
- Атаандаштык жөнүндөЗакон · 22.07.2011 · № 116 · Күчүн жоготкон