# Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 25-марты № 91 Баш планга КНИИП тарабынан даярдалган өзгөртүүнү бекитүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 25-марты № 91 Баш планга КНИИП тарабынан даярдалган өзгөртүүнү бекитүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044666>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54260/edition/51482/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 25-марты № 91 Баш планга КНИИП тарабынан даярдалган өзгөртүүнү бекитүү жөнүндө токтому (25.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044666

---

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы

2026-жылдын 25-марты № 91

Баш планга КНИИП тарабынан даярдалган өзгөртүүнү бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Колексинин № 149 Мыйзамынын 21- беренесинин 3-пунтктуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39- беренелерин жетекчилике алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 3- октябрындагы № 542 токтомунун негизинде, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө трансформация болуп келген жалпы 86 га жер аянтынын ичинен, Кызыл-Сеңир айылындагы Башкы пландарды өзгөртүүнү бекитип берүү боюнча (КНИИП тарабынан даярдалган шифр 14/2024, 237/2025 жана 238/2025) тер даярдалып келинген. Айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун маалыматын угуп, берилген материалдар менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл амагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө трансформация болуп келген жалпы 86 га жер аянтынын ичинен, Кызыл-Сеңир айылындагы Башкы планды өзгөртүүгө (КНИИП тарабынан даярдалган шифр 14/2024, 237/2025 жана 238/2025) тер бекитилип берилсин.

2. Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.

3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына ( А. Шадмановго) жуктөлсүн.

Төрага

К. С. Мусаев
