# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-апрелиндеги № 233 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-апрелиндеги № 233 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 233
- Кабыл алынган күнү: 09.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044658>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54261/edition/51472/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044658.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-апрелиндеги № 233 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому (09.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044658

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 9-апрели № 233

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 14-мартындагы № 135 "Коштоп иштегендердин эмгегин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-мартындагы № 179 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 141 "Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын кызматкерлерин аттестациялоодон өткөрүү тартиби жөнүндө типтүү жобону жана аттестациялоодон өтүүчү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 656 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун онунчу абзацы;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-февралындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 14-мартындагы № 135 "Коштоп иштегендердин эмгегин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнунудагы № 289 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 141 "Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын кызматкерлерин аттестациялоодон өткөрүү тартиби жөнүндө типтүү жобону жана аттестациялоодон өтүүчү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 28 (3788) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
