# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 254 "Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку кесиптик медициналык билим берүүнүн медициналык билим берүү уюмдарын мамлекеттик аккредитациялоодон өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 254 "Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку кесиптик медициналык билим берүүнүн медициналык билим берүү уюмдарын мамлекеттик аккредитациялоодон өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 254
- Кабыл алынган күнү: 16.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044635>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230044635/edition/51451/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044635.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 254 "Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку кесиптик медициналык билим берүүнүн медициналык билим берүү уюмдарын мамлекеттик аккредитациялоодон өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044635

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 16-апрели № 254

Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку кесиптик медициналык билим берүүнүн медициналык билим берүү уюмдарын мамлекеттик аккредитациялоодон өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө

Эскертүү: КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-августундагы № 520 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр расмий тилиндеги редакциясына киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-августундагы № 250 «Медицина чөйрөсүндө адистерди даярдоого мамлекеттик монополияны киргизүү жөнүндө» Жарлыгынын 3, 4-пункттарын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку кесиптик медициналык билим берүүнүн медициналык билим берүү уюмдарын мамлекеттик аккредитациялоодон өткөрүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында жүргүзүлөт деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

1) медициналык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин арасында мамлекеттик аккредитациялоо маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;

2) ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

4. Медициналык билим берүү уюмдары 2026-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө мамлекеттик аккредитациялоодон өтсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 21-апрелиндеги № 30 (3790) саны менен жарыяланды

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
