Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку кесиптик медициналык билим берүүнүн медициналык билим берүү уюмдарын мамлекеттик аккредитациялоодон өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 16-апрели № 254
Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку кесиптик медициналык билим берүүнүн медициналык билим берүү уюмдарын мамлекеттик аккредитациялоодон өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө
Эскертүү: КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-августундагы № 520 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр расмий тилиндеги редакциясына киргизилди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-августундагы № 250 «Медицина чөйрөсүндө адистерди даярдоого мамлекеттик монополияны киргизүү жөнүндө» Жарлыгынын 3, 4-пункттарын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку кесиптик медициналык билим берүүнүн медициналык билим берүү уюмдарын мамлекеттик аккредитациялоодон өткөрүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында жүргүзүлөт деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
1) медициналык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин арасында мамлекеттик аккредитациялоо маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Медициналык билим берүү уюмдары 2026-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө мамлекеттик аккредитациялоодон өтсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 21-апрелиндеги № 30 (3790) саны менен жарыяланды
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку кесиптик медициналык билим берүүнүн медициналык билим берүү уюмдарын мамлекеттик аккредитациялоодон өткөрүүнүн тартиби (Кыргыз…Порядок · 16.04.2026 · № 254
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын коррупцияны алдын алуу жана кызматтык жүрүм-турумдун этикалык ченемдерин сактоо…Программа · 06.04.2026 · № 227-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-августундагы № 520 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 254 “Кыргыз…Постановление · 03.08.2026 · № 520
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-августундагы ПЖ № 250 "Медицина чөйрөсүндө адистерди даярдоого мамлекеттик монополияны киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 28.08.2025 · № 250
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-августундагы № 520 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 254 “Кыргыз…Постановление · 03.08.2026 · № 520