Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Манас шаардык депутаттар кеңешинин “Манас шаарынын 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын” бекитүү жөнүндө токтому
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
X чакырылыш кезектеги XXIII сессия
2026-жылдын 16-февралы №2
“Манас шаарынын 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын” бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына ылайык, жана Манас шаарынын мэриясынын 11.02.2026-жылдагы чыг.№01-18/764 сандуу каты Манас шаардык депутаттар кеңешинин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Манас шаарынын 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы” бекитилсин.
2. Манас шаарынын мэриясына өз ишмердүүлүгүндө жогоруда бекитилген Манас шаарынын 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу үчүн иш-аракет жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык мэриясына милдеттендирилсин жана аткарылышы тууралуу бир жылда бир жолудан кем эмес шаардык кеӊештин сессиясында отчет берүү жагы шаар мэрине (Э.Ормоков) жүктөлсүн.
5. Ушул токтом Манас шаардык депутаттар кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага
Болотов Н.Б.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 10-марты № 37 "Панфилов, Ысык-Көл, Талас, Ноокен, Алай жана Ноокат аймактык…Постановление · 10.03.2026 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 4-марты № 34 "Араван, Өзгөн, Токтогул, Аксы, Ноокен, Түп, Кара-Балта, Панфилов…Постановление · 04.03.2026 · № 34
- Түп айыл аймагынын “Келечек” бала бакчасынын тамак-ашка төлөнүүчү акча каражаттарынын тарифи жѳнүндѳ токтомуПостановление · 02.02.2026 · № 2