# Александровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-марты № 72 "Жайыт жерлерин пайдалануудан түшкөн акча каражаттардын 1/3 бөлүгүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетине кайтарып берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Александровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-марты № 72 "Жайыт жерлерин пайдалануудан түшкөн акча каражаттардын 1/3 бөлүгүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетине кайтарып берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044611>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54216/edition/51425/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044611.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Александровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-марты № 72 "Жайыт жерлерин пайдалануудан түшкөн акча каражаттардын 1/3 бөлүгүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетине кайтарып берүү жөнүндө" токтому (31.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044611

---

АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 18-сессиясы

2023-жылдын 31-марты № 72

Жайыт жерлерин пайдалануудан түшкөн акча каражаттардын 1/3 бөлүгүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетине кайтарып берүү жөнүндө Айылдык кеңештин план бюджеттик, социалдык мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Т.Булазованын “Жайыт жерлерин пайдалануудан түшкөн акча каражаттардын 1/3 бөлүгүн Александровка айыл өкмөтүнүн бюджетинен жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетине кайтарып берүү жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесине ылайык:

Александровка айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Жайыт жерлерин пайдалануудан түшкөн акча каражаттардын 1/3 бөлүгүн Александровка айыл өкмөтүнүн бюджетинен жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетине жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга кайтарылып берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиевке жана Александровка айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ш.Х.Сардиге жүктөлсүн.

Төрайым

Давузова М.Ю.
