Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын («Кыргыз Республикасынын улуттук инвестициялык фонду» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагалыгына жана мүчөлүгүнө шайлоо үчүн талапкерлерди көрсөтүү тууралуу) тескемеси
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Председателя Кабинета Министров КР от 7 апреля 2026 года № 296 (Об избрании председателя совета директоров открытого акционерного общества "Национальный инвестиционный фонд Кыргызской Республики")» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-04-07.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 296 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 15-майы № 295
Мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбалык коомдорду башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордун наркынын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу жана инвестицияларды тартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 666 "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомун түзүү жана иштетүү маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомунун уставынын 94-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Кыргыз Республикасынын улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагалыгына шайлоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Касымалиев Адылбек Алешовичтин талапкерлиги көрсөтүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинде саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын ичинен "Кыргыз Республикасынын улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө шайлоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Торобаев Бакыт Эргешевичтин жана Кыргыз Республикасынын финансы министри Бакетаев Алмаз Кушбековичтин талапкерлиги көрсөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 296 ("Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомунун…Распоряжение · 07.04.2026 · № 296
- Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндөЗакон · 24.07.2024 · № 143
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.