# Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 100 "Миң-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 100 "Миң-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 12.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044580>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54200/edition/51387/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044580.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 100 "Миң-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (12.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044580

---

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2025-жылдын 12-сентябры № 100 Миң-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы №241 «Нормативдик укуктук актылар жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, этика, регламент жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.К.Саркуловдун маалыматын угуп, Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 2-сентябрындагы №79 токтому менен бекитилген «Миң-Булак айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө Жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) III-бөлүмдүн 1-пункту төмөндөгүдөй жаңы редакцияда берилсин:

«1. Комиссиянын курамына айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы, айылдык кеңештин жооптуу катчысы, айылдык кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу менен), аялдар кеңешинин төрайымы, жаштар комитетинин төрагасы, ар бир айылдан бирден аксакал кирет».

2. «Миң-Булак айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча сунуштарды кароо комиссиясынын курамы төмөнкүдөй бекитилсин:

• Комиссиянын төрагасы – айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы;

• Комиссиянын катчысы – айылдык кеңештин жооптуу катчысы;

Комиссиянын мүчөлөрү:

• айылдык кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу менен);

• жаштар комитетинин төрагасы;

• аялдар кеңешинин төрайымы;

• ар бир айылдан бирден аксакал.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө этика, регламент жана мандат боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

Төрайым

Булазова Г.Т.
