Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Миң-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 12-сентябры № 100 Миң-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы №241 «Нормативдик укуктук актылар жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, этика, регламент жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.К.Саркуловдун маалыматын угуп, Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 2-сентябрындагы №79 токтому менен бекитилген «Миң-Булак айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө Жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) III-бөлүмдүн 1-пункту төмөндөгүдөй жаңы редакцияда берилсин:
«1. Комиссиянын курамына айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы, айылдык кеңештин жооптуу катчысы, айылдык кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу менен), аялдар кеңешинин төрайымы, жаштар комитетинин төрагасы, ар бир айылдан бирден аксакал кирет».
2. «Миң-Булак айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча сунуштарды кароо комиссиясынын курамы төмөнкүдөй бекитилсин:
• Комиссиянын төрагасы – айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы;
• Комиссиянын катчысы – айылдык кеңештин жооптуу катчысы;
Комиссиянын мүчөлөрү:
• айылдык кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу менен);
• жаштар комитетинин төрагасы;
• аялдар кеңешинин төрайымы;
• ар бир айылдан бирден аксакал.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө этика, регламент жана мандат боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрайым
Булазова Г.Т.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Төрт-Көл айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 2-сентябры № 79 Ана-Кызыл айылынын тургуну Алтымышов Советбек Турдалиевичтин жашап жаткан турак жайынын аймагынан 200 м2 жер тилкесинин…Постановление · 02.09.2024 · № 79