# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 16-февралы № 22 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-ноябрындагы № 129 токтому менен бекитилген Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 16-февралы № 22 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-ноябрындагы № 129 токтому менен бекитилген Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 16.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044563>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-4122/edition/51369/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044563.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 16-февралы № 22 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-ноябрындагы № 129 токтому менен бекитилген Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (16.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044563

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2026-жылдын 16-февралы № 22 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-ноябрындагы № 129 токтому менен бекитилген Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси кабыл алынгандыгына жана ага Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-ноябрындагы № 129 токтому менен бекитилген Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө жобону шайкеш келтирүү зарылдыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-ноябрындагы № 129 токтому менен бекитилген Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункттагы "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө", "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө", "Электрондук кол тамга жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси" деген сөздөрү менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.

Төрага

Т.Шайназаров
