# Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 95 «Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 17-январындагы №39 «Айыл чарбага жерлеринин мамлекеттик фондунун жер тилкелерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 95 «Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 17-январындагы №39 «Айыл чарбага жерлеринин мамлекеттик фондунун жер тилкелерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 12.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044560>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54195/edition/51365/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044560.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 95 «Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 17-январындагы №39 «Айыл чарбага жерлеринин мамлекеттик фондунун жер тилкелерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому (12.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044560

---

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2025-жылдын 12-сентябры № 93

Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 17-январындагы №39 «Айыл чарбага жерлеринин мамлекеттик фондунун жер тилкелерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы №241 «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Лугма П.И.нин маалыматын угуп жана айылдык кенештин агрардык-жер маселелери, суу менен камсыздоо, жайыт жана мал чарбачылыгы боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 12-сентябрындагы корутундусунун негизинде, кадрдык өзгөртүүлөргө байланыштуу, Миң-Булак айыл аймагынын кеңешинин сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-январындагы № 39 «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

2. Жогорудагы токтомдун 1-пункту төмөнкүдөй жаңы редакцияда баяндалсын:

•Жер комиссиясынын төрагасы – Шамуза Сулейман Харсанович;

•Жер комиссиясынын катчысы – Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары – жооптуу катчысы.

Комиссиянын мүчөлөрү:

•Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы;

•Асанов Тагай Талайбекович – айылдык кенештин депутаты;

•Сатаров Тимур Кашкаевич – айылдык кенештин депутаты;

•Арбуду Шамиль Керимович – айылдык кенештин депутаты;

•Муваза Сульмане Хусеевич – айылдык кенештин депутаты;

•Миң-Булак айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси;

•Миң-Булак айыл өкмөтүнүн мал чарбачылык боюнча адиси;

•Агрардык өнүгүү башкармалыгынын өкүлү (макулдашуу боюнча).

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин агрардык-жер маселелери, суу менен камсыздоо, жайыт жана мал чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрайым

Булазова Г.Т.
