Кыргыз Республикасынын «2025-жылдын 18-июнунда Брюссель шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бенилюкс мамлекеттеринин ортосундагы Жарактуу дипломатиялык жана кызматтык/расмий паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 14-апрели № 50
2025-жылдын 18-июнунда Брюссель шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бенилюкс мамлекеттеринин ортосундагы Жарактуу дипломатиялык жана кызматтык/расмий паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене. 2025-жылдын 18-июнунда Брюссель шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бенилюкс мамлекеттеринин ортосундагы Жарактуу дипломатиялык жана кызматтык/расмий паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Бенилюкс мамлекеттерине кабарласын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2026-жылдын 12-мартында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.