# Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-августундагы № 87 "Мин-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-августундагы № 87 "Мин-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044491>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54163/edition/51300/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044491.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-августундагы № 87 "Мин-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (15.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044491

---

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2025-жылдын 15-августу № 87

Мин-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 18 жана 22-беренелерине ылайык, этика, регламент жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Саркулов Б.К. тарабынан берилген «Мин-Булак айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» маалыматын угуп жана талкуулап, Мин-Булак айыл аймагынын кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айылдык кеңештин 2024-жылдын 2-сентябрындагы №79 токтому менен бекитилген, Мин-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) Жобонун II-бөлүмүндөгү 6-пункт «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштар каза болгондон кийин каралбайт» деген сөздөр алынсын.

3.Жобонун II-бөлүмүндөгү 8-пункт г) пункту менен толукталсын:

г) «Соттолбогондугу жөнүндө маалымкат берүү»

4.Жобонун III-бөлүмүндөгү 9-пунктундагы «Комиссиянын катчысы тарабынан ишке ашырылат» деген сөздөр «Мин-Булак айыл өкмөтү тарабынан ишке ашырылат» деп өзгөртүлсүн.

5.Жобонун V-бөлүмүндөгү 6-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүндө, 31-августта, Мин-Булак айыл аймагынын салтанаттуу майрамдык иш-чарасында тапшырылат» деген сөздөр «Салтанаттуу иш-чарада тапшырылат. Тапшыруу датасы Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан аныкталат» деп алмаштырылсын.

6.Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу айылдык кенештин этика, регламент жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрайым

Булазова Г.Т.
