# Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий мекемелерин каржылоонун формалары жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 255 токтому менен бекитилди) жобо

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий мекемелерин каржылоонун формалары жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 255 токтому менен бекитилди) жобо
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 255
- Кабыл алынган күнү: 16.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044490>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230044490/edition/51299/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044490.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий мекемелерин каржылоонун формалары жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 255 токтому менен бекитилди) жобо (16.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044490

---

Тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 255 токтому менен бекитилди)

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий мекемелерин каржылоонун формалары жөнүндө жобо

## 1-глава. Жалпы жоболор

## 2-глава. Мамлекеттик каржылоонун булактары жана формалары

## 3-глава. Базалык каржылоо

## 4-глава. Программалык-максаттуу каржылоо

## 5-глава. Гранттык каржылоо

## 6-глава. Бюджеттик жыйынды өтүнмөнү түзүү

## 7-глава. Бюджеттик каражаттарды пайдалануу жана контролдоо

## 1-глава. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий мекемелерин каржылоонун формалары жөнүндө ушул жобо (мындан ары – Жобо) «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Илим жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле мамлекеттик илимий жана бюджеттик саясатты жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан.

2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (мындан ары – УИА) илимий мекемелерин бюджеттик каржылоонун жалпы принциптерин, булактарын жана формаларын аныктайт, бюджеттик өтүнмөлөрдү түзүүнү жана бюджеттик каражаттарды пайдаланууну жөнгө салат.

3. Ушул Жобонун аракети республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу УИАнын илимий мекемелерин мамлекеттик каржылоого карата жайылтылат.

4. УИАнын илимий мекемелерин каржылоого республикалык бюджетте каралган каражаттар төмөнкүдөй максаттар үчүн жумшалат:

– илимдин жана илимий-техникалык иштин артыкчылыктуу багыттары боюнча фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду, ошондой эле максаттуу илимий изилдөөлөрдү ишке ашырууга;

– илимий жана илимий-техникалык кызматкерлерге, илимий жамааттарга жана уюмдарга конкурстук негизде, анын ичинде мамлекеттик заказдын алкагында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн гранттарды берүүгө;

– тармактар аралык илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди өнүктүрүүнү колдоого;

– илимдин жана илимий-техникалык иштин артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий кадрларды даярдоо программаларын, анын ичинде кадрларды чет өлкөдө даярдоону ишке ашырууга;

– илимий жана илимий-техникалык маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга, анын ичинде илимий журналдарды, электрондук ресурстарды жана башка материалдарды басып чыгарууга жана сатып алууга;

– илимий форумдарды (конгресстер, конференциялар, симпозиумдар жана башкалар) өткөрүүгө жана аларга катышууга;

– илимий инфраструктураны түзүүгө жана өнүктүрүүгө;

– илимий экспертизаларды, ошондой эле улуттук жана мамлекеттик илимий, илимий-техникалык, экономикалык, социалдык жана экологиялык программаларды, стратегиялык мүнөздөгү инновациялык долбоорлорду өткөрүүгө.

5. УИАнын илимий мекемелерин каржылоо Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген бюджеттик каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылат жана бюджеттик системанын биримдиги, өз алдынчалыгы, тең салмактуулугу жана ачыктыгы принциптерине негизделет.

## 2-глава. Мамлекеттик каржылоонун булактары жана формалары

6. УИАнын илимий мекемелерин мамлекеттик каржылоонун булагы болуп республикалык бюджет эсептелет.

7. УИАнын илимий мекемелерин каржылоо республикалык бюджеттен өзүнчө сап менен жүзөгө ашырылат, илимий мекемелерди базалык каржылоону, мамлекеттик заказ боюнча аткарылып жаткан мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык долбоорлорду программалык-максаттуу каржылоону, ошондой эле академиялык илимий инфраструктураны финансылык камсыздоону өзүнө камтыйт.

8. УИАнын илимий мекемелерин каржылоо төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:

1) базалык каржылоо;

2) программалык-максаттуу каржылоо;

3) гранттык каржылоо.

## 3-глава. Базалык каржылоо

9. УИАнын илимий мекемелерине базалык каржылоо илимий инфраструктураны жана ишти учурдагы камсыздоого ченемдер боюнча, анын ичинде кызматкерлердин эмгек акысын төлөө, анын ичинде жабдууларды жана материалдарды сатып алуу үчүн берилет.

10. Базалык каржылоо төмөнкүлөрдү камтыйт:

– УИАнын илимий мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнү;

– имараттарды, курулмаларды, лабораторияларды жана илимий инфраструктуранын объекттерин күтүүгө кеткен чыгымдарды;

– коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнү;

– жабдууларды, материалдарды, медикаменттерди, химиялык реактивдерди, чарбалык буюмдарды жана башка материалдык-техникалык багыттагы предметтерди сатып алууну;

– коопсуздукту камсыздоого, эмгекти коргоого, өрт коопсуздугуна жана санитардык талаптарды сактоого кеткен чыгымдарды;

– учурдагы оңдоо иштерин жүргүзүүнү жана инженердик тармактарды тейлөөнү;

– байланыш, интернет, транспорт кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнү жана башка чыгымдарды;

– илимий процессти жана мекеменин ишин камсыздоо менен байланышкан башка чыгымдарды.

11. Базалык каржылоону илимий мекемелер арасында бөлүштүрүү УИА тарабынан бекитилген бюджеттик ассигнованиелердин чегинде жүзөгө ашырылат.

12. Финансылык жылдын ичинде илимий мекемелердин ортосунда бюджеттик каражаттарды ыкчам кайра бөлүштүрүүгө Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарын сактоо шарты менен УИАнын жетекчилигинин чечими боюнча бекитилген бюджеттин чегинде жол берилет.

## 4-глава. Программалык-максаттуу каржылоо

13. Программалык-максаттуу каржылоо (анын ичинде мамлекеттик заказ) – бул мамлекеттик, тармактык же фундаменталдык илимий милдеттерди чечүүгө багытталган илимий долбоорлорду аткарууга бөлүнүүчү каражаттар.

14. Программалык-максаттуу каржылоо стратегиялык маанилүү мамлекеттик милдеттерди чечүү максатында мамлекеттик, стратегиялык же фундаменталдык мааниге ээ болгон илимий жана илимий-техникалык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.

15. Программалык-максаттуу каржылоо төмөнкүлөрдү камтыйт:

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлүүчү улуттук илимий программаларды жана долбоорлорду же Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасы боюнча аткарылуучу изилдөөлөрдү;

– илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлүүчү мамлекеттик илимий заказды;

– УИАнын эксперттик баалоодон өткөн узак мөөнөттүү илимий долбоорлорун.

16. УИАнын илимий мекемелери тарабынан ишке ашырылуучу мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду программалык-максаттуу каржылоо конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча жүзөгө ашырылат жана өзүнчө каржыланат.

17. Конкурстук тандоо УИАнын президиумунун чечими менен түзүлгөн конкурстук комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат, анын курамына төмөнкүлөр кирет:

– УИАнын президиумунун мүчөлөрү;

– илимий изилдөөлөрдүн тиешелүү багыты боюнча көз карандысыз эксперттер.

18. Конкурстук комиссия жалпы курамынын үчтөн экисинен кем эмес кворум болгондо чечим кабыл алууга укуктуу.

19. Чечимдер комиссиянын катышып жаткан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет.

20. Конкурстук тандоо төмөнкүлөрдү камтыйт: конкурсту жарыялоону, өтүнмөлөрдү кабыл алууну, илимий экспертиза жүргүзүүнү, экономикалык негиздүүлүгүн баалоону, ошондой эле УИАнын президиумунун жыйналышында кабыл алынган чечимдерди.

21. Ар бир долбоор үчүн документтердин толук топтому таризделет: техникалык тапшырма, календардык план (план-тапшырма), чыгымдардын жалпы сметасы жана күтүлүүчү натыйжалардын негиздемеси.

22. УИА илимий кызматкерлердин мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду аткаруу боюнча конкурска катышуусунун тартибин аныктоочу ички регламенттерди иштеп чыгат.

23. УИАнын илимий мекемелеринин мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду аткаруу боюнча конкурска катышуу тартиби, ошондой эле мамлекеттик заказды жайгаштыруу жана кошумча илимий-изилдөө иштерин аткаргандыгы үчүн акы төлөө тартиби аткарылган иш жөнүндө отчет бекитилгенден кийин Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган формаларда жана тартипте ар бир илимий-изилдөө уюму үчүн өзүнчө УИАнын президиумунун макулдугу менен белгиленет.

24. Мамлекеттик заказды каржылоо илимий-техникалык экспертизадан өтүү шарты менен Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

25. Бекитилген смета, план жана келишим болгондо гана программалык-максаттуу каржылоо каражаттарын чыгымдоого жол берилет.

26. Программалык-максаттуу долбоорлордун ишке ашырылышын контролдоону УИАнын президиуму жүргүзөт, ал аралык жана жыйынтыктоочу отчетторду суроого, көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, УИАнын президиумунун чечими менен бекитилген иштердин шарттары жана планы сакталбаган учурда каржылоону токтото турууга укуктуу.

27. Бузуулар аныкталган учурда белгиленген тартипте каржылоону токтото турууга жол берилет.

## 5-глава. Гранттык каржылоо

28. Гранттык каржылоо – бул айрым изилдөөчүлөрдү, илимий жамааттарды, жаш окумуштууларды жана инновациялык долбоорлорду колдоо үчүн конкурстук негизде бөлүнүүчү УИАнын каражаттары.

29. УИАнын илимий мекемелери, айрым окумуштуулары жана окумуштуулардын топтору илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Илим фондунун каражаттарынын эсебинен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн гранттарды алууга конкурстарга катыша алат.

30. Гранттык каржылоо илимий демилгелерди жана инновацияларды колдоонун формасы болуп саналат.

31. Илимий изилдөөлөрдү, илимий-техникалык программаларды, долбоорлорду жана тажрыйба-конструктордук иштерди жүргүзүү үчүн гранттык каржылоо алардын колдонулушу жөнүндө кийин отчет берүү менен акысыз жана кайтарымсыз негизде берилет.

32. Гранттык каржылоо конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча илимий жана инновациялык долбоорлорду колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңеш тарабынан аныкталуучу илимий багыттардын артыкчылыктарына ылайык жүзөгө ашырылат.

33. Берилген ар бир грант боюнча келишим түзүлөт, анда максаттар, ишке ашыруу мөөнөттөрү, каржылоо көлөмү (бюджет), күтүлүүчү натыйжалар, отчет берүү тартиби, ошондой эле аткаруучунун жоопкерчилиги аныкталат.

## 6-глава. Бюджеттик жыйынды өтүнмөнү түзүү

34. Бюджеттик жыйынды өтүнмөнү түзүү УИА тарабынан Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

35. УИАнын илимий мекемелери жыл сайын пландалып жаткан жылдын алдындагы жылы 1-июндан кечиктирбестен УИАга төмөнкүлөрдү берет:

– базалык каржылоонун бекитилген ченемдерине ылайык базалык каржылоого бюджеттик өтүнмөлөрдү;

– программалык-максаттуу долбоорлор боюнча сунуштарды;

– эсептөөлөрү, каражаттарга болгон муктаждыктын негиздемеси жана иштин пландалган натыйжаларынын көрсөткүчтөрү менен мамлекеттик заказ боюнча өтүнмөлөрдү (конкурс жарыяланган учурда).

36. УИА сунушталган материалдардын негизинде УИАнын илимий мекемелерин каржылоого зарыл болгон каражаттарга төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен бюджеттик жыйынды өтүнмөнү түзөт:

– каржылоонун жалпы көлөмүн;

– каражаттардын иш багыттары боюнча бөлүштүрүлүшүн.

Жыйынды өтүнмө алдын ала УИАнын президиуму тарабынан каралат. Бюджеттик жыйынды өтүнмө УИАнын жетекчиси тарабынан бекитилет жана кезектеги финансылык жылга республикалык бюджеттин долбоорун жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолун түзүү үчүн үстүбүздөгү жылдын 1-августуна чейин бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.

37. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кезектеги финансылык жылга республикалык бюджет бекитилгенден кийин УИА белгиленген тартипте каржылоону ачуу үчүн УИАнын илимий мекемелеринин, ошондой эле программалар жана долбоорлор боюнча иштерди аткаруучулардын, илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин бекитилген чыгымдар сметаларын бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.

38. УИАнын илимий мекемелерин каржылоо Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

39. УИА каржылоону белгиленген тартипте ишке ашыруу үчүн бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирмелердин жөнөтүлүшүн камсыз кылат. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган УИАнын өтүнмөлөрүнүн негизинде ай сайын кассалык планды бекитет.

40. УИА кассалык планды ачат жана каржылоону жүргүзөт.

## 7-глава. Бюджеттик каражаттарды пайдалануу жана контролдоо

41. Финансылык жылдын ичинде УИА бюджеттин аткарылышына мониторинг жүргүзөт, анын ичинде кассалык аткарууну талдайт жана бюджеттик ассигнованиелерди кайра бөлүштүрүү муктаждыгын баалайт.

42. Бюджеттик каражаттар сметалар жана келишимдик милдеттенмелер менен аныкталган максаттуу багыты боюнча гана катуу тартипте колдонулат.

43. УИАнын илимий мекемелери бюджеттик каражаттарды максаттуу колдонууну камсыз кылууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте отчет берүүгө милдеттүү.

44. Базалык каржылоонун бюджеттик каражаттарын колдонуу жөнүндө отчет УИАнын илимий мекемелери тарабынан Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык берилет.

45. Илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө, анын ичинде мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды каржылоо булагына (бюджеттик каражаттар, гранттар, кредиттер) карабастан максаттуу колдонуу үчүн мекеменин жетекчиси, теманын, программанын же долбоордун илимий жетекчиси жеке жоопкерчилик тартат.

46. Бекитилген бюджеттик ассигнованиелердин чегинде бюджеттик каражаттарды колдонуунун эффективдүүлүгүн, натыйжалуулугун жана даректүүлүгүн камсыз кылуу УИАнын президентине жүктөлөт.

47. Бюджеттик каражаттар максатсыз пайдаланылганы аныкталган учурда бөлүнгөн каражаттарды кайтарып алуу боюнча чаралар көрүлөт. Зарыл болгон учурда УИАнын президиумуна тийиштүү программаларды, долбоорлорду, илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди каржылоону токтотуу жөнүндө сунуштар киргизилет.
