# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 16-марты № 41 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевнанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 16-марты № 41 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевнанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 16.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044487>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-4110/edition/51296/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044487.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 16-марты № 41 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевнанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому (16.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044487

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2026-жылдын 16-марты № 41 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевнанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевнанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү жеке арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. № 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевнанын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. № 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевнанын ырастамасы жараксыз деп таанылсын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

Төраганын м.а.

А.Жупуева
