Ынтымак айыл аймагынын айылдык кенешинин Ынтымак муниципалдык ишканасынын жайыт төлөмдөрү боюнча токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ынтымак айыл аймагынын айылдык кенешинин кезексиз IV-сессиясы
2025-жылдын 25-февралы № 4/6
Ынтымак муниципалдык ишканасынын жайыт төлөмдөрү боюнча
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-июлундагы№152 мыйзамынын негизинде Ынтымак айыл аймагындагы жайыт комитетинин берген сунушун карап, Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ынтымак айыл аймагындагы (Корок,Алп-Ордо,Талаа,Чайчи) айылдарына жайытка болгон төлөмдөр кой, эчкиге 30 (отуз)сом, ал эми ийри мүйүздүү мал, жылкыга 80 (сексен) сомдон, Жаны-Арык, Правда, Таш-Арык, Ак-Терек, Достук айылдарына жайытка болгон төлөмдөр кой, эчкиге 25 (жыйырма беш) сом, ал эми ийри мүйүздүү мал, жылкыга 130 (жүз отуз) сом белгиленсин.
2. Ушул токтомду аткруу жагы “Ынтымак” муниципалдык ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик, иш жана тышкы экономикалык байланыш муниципалдык менчик жана айыл чарба, архитектура, курулуш жана экология боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага
А.Дунаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.