# Кара-Суу шаардык кеңешинин 2025-жылдын 10-июлу № 8/13 Тейлөө кызматкерлеринин айлык маянасы жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Кара-Суу шаардык кеңешинин 2025-жылдын 10-июлу № 8/13 Тейлөө кызматкерлеринин айлык маянасы жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8/13
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044416>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54120/edition/51222/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Суу шаардык кеңешинин 2025-жылдын 10-июлу № 8/13 Тейлөө кызматкерлеринин айлык маянасы жөнүндө токтому (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044416

---

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы

2025-жылдын 10-июлу № 8/13

Тейлөө кызматкерлеринин айлык маянасы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-майындагы №167 Жарлыгынын жана Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 17-июнундагы №4 протоколдук чечимин жана Кара-Суу шаар мэриясынын 2025-жылдын 08-июль №01-13/3150 сандуу катын угуп жана талкуулап, Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Кара-Суу шаардык кеңешинин, шаар мэриясынын, муниципалдык ишканалардын кенже жана техникалык тейлөө кызматкерлеринин айлык маянасы 2025-жылдын 28-майы ПЖ №167 жарлыгына ылайык коэффициенттерин теңдөө жана тегеректөө менен 20 пайызга жогорулатылсын.

2. Бул токтомду аткаруу жагы шаар мэриясына жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы

Ж.Т.Полотов
