# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 149 (Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун штаттык санынын чегин көбөйтүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 149 (Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун штаттык санынын чегин көбөйтүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044412>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19783/edition/51213/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044412.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 149 (Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун штаттык санынын чегин көбөйтүү тууралуу) тескемеси (10.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044412

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 10-апрели № 149

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун штаттык санынын чегин 14 штаттык бирдикке көбөйтсүн.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
