Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айылдык кеңешинин «1-Май айылы, Малабек көчөсү №41 дарегиндеги жер тилкесинин жерге жайгаштыруу схемасын жана долбоорун жаран Кызалаков Чынгыз Асановичке бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-октябры № 01-7/79
1-Май айылы, Малабек көчөсү №41 дарегиндеги жер тилкесинин жерге жайгаштыруу схемасын жана долбоорун жаран Кызалаков Чынгыз Асановичке бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу боюнча” 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосун бекитүү тууралуу №291 токтомуна ылайык,Сокулук районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан Сары-Өзөн айыл аймагынын 1-Май айылы, Малабек көчөсү №41 дарегиндеги жер тилкесинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №186-25 “Жер тилкесинин жерге жайгаштыруу схемасы жана долбоорунун” негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айыл аймагынын 1-Май айылы, Малабек көчөсү №41 дарегиндеги жер тилкесинин укук белгилөөчү документи жок жаран Кызалаков Чынгыз Асановичке Сокулук районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын 30-сентябрындагы №186-25 жер тилкесинин жалпы аянты 3000,0 чарчы метр жерге жайгаштыруу схемасын жана долбоорун бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун негизинде Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э.Бектемиров тийиштүү буйрук чыгарсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын айылдык кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.К.Сарбагышова тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага
М.Р. Кадыркулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.