Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айылдык кеңешинин «Асылбаш айылы, Оторова көчөсү б/н дарегиндеги жер тилкесинин жерге жайгаштыруу схемасын жана долбоорун жаран Берманов Тынчтык Темирбековичке бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-октябры № 01-7/76
Асылбаш айылы, Оторова көчөсү б/н дарегиндеги жер тилкесинин жерге жайгаштыруу схемасын жана долбоорун жаран Берманов Тынчтык Темирбековичке бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу боюнча” 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосун бекитүү тууралуу №291 токтомуна ылайык,Сокулук районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан Сары-Өзөн айыл аймагынын Асылбаш айылы, Оторова көчөсү б/н дарегиндеги жер тилкесинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы №182-25 “Жер тилкесинин жерге жайгаштыруу схемасы жана долбоорунун” негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айыл аймагынын Асылбаш айылы, Оторова көчөсү б/н дарегиндеги жер тилкесинин укук белгилөөчү документи жок жаран Берманов Тынчтык Темирбековичке Сокулук районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын 26-сентябрындагы №182-25 жер тилкесинин жалпы аянты 1653,03 чарчы метр жерге жайгаштыруу схемасын жана долбоорун бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун негизинде Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э.Бектемиров тийиштүү буйрук чыгарсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын айылдык кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.К.Сарбагышова тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага
М.Р. Кадыркулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.