# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 246-т (Баоруй инвестициялык келишим жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 246-т (Баоруй инвестициялык келишим жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 246-т
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044353>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19777/edition/51157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044353.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 246-т (Баоруй инвестициялык келишим жөнүндө) тескемеси (10.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044353

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2026-жылдын 10-апрели № 246-т

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда кубаттуулугу 1200 МВт болгон күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Чжунзци Баоруй энергиянын жаңы түрлүү инвестициялык компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда кубаттуулугу 1200 МВт болгон күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын энергетика министрине ушул тескеменин 1-пунктунда аталган Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
