Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Төрт-Гүл айылдык аймагынын Төрт-Гүл айылдык кеңешинин «Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз ХIV ачык сессиясы
2026-жылдын 17-марты № 78 Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруу жол-жобосун тартипке келтирүү жана муниципалдык менчикти натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу максатында, Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө жобо бекитилсин. (тиркелет) .
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы:
o ушул Жобонун аткарылышын камсыз кылсын; o өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин; o муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруу боюнча туруктуу иш алып баруучу комиссия түзүү иштерин уюштурсун.
3. Муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруу бекитилген Жобого так ылайык жүргүзүлсүн деп белгиленсин.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, финансы, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт, тышкы экономикалык байланыштар жана ишкердик ишмердүүлүк боюнча комиссияга жүктөлсүн.
2026-жылдын 9-апрелинде http://petrovka.kg/?m=202604 расмий сайтында жарыяланды
Төрага
Ж.К. Маматкеримов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37