# Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № I/18-74 "Кызыл-Октябрь айыл аймагынын ижара коефцентин бекитүү, чабындыны өткөрүп берүү жана ЖЧК "Зет Цемент" ишканасына берилүүчү жер тилкелеринин баасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № I/18-74 "Кызыл-Октябрь айыл аймагынын ижара коефцентин бекитүү, чабындыны өткөрүп берүү жана ЖЧК "Зет Цемент" ишканасына берилүүчү жер тилкелеринин баасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: I/18-74
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044323>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230044323/edition/51129/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044323.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № I/18-74 "Кызыл-Октябрь айыл аймагынын ижара коефцентин бекитүү, чабындыны өткөрүп берүү жана ЖЧК "Зет Цемент" ишканасына берилүүчү жер тилкелеринин баасын бекитүү жөнүндө" токтому (03.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044323

---

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 3-апрели №I/18-74 Кызыл-Октябрь айыл аймагынын ижара коефцентин бекитүү, чабындыны өткөрүп берүү жана ЖЧК “Зет Цемент” ишканасына берилүүчү жер тилкелеринин баасын бекитүү жөнүндө

Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн жер жана турак-жай маселелери боюнча адиси Байсабаев З.И. ижара коефцентин бекитүү, чабындыны өткөрүп берүү жана ЖЧК “Зет Цемент” ишканасына берилүүчү жер тилкелеринин баасын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкулап, Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кемин райондук агрардык башкармалыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабырындагы №309 токтому менен өткөрүлгөн МАЧЖФ 128,44га жерине, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба Министрлигинин 2025-жылдын 25-февралындагы №04-13/59 буйругунун 10-пунктуннун негизинде, ижара коефцентин 10 кылып бекитилип берилсин.

2. Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Жаңы-Алыш айылдагы Желкилдек өрөөнүндөгү 165 га чабынды, Кызыл-Октябрь муниципалыдык ишканасына өткөрүлүп берилсин, ижарадан түшкөн каражат, Жаңы-Алыш жана Ак-Бекет айылдарынын ичүүчү таза суусунун насосторунун электроэнергиясынын төлөмдөрү үчүн колдонулсун.

3.Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 17-мартындагы №81 токтомунун негизинде, ЖЧК “Зет Цемент” ишканасына берилүүчү, ачылган породаны төгүү үчүн 16,6 га жерге келишим баасы 369104 (үч жүз алтымыш тогуз миң жүз төрт) сом жана техникалык жол салууга каралган 26,9 га жерге келишим баасы 598127 (быш жүз токсон сегиз миң жүз жыйырма жети) сом болуп бекитилсин.

4.Токтомдун аткарылышысын козомолдоо жана аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Сулайманов Н.Ж милдеттерилсин.

2026-жылдын 10-апрелинде https://kyzyl-oktyabr.gov.kg/kyzyl-oktyabr-ajyl-ajmagynyn-izhara-koeftsentin-bekit-chabyndyny-tk-r-p-ber-zhana-zhchk-zet-tsement-ishkanasyna-beril-ch-zher-tilkelerinin-baasyn-bekit-zh-n-nd/ расмий сайтында жарыяланды

Кеңештин төрагасы

А.Карамырзаев
