Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин «Кызыл-Октябрь айыл аймагынын ижара коефцентин бекитүү, чабындыны өткөрүп берүү жана ЖЧК „Зет Цемент“ ишканасына берилүүчү жер тилкелеринин баасын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 3-апрели №I/18-74 Кызыл-Октябрь айыл аймагынын ижара коефцентин бекитүү, чабындыны өткөрүп берүү жана ЖЧК “Зет Цемент” ишканасына берилүүчү жер тилкелеринин баасын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн жер жана турак-жай маселелери боюнча адиси Байсабаев З.И. ижара коефцентин бекитүү, чабындыны өткөрүп берүү жана ЖЧК “Зет Цемент” ишканасына берилүүчү жер тилкелеринин баасын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкулап, Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кемин райондук агрардык башкармалыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабырындагы №309 токтому менен өткөрүлгөн МАЧЖФ 128,44га жерине, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба Министрлигинин 2025-жылдын 25-февралындагы №04-13/59 буйругунун 10-пунктуннун негизинде, ижара коефцентин 10 кылып бекитилип берилсин.
2. Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Жаңы-Алыш айылдагы Желкилдек өрөөнүндөгү 165 га чабынды, Кызыл-Октябрь муниципалыдык ишканасына өткөрүлүп берилсин, ижарадан түшкөн каражат, Жаңы-Алыш жана Ак-Бекет айылдарынын ичүүчү таза суусунун насосторунун электроэнергиясынын төлөмдөрү үчүн колдонулсун.
3.Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 17-мартындагы №81 токтомунун негизинде, ЖЧК “Зет Цемент” ишканасына берилүүчү, ачылган породаны төгүү үчүн 16,6 га жерге келишим баасы 369104 (үч жүз алтымыш тогуз миң жүз төрт) сом жана техникалык жол салууга каралган 26,9 га жерге келишим баасы 598127 (быш жүз токсон сегиз миң жүз жыйырма жети) сом болуп бекитилсин.
4.Токтомдун аткарылышысын козомолдоо жана аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Сулайманов Н.Ж милдеттерилсин.
2026-жылдын 10-апрелинде https://kyzyl-oktyabr.gov.kg/kyzyl-oktyabr-ajyl-ajmagynyn-izhara-koeftsentin-bekit-chabyndyny-tk-r-p-ber-zhana-zhchk-zet-tsement-ishkanasyna-beril-ch-zher-tilkelerinin-baasyn-bekit-zh-n-nd/ расмий сайтында жарыяланды
Кеңештин төрагасы
А.Карамырзаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.