Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «2025-жылдын 29-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу (узундугу 3,2 км жол участогу менен 2 эстакада көпүрөсүн куруу)» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 19-марты № 338-VIII
"2025-жылдын 29-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу (узундугу 3,2 км жол участогу менен 2 эстакада көпүрөсүн куруу)" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2026-жылдын 23-февралындагы чыг. № 18-1815) "2025-жылдын 29-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу (узундугу 3,2 км жол участогу менен 2 эстакада көпүрөсүн куруу)" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрагасынын орун басары
Б.А. Ибрагимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.