Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 «Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-апрели № 238
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 «Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматынын кызматкерлерин талаптагыдай кызматтык идентификациялоону камсыз кылуу максатында, «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 11-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 «Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кызматкерлери атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүгө укуктуу болгон мамлекеттик органдардын жана уюмдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын тизмегинде:
1) 1-главанын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Атайын форма кийими – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген форма кийими (аскер кийими) жана мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атайын наамдар жана/же атайын класстык чендер ыйгарылуучу кызматкерлердин мамлекеттик органдарга таандыктыгын аныктоочу айырмалоо белгилери.»;
2) 1-главанын 2-пункту:
– төмөнкүдөй мазмундагы 21-пунктча менен толукталсын:
«21) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын:
«7) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы;»;
3) 2-главанын 2-пунктунун 3, 15-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 28 (3788) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 "Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2025 · № 813
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122