# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 239 "2013-жылдын 25-октябрында Минск шаарында кол коюлган 1995-жылдын 26-майындагы Мамлекеттер аралык валюта комитетин түзүү жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 239 "2013-жылдын 25-октябрында Минск шаарында кол коюлган 1995-жылдын 26-майындагы Мамлекеттер аралык валюта комитетин түзүү жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 239
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044293>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54051/edition/51100/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044293.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 239 "2013-жылдын 25-октябрында Минск шаарында кол коюлган 1995-жылдын 26-майындагы Мамлекеттер аралык валюта комитетин түзүү жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө" токтому (10.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044293

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 10-апрели № 239 2013-жылдын 25-октябрында Минск шаарында кол коюлган 1995-жылдын 26-майындагы Мамлекеттер аралык валюта комитетин түзүү жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Расмий тилде тиркелген 2013-жылдын 25-октябрында Минск шаарында кол коюлган 1995-жылдын 26-майындагы Мамлекеттер аралык валюта комитетин түзүү жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протокол бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 28 (3788) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
