Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айылдык кеңешинин «Төш-Булак айылы, Бапанов көчөсү №14 дарегиндеги жер тилкесинин жерге жайгаштыруу схемасын жана долбоорун жаран Джавчалышев Уран Шакирбековичке бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 8-сентябры № 01-7/65
Төш-Булак айылы, Бапанов көчөсү №14 дарегиндеги жер тилкесинин жерге жайгаштыруу схемасын жана долбоорунжаран Джавчалышев Уран Шакирбековичке бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу боюнча” 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосун бекитүү тууралуу №291 токтомуна ылайык,Сокулук районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан Сары-Өзөн айыл аймагынын Төш-Булак айылы, Бапанов көчөсү №14 дарегиндеги жер тилкесинин 2025-жылдын 22-августундагы №147-25 “Жер тилкесинин жерге жайгаштыруу схемасы жана долбоорунун” негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айыл аймагынын Төш-Булак айылы, Бапанов көчөсү №14 дарегиндеги жер тилкесинин укук белгилөөчү документи жок жаран Джавчалышев Уран Шакирбековичке Сокулук районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын 22-августундагы №147-25 жер тилкесинин жалпы аянты 3000,0 чарчы метр жерге жайгаштыруу схемасын жана долбоорун бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын айылдык кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.К.Сарбагышова тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага
М.Р. Кадыркулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.