# Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 47 "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 47 "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 47
- Кабыл алынган күнү: 08.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044277>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5735/edition/51083/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044277.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 47 "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (08.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044277

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2026-жылдын 8-апрели № 47 «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230044277/st-1)

«Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 194-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статьянын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Идентификациялык жеке номер - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте, ошондой эле күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга бир жолу ыйгарылуучу жана бул адамдарда өмүр бою өзгөрүүсүз сакталуучу жеке номер.»;

2) 71-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«71-статья. Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү

Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.».

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230044277/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 27 (3787) саны менен жарыяланды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2026-жылдын 19-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
