Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2026-жылдын 8-апрели № 47 «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
«Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 194-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Идентификациялык жеке номер - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте, ошондой эле күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга бир жолу ыйгарылуучу жана бул адамдарда өмүр бою өзгөрүүсүз сакталуучу жеке номер.»;
2) 71-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«71-статья. Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү
Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.».
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 27 (3787) саны менен жарыяланды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2026-жылдын 19-мартында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндөЗакон · 22.12.1998 · № 154
- КР Премьер-министринин 2019-жылдын 22-апрелиндеги № 210 (Сот-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган кодекстерге мыйзам актыларды шайкеш келтирүү боюнча 2019-жылга карата…Распоряжение · 22.04.2019 · № 210
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 325-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 19-мартындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 19.03.2026 · № 325-VIII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 21-январындагы № 71-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 21-январындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 21.01.2026 · № 71-VIII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 21-январындагы № 74-VIII “Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече…Постановление · 21.01.2026 · № 74-VIII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 19-марты № 327-VIII "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече…Постановление · 19.03.2026 · № 327-VIII