Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасында кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-мартындагы № 193 токтомуна)
Кыргыз Республикасында кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында коркунучтуу калдыктарды трансчек аралык ташууну мамлекеттик жөнгө салуу тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасында коркунучтуу калдыктарды трансчек аралык ташууну ишке ашыруу тартибин белгилейт.
2. Бул Тартиптин колдонулушу Базель конвенциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кооптуу деп таанылган калдыктарды ташууну ишке ашыруучу юридикалык жана жеке ишкер катары катталган жеке жактарга жайылтылат.
2-глава. Негизги түшүнүктөр
3. Бул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) кооптуу калдыктарды ташып келүүчү мамлекет - анын аймагында утилдештирүү, зыянсыздандыруу, жайгаштыруу же пайдалануу максатында кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүү пландалган же ишке ашырылып жаткан мамлекет;
2) кооптуу калдыктардын транзиттик мамлекети - кооптуу калдыктарды ташуу пландалган же ишке ашырылып жаткан, ташып келүүчү же ташып чыгуучу мамлекет болуп саналбаган кандай болбосун мамлекет;
3) кооптуу калдыктарды ташып чыгуучу мамлекет - анын аймагынан кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүү пландалган же ишке ашырылып жаткан мамлекет;
4) кызыкдар мамлекет - Базель конвенциясынын тарабы болуп саналып же саналбай тургандыгына карабастан ташып келүүчү, ташып чыгуучу же транзиттик мамлекет;
5) калдыктарды көмүү - булгагыч заттардын айлана-чөйрөгө түшүп кетүүсүн алдын алууга багытталган жана аларды андан ары пайдаланууну карабаган атайын сактагычтарда калдыктарды обочолонтуу;
6) кооптуу калдыктарды ташып келүүчү жак (импорттоочу) - кооптуу калдыктарды ташып келүүнү уюштуруучу, ташып келүүчү мамлекеттин юрисдикциясында турган юридикалык же жеке жак, анын ичинде жеке ишкер;
7) кооптуу калдыктарды ташып чыгуучу жак (экспорттоочу) - кооптуу калдыктарды ташып чыгууну уюштуруучу, ташып чыгуучу мамлекеттин юрисдикциясында турган юридикалык же жеке жак, анын ичинде жеке ишкер;
8) ыйгарым укуктуу орган - кооптуу калдыктарды ташып келүүгө, ташып чыгууга жана транзиттөөгө эксперттик корутунду берүүгө жана кооптуу калдыктарды трансчек аралык ташуу жөнүндө кызыкдар мамлекеттерге билдирүү берүүгө ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
9) лицензия берүүчү - кооптуу калдыктарды ташып келүүгө жана ташып чыгууга лицензия берүүгө ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
10) лицензия - I-V кооптуу класстагы калдыктарды ташууну (анын ичинде трансчек аралык), иштетүүнү, кайра иштетүүнү, зыянсыздандырууну, жок кылууну, сактоону, көмүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу күбөлөндүрүүчү документ;
11) калдыктар менен иштөө - калдыктарды чогултуу, ташуу, кайра иштетүү, утилдештирүү, зыянсыздандыруу жана жайгаштыруу менен байланышкан иштин бардык түрлөрү;
12) кооптуу калдыктар - курамында кооптуу касиетке ээ болгон заттарды камтыган жана адамдардын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө өз алдынча, ошондой эле башка заттар менен байланышканда түздөн-түз же потенциалдуу коркунуч келтирүүчү санда жана түрдө болгон өндүрүш жана керектөө калдыктары;
13) керектөө калдыктары - физикалык же моралдык эскирүүдөн улам керектөө сапатын жоготкон буюмдар, материалдар жана заттар. Керектөө калдыктарына адамдардын жашоо тиричилик процессинде пайда болгон катуу тиричилик калдыктары да кирет;
14) өндүрүш калдыктары - продукция өндүрүү же жумуш аткаруу процессинде пайда болгон жана керектөө касиеттерин толугу менен же жарым-жартылай жоготкон материалдардын, сырьёнун, жарым фабрикаттардын калдыктары, ошондой эле өндүрүш процессинде пайда болгон жана бул өндүрүштө колдонулбаган кошумча заттар;
15) кооптуу калдыктардын паспорту - I-V кооптуу класстагы калдыктардын сандык жана сапаттык мүнөздөмөсүн күбөлөндүрүүчү документ;
16) кооптуу калдыктарды ташуучу - кооптуу калдыктарды ташууну жүзөгө ашыруучу юридикалык же жеке жак, анын ичинде жеке ишкер;
17) калдыктарды кайра иштетүү - калдыктарды экинчи сырьего же энергияга айландыруунун экологиялык жактан коопсуз ыкмасы;
18) калдыктарды өндүрүүчү - экономикалык иши, жашоо тиричилиги калдыктардын пайда болушуна алып келген юридикалык же жеке жак, анын ичинде жеке ишкер;
19) калдыктарды жайгаштыруу - калдыктарды сактоо жана көмүү боюнча кандай болбосун операция;
20) технологиялык регламент - калдыктарды кайра иштетүү/утилдештирүү технологиялык процессинин операцияларын жүргүзүү тартибин аныктоочу уюмдун техникалык документи;
21) кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүү - кооптуу калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагына (аркылуу) кандай болбосун ташуу;
22) калдыктарды ташуу - Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары калдыктарды өткөрүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;
23) калдыктарды трансчек аралык өткөрүү үчүн билдирүү - Базель конвенциясынын жана ушул Тартипке 4-тиркеменин талаптарына ылайык таризделген документ;
24) калдыктарды утилдештирүү - товарларды (продукцияны) өндүрүү, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү, энергия алуу үчүн калдыктарды пайдалануу.
Ушул Тартипте пайдаланылган башка түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык колдонулат.
3-глава. Жалпы талаптар
4. Кооптуу калдыктарды трансчек аралык ташууда экологиялык коопсуздуктун талаптарын сактоо максатында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) жеке жактар тарабынан кооптуу калдыктарды жеке пайдалануу үчүн товар катары ташып келүүгө жана ташып чыгууга;
2) ушул Тартипке 1-тиркемеде көрсөтүлгөн калдыктарды ташып келүүгө жана транзиттөөгө;
3) Кыргыз Республикасынын аймагында көмүү, зыянсыздандыруу максатында калдыктарды ташып келүүгө;
4) ушул Тартипке 1, 2-тиркемелерде көрсөтүлгөн кооптуу калдыктарды төмөнкү мамлекетке ташып чыгууга:
- мындай калдыктарды ташып келүүгө тыюу салган;
- калдыктарды утилдештирүү же көмүү экологиялык жактан коопсуз ыкма менен жүзөгө ашырылары ырасталбаган;
- Базель конвенциясынын тарабы болуп саналбаган, мамлекет калдыктарды трансчек аралык ташуу жөнүндө кандайдыр бир эки тараптуу, көп тараптуу же региондук макулдашуунун же келишимдин тарабы болуп саналган учурларды кошпогондо.
5. Ушул Тартипке карата 1, 2-тиркемелерде көрсөтүлгөн кооптуу калдыктарды ташып чыгуу, ошондой эле 2-тиркемеде көрсөтүлгөн кооптуу калдыктарды ташып келүү жана транзиттөө ушул Тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
6. Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) бажы аймагына кооптуу калдыктарды ташып келүү жана ташып чыгуу Кыргыз Республикасында ЕАЭБдин бажы аймагында тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулуучу товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген кооптуу калдыктарды ташып келүүгө жана/же ташып чыгууга айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын оң эксперттик корутундусунун негизинде лицензия болгондо жүзөгө ашырылат.
7. ЕАЭБдин бажы аймагы аркылуу Кыргыз Республикасына кооптуу калдыктарды транзиттөө ушул Тартипке 4-тиркемеге ылайык калдыктарды трансчек аралык өткөрүүлөр/жеткирүүлөр жөнүндө билдирүүгө ыйгарым укуктуу органдын оң жообу болгондо жүзөгө ашырылат.
8. Кыргыз Республикасында ЕАЭБдин бажы аймагына калдыктарды ташып келүүгө аларды кайра иштетүү максатында гана жол берилет.
4-глава. Кооптуу калдыктарды трансчек аралык ташууга эксперттик корутунду берүү тартиби
9. Кооптуу калдыктарды трансчек аралык ташууга эксперттик корутунду компетенттүү орган тарабынан белгиленген тартипте берилет.
10. Эксперттик корутунду кооптуу калдыктардын бир партиясына же кызыкдар мамлекеттердин жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо Кыргыз Республикасында ЕАЭБдин бажы чек арасынан бир нече жолу өтүүнү талап кылса, кооптуу калдыктарды партиялар менен трансчек аралык ташуу жүзөгө ашырылган учурда бир жылга берилет, эгерде төмөнкү шарттарда аткарылса:
1) калдыктар бирдей физикалык жана химиялык касиеттерге ээ жана бир эле контракт боюнча, калдыктарды пайдалануу же көмүү үчүн жооптуу болгон бир эле уюм тарабынан үзгүлтүксүз жеткирилип турат;
2) калдыктарды чыгарууга байланышкан бажы операциялары бир эле бажылык тариздөө жеринде жасоо жана калдыктарды өткөрүү Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан аныкталган Кыргыз Республикасында ЕАЭБдин бажы чек арасындагы бир эле бажы өткөрүү пункту аркылуу жүзөгө ашырылат;
3) кызыкдар мамлекеттер ыйгарым укуктуу органга эксперттик корутундунун колдонуу мөөнөтүнө тиешелүү мамлекеттердин аймактары боюнча кооптуу калдыктарды көп жолу ташып келүүгө, ташып чыгууга жана/же транзиттөөгө жазуу жүзүндө уруксат (макулдук) берет.
11. Эксперттик корутунду арыз ээси же анын тиешелүү ыйгарым укуктарын ырастаган жазуу жүзүндөгү ырастамасы бар өкүлү ыйгарым укуктуу органга төмөнкү документтерди бергенде берилет:
1) Кыргыз Республикасынын кооптуу калдыктарынын классификаторуна ылайык калдыктын аталышын, анын санын, ЕАЭБдин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасынын кодун жана калдыктарды трансчек аралык өткөрүүгө катышкан кызыкдар мамлекеттердин тизмесин көрсөтүү менен кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүүгө эксперттик корутунду берүү жөнүндө арыз, ташуу маршрутун көрсөтүү менен;
2) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (устав, уюштуруу келишими, чечим), арыз ээсин юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү же жаранды жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
3) экспорттоочу менен өндүрүүчүнүн же импорттоочу менен кооптуу калдыктарды керектөөчүнүн ортосундагы келишимдин (контракттын) көчүрмөсү (эгерде арыз ээси ортомчу болуп чыкса);
4) кооптуу калдыктарды ташууга келишимдин (контракттын) көчүрмөсү;
5) экспорттоочу (импорттоочу) жана кооптуу калдыктарды жок кылууга жооптуу адамдын ортосундагы кооптуу калдыктарды экологиялык жактан коопсуз пайдалануу макулдашылган келишимдин (контракттын) көчүрмөсү;
6) ушул Тартипке 4-тиркемеге ылайык мамлекеттик же расмий тилде жана импорттоочу/экспорттоочу/транзиттөөчү мамлекет үчүн ыңгайлуу тилде таризделген калдыктарды трансчек аралык өткөрүү жөнүндө билдирүү (үч нускада);
7) ушул Тартипке 5-тиркемеге ылайык таризделген кооптуу калдыктарды ташуу жөнүндө документ (үч нускада);
8) кооптуу калдыктарды пайдалануу үчүн техникалык (технологиялык) мүмкүнчүлүктөрдүн бар экендиги жөнүндө маалымат (кооптуу калдыктарды сырье катары пайдалануу мүмкүнчүлүгүн ырастаган технологиялык регламенттен көчүрмө же кооптуу калдыктардын же алардын калдыктарынын пайда болушуна жол бербеген мындай тартуу мүмкүнчүлүгүн ырастаган башка документ) (кооптуу калдыктар ташылып келген учурда);
9) кооптуу калдыктарды трансчек аралык ташууда камсыздандырууну, күрөөнү же башка кепилдикти ырастаган документтин көчүрмөсү.
12. Чет тилдеги документтер экспорттоочу же импорттоочу тарабынан мамлекеттик же расмий тилдерге белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн котормолорун тиркөө менен берилет. Документтердин берилген көчүрмөлөрүнүн ар бир барагы арыз ээсинин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш, же болбосо документтердин көчүрмөлөрү көктөлүп, арыз ээсинин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
13. Арыз жана документтер (маалыматтар) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн. Документтерди (маалыматтарды) арыз ээсинин электрондук санариптик кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн сканерленген документтер түрүндө берүүгө жол берилет, эгерде бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралса.
14. Эксперттик корутунду берүүдөн төмөнкү негиздер болгондо баш тартылат:
1) ушул Тартиптин 11-пунктунда каралган документтер берилбегенде;
2) арыз ээси корутунду (уруксат берүүчү документ) алуу үчүн берген документтерде толук эмес же анык эмес маалыматтар болгондо;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Базель конвенциясында каралган башка негиздерде.
15. Көрсөтүлгөн документтер берилгенде ыйгарым укуктуу орган жети жумуш күндүн ичинде импорттоочу мамлекеттин компетенттүү органына кооптуу калдыктарды трансчек аралык ташуу жөнүндө билдирүүнү (кагаз жана/же электрондук түрдө) жана транзиттик мамлекеттердин компетенттүү органдарына ушул Тартиптин 11-пунктунда көрсөтүлгөн импорттоочу жана/же транзиттөөчү мамлекеттердин ыңгайлуу тилиндеги документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен жөнөтөт. Кызыкдар тараптардан кошумча маалыматтарды сураган учурда ыйгарым укуктуу орган документтердин (маалыматтардын) топтомун импорттоочу жана/же транзиттөөчү мамлекеттердин компетенттүү органдарына (кагаз жана/же электрондук түрдө) жөнөтөт.
16. Ыйгарым укуктуу орган импорттоочу жана/же транзиттөөчү мамлекеттин кооптуу калдыктарды өткөрүү жөнүндө макулдугун алгандан кийин, документтер алынган күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде ушул Тартипке 3-тиркемеге ылайык форма боюнча калдыктарды трансчек аралык ташууга корутундуну тариздейт, арыз ээсине берет жана ошол эле учурда лицензия берүүчүгө эксперттик корутундунун берилгендиги жөнүндө жазуу жүзүндө билдирет. Жогоруда көрсөтүлгөн эксперттик корутунду бир жолку болуп саналат жана берилгенден кийин оңдолбойт.
5-глава
ЕАЭБдин бажы аймагына/аймагынан карата тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган Товарлардын бирдиктүү тизмесине киргизилген кооптуу калдыктарды экспорттоого жана/же импорттоого лицензия берүү тартиби
17. Үчүнчү өлкөлөр менен соодада тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулуучу Товарлардын бирдиктүү тизмесине кирген кооптуу калдыктарды экспорттоого жана/же импорттоого лицензия (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге № 7 тиркеме) лицензия берүүчү тарабынан Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө мыйзамдарына жана ЕАЭБдин лицензиялоо чөйрөсүндөгү укугун түзгөн актыларына ылайык берилет.
18. ЕАЭБдин бажы аймагына/аймагынан кооптуу калдыктарды экспорттоого жана/же импорттоого лицензия Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына, ошондой эле эл аралык келишимдердин негизинде анын чегинен тышкары да жайылтылат, мөөнөттүү, бир жолку болуп саналат.
19. Бир жолку лицензиянын колдонуу мезгили бир жылдан ашпоого тийиш. Бир жолку лицензиянын колдонуу мөөнөтү тышкы соода контрагынын (келишиминин) колдонуу мөөнөтү же лицензия берүү үчүн негиз болуп саналган документтин колдонуу мөөнөтү менен чектелиши мүмкүн.
20. Лицензияны тариздөө үчүн арыз ээси же анын тиешелүү ыйгарым укуктарын ырастаган жазуу жүзүндөгү ырастоосу бар өкүлү төмөнкү документтерди жана маалыматтарды берет:
1) товарлардын айрым түрлөрүн экспорттоого жана/же импорттоого лицензия берүүгө арызды тариздөө жана мындай лицензияны тариздөө жөнүндө нускамага ылайык толтурулган жана таризделген лицензия берүү жөнүндө арыз (мындан ары - арыз);
2) тышкы соода келишиминин (контракттын) көчүрмөсү, ага тиркемелер жана/же толуктоолор (бир жолку лицензия үчүн), ал эми тышкы соода келишими (контракт) жок болгон учурда - тараптардын ниеттерин ырастаган башка документтин көчүрмөсү;
3) жеке жак үчүн ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү;
4) юридикалык жак жана жеке ишкер үчүн мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
5) арызды кароо жана лицензия жана/же уруксат берүү үчүн лицензиялык жыйымды төлөгөндүгүн ырастаган документтин көчүрмөсү;
6) ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген кооптуу калдыктарды трансчек аралык ташууга эксперттик корутундунун көчүрмөсү.
21. Ушул Тартиптин 20-пунктунда көрсөтүлгөн документтер арыз ээси тарабынан мамлекеттик же расмий тилде берилет жана көктөлүп, номер коюлууга тийиш.
22. Чет өлкөлүк жактар тарабынан берилген документтер алар жасалган мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан легалдыштырылууга же апостиль коюлууга тийиш.
23. Лицензия же уруксат алууга электрондук түрдө лицензия берүүчүнүн маалыматтык системалары (ИСЕО) аркылуу арыз берүүдө арыз ээси белгиленген форма боюнча арызды толтурат жана бир эле учурда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген ЕАЭБдин бажы аймагына кооптуу калдыктарды ташып келүү жана ЕАЭБдин бажы аймагынан ташып чыгуу жөнүндө жободо каралган документтердин электрондук (сканерден өткөрүлгөн) көчүрмөлөрүн тиркейт. Спецификалык товарларды импорттоого, экспорттоого же транзиттөөгө лицензия же уруксат алууга арызды тариздөөдө электрондук арыз Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2014-жылдын 6-ноябрындагы № 199 чечими менен бекитилген нускамага ылайык толтурулат.
24. Арыз ээси арызда бул жөнүндө көрсөтүү менен лицензия берүүчүгө электрондук лицензия жана/же уруксат берүү жөнүндө кайрыла алат.
25. Лицензия берүү же аны берүүдөн баш тартуу лицензия берүүчү тарабынан документтер берилген датадан тартып 30 жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
Лицензия берүүдөн баш тартууга төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) арыз ээси лицензия алуу үчүн берген документтерде толук эмес же анык эмес маалыматтардын болушу;
2) ушул Тартиптин 20-23-пункттарында каралган талаптардын сакталбашы;
3) лицензия берүү үчүн негиз болуп саналган бир же бир нече документтин колдонуусунун токтотулушу же токтото турулушу;
4) мүчө мамлекеттердин келишимди (контрактты) аткаруунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн болгон эл аралык милдеттенмелеринин бузулушу, анын ишке ашырылышы үчүн лицензия суралат;
5) Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө мыйзамдарында жана лицензиялоо чөйрөсүндөгү ЕАЭБдин укугун түзгөн актыларда каралган башка негиздер.
26. Лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим жүйөлүү болууга тийиш жана арыз ээсине жазуу жүзүндө же электрондук документ түрүндө берилиши керек.
27. Лицензия берүүчү менен бажы органдарынын электрондук документ түрүндө берилген лицензиялардын аткарылышын контролдоо боюнча өз ара аракеттенүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
28. Ушул Тартиптен келип чыгуучу иш-чаралар ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген штаттык санынын чегинде, ошондой эле тиешелүү жылга каралган бюджеттин алкагында жүзөгө ашырылат.
6-глава. Лицензиялык талаптар
29. Калдыктарды трансчек аралык ташууда лицензиат төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын калдыктар менен иштөө жана кооптуу жүктөрдү ташуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын сактоого;
2) кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүүгө эксперттик корутундуга ээ болууга;
3) импорттук (экспорттук) операцияны ишке ашыруу жөнүндө отчеттуулукту берүүгө;
4) лицензиялык контролду жүзөгө ашыруу үчүн лицензия берүүчүнүн ыйгарым укуктуу кызмат адамдарына кооптуу калдыктарды ташууну жүзөгө ашыруучу транспорт каражаттарына, кооптуу калдыктарга жана алар менен байланышкан документтерге тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга;
5) кооптуу калдыктарды экологиялык жактан коопсуз ыкма менен ташууга.
30. Кооптуу калдыктарды ташууга химиялык заттарды маркалоонун жана классификациялоонун эл аралык системасына ылайык келген маркалоосу бар атайын жабдылган транспорт каражаттары менен гана жол берилет.
31. Кооптуу калдыктарды транспорттун конкреттүү түрлөрү (автомобиль, темир жол, суу жана башка) менен ташуунун тартиби, жүктөө-түшүрүү иштерин аткарууга карата талаптар жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча башка зарыл талаптар Кыргыз Республикасынын кооптуу жүктөрдү ташуу жөнүндө мыйзамдары менен аныкталат.
32. Өндүрүш калдыктарын ташуу ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык өндүрүш калдыктарын трансчек аралык ташуу жөнүндө коштоочу документ болгондо жол берилет.
33. Транспорт каражатына калдыктар жүктөлгөн жана аларды кооптуу калдыктарды ташууну жүзөгө ашыруучу уюм же жеке жак кабыл алган учурдан тартып жана белгиленген жерге транспорттук каражаттан түшүрүлгөнгө чейин кооптуу калдыктар менен коопсуз мамиле кылуу үчүн юридикалык жоопкерчиликти ушул транспорт каражаты таандык болгон транспорттук уюм көтөрөт.
7-глава. Аткаруу жөнүндө отчеттуулук
34. Экспорттоочу/импорттоочу ыйгарым укуктуу органга кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүүнүн жана аларды жок кылуунун башталган күнү жөнүндө кооптуу калдыктарды ташуу жөнүндө документти ыйгарым укуктуу органга берүү аркылуу кабарлоого милдеттүү.
35. Бир жолку лицензиялардын лицензиаттары лицензиянын колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин 15 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга лицензиянын аткарылышы жөнүндө маалымкат берүүгө милдеттүү.
36. Ыйгарым укуктуу орган Базель конвенциясынын катчылыгына кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүүнү жүзөгө ашыруу жөнүндө кабарлайт.
8-глава. Мамлекеттик жана лицензиялык көзөмөл
37. Кооптуу калдыктарды трансчек аралык ташууну мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө бажы, экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле укук коргоо органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
38. Кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүүнү мамлекеттик контролдоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) уюмдар тарабынан ушул Тартиптин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын контролдоо;
2) уюмдар тарабынан кооптуу калдыктарды трансчек аралык ташууда Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптардын, анын ичинде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык каралган талаптардын сакталышын контролдоо;
3) кооптуу калдыктарды трансчек аралык ташууну жүзөгө ашыруу жөнүндө маалыматты, ошондой эле кооптуу калдыктарды мыйзамсыз трансчек аралык ташуу менен байланышкан авариялар жана учурлар жөнүндө маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу жана талдоо.
39. Лицензиялык контролдоо Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
40. Лицензия берүүчү төмөнкү учурларда лицензиянын колдонуусун токтотуу же токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу:
1) лицензиаттын лицензиянын жана/же уруксаттын колдонуусун токтотуу жөнүндө арызы менен кайрылуусу;
2) лицензиаттын ишинин токтотулушу;
3) юридикалык жактын жоюлушу;
4) жеке жактын белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылышы же анын өлүмү;
5) лицензиянын жана/же уруксаттын колдонуу мөөнөтүнүн аякташы;
6) иштин айрым түрүн лицензиялануучу иштин түрлөрүнүн тизмегинен алып салынышы;
7) лицензия жана/же уруксат берилген иш-аракеттердин, операциялардын толук көлөмдө аткарылышы;
8) лицензияны жана/же уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;
9) лицензияда/тиркемеде көрсөтүлгөн иш жүзүндө дарекке дал келбеген дарек боюнча иш жүргүзүү.
41. Лицензия берүүчүнүн лицензиянын колдонуусун токтотуу жөнүндө чечими лицензиатка ал кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө жеткирилет.
42. Лицензиянын жана/же уруксаттын колдонуусу лицензия берүүчү лицензиянын жана/же уруксаттын колдонуусун токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып же лицензияны жана/же уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат.
9-глава. Кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүүдөгү жоопкерчилик
43. Ушул Тартипте белгиленген талаптарды бузган, ошондой эле калдыктарды трансчек аралык мыйзамсыз ташууга жол берген уюм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Базель конвенциясынын ченемдерине ылайык жоопкерчилик тартат.
44. Кооптуу калдыктарды импорттоочу (экспорттоочу) же Кыргыз Республикасына калдыктарды ташып кирүүчү жана/же Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен өткөрүүчү алар ыйгарым укук берген жактар аларды ташып кирүүдө жана/же транзит менен өткөрүүдө зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчилик тартат жана келтирилген зыяндын ордун толтурууну камсыз кылууга милдеттүү.
45. Эгерде экспорттоочунун же өндүрүүчүнүн аракеттеринин натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагына (аркылуу) калдыктарды мыйзамсыз трансчек аралык ташуу ишке ашырылса, экспорттоочу же өндүрүүчү экспорттоочу мамлекетке калдыктарды өз эсебинен кайтарууну камсыз кылат.
46. Эгерде кызыкдар мамлекеттер ушул Тартипке ылайык эксперттик корутунду берген калдыктарды трансчек аралык өткөрүү калдыктарды кайра иштетүү, утилдештирүү жана импорттоочу мамлекеттин аймагына ташуу боюнча контракттын шарттарын сактоо менен аякташы мүмкүн эмес болсо, экспорттоочу импорттоочу мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы бул жөнүндө экспорттоочу мамлекеттин же өндүрүүчүнүн (экспорттоочунун) ыйгарым укуктуу органына жана Базель конвенциясынын катчылыгына маалымдагандан тартып 90 күндөн кечиктирбестен же кызыкдар тараптар макулдашкан башка мөөнөттө калдыктарды кайра ташып чыгууга милдеттүү.
Кыргыз Республикасында кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу тартибине 1-тиркеме
Ташып кирүүгө тыюу салынган кооптуу калдыктар
№
Товардын аталышы
ЕАЭБ ТЭИ ТН коду
1989-жылдын 22-мартындагы Кооптуу калдыктарды трансчек аралык ташууну жана аларды жок кылууну контролдоо жөнүндө Базель конвенциясынын классификациясы боюнча калдыктын түрүнүн коду
А жана В калдык-тарынын бирик–тирилген тизмеси
Жөнгө салынуу-чу Y калдык-тарынын негизги тизмеси
1
Курамына компонент же булгоочу катары төмөнкү заттардын кайсынысы болбосун кирген калдыктар: мышьяк, мышьяктын кошулмалары; сымап, сымаптын кошулмалары (сымап лампаларын жана люминесценттик түтүктөрдү кошпогондо)
2805 40 ичинен; 7204 ичинен; 7404 00 ичинен;
7503 00 ичинен;
7602 00 ичинен; 7802 00 000 0 ичинен;
7902 00 000 0 ичинен; 8002 00 000 0 ичинен; 8101 97 000 0 ичинен; 8102 97 000 0 ичинен; 8103 30 000 0 ичинен; 8104 20 000 0 ичинен; 8105 30 000 0 ичинен; 8106 90 000 0 ичинен; 8108 30 000 0 ичинен; 8109 31 000 0 ичинен; 8109 39 000 0 ичинен; 8110 20 000 0 ичинен; 8111 00 190 0 ичинен; 8112 13 000 0 ичинен; 8112 22 000 0 ичинен; 8112 31 000 0 ичинен; 8112 41 000 1 ичинен; 8112 52 000 0 ичинен; 8112 61 000 0 ичинен; 8112 92 210 1 ичинен; 8112 92 210 8 ичинен; 8113 00 400 0 ичинен
А1030
Y24
Y29
2
Магнийдин чаңы
8104 20 000 0 ичинен; 8104 30 000 0 ичинен; 8104 90 000 0 ичинен
3
Бериллийди жана анын кошулмаларын камтыган металлургиялык өндүрүштөрдүн жана айнек өндүрүшүнүн чаңы
2620 91 000 0 ичинен
Y20
4
Коргошун жана анын кошулмаларын камтыган чаң
2620 29 000 0 ичинен
Y31
5
Ванадийдин кошулмаларын камтыган чаң
2620 99 950 9 ичинен
6
Гальваникалык тунмалар
2620 ичинен; 2837 ичинен
А1050
Y17, Y7, Y21, Y22, Y23, Y26, Y33
7
Металлдарды, мышьякты же алардын кошулмаларын камтыган шлак, күл жана калдыктар (кара металлдарды өндүрүүдө пайда болгондордон тышкары), анын ичинде:
1) металл калдыктары жана төмөндө саналып өткөн заттардын кайсынысынын болбосун эритмелеринен турган калдыктар:
мышьяк, бериллий, коргошун, сымап; марганецтин электролиттик эки кычкылын өндүрүүдөн чыккан марганец шламдары; жез өндүрүүдөгү мышьяктуу кек; мышьяк-калий кеги калай өндүрүү; коргошун өндүрүүдөгү арсенат-кальций калдыктары; күкүрт кислотасын өндүрүүдөн чыккан селен-сымап шламы; коргошундун, никелдин, кадмийдин гидроксиддеринин шламы; ацетофенондун аралашмасы менен алюминий хлоридинин калдыктары; цинкти иштетүүдөн кийинки шлам (щелок), чаң жана тунмалар; изоляцияланган жез зымды өрттөөдөн калган күл; металлдарды тазалоо үчүн эритмелер, гидравликалык суюктуктар, тормоз суюктуктары жана антифриздер; коргошун жана кадмий камтылган цинк калдыктары; жезди электролиттик бөлүп алуу жана тазалоо процесстеринен чыккан иштетилген электролит эритмелери; жез камтылган иштетилген травиль эритмелери; бөлүктөргө ажыратылбаган иштетилген коргошун-кислоталуу аккумуляторлор; катод-нур түтүктөрүнөн чыккан айнектин калдыктары жана активдүү каптамасы бар башка айнек калдыктары; асбесттин чаң жана була түрүндөгү калдыктары; асбест камтыган, мурда пайдаланылган асбоцементтен, целлюлоза буласы бар цементтен же ушуларга окшош материалдардан жасалган буюмдар; физика-химиялык мүнөздөмөлөрү боюнча асбестке окшош айнек буласынын калдыктары; иштетилген сымап лампалары жана люминесценттик түтүктөр; арсин же фосфин аралашмасы менен, 50 %дан ашык иштетилген сорбенттер; калдыктарды өрттөөчү орнотмолордон чыккан шлактар жана күлдөр (анын ичинде учма күл жана чаң); пиролиз орнотмолорунан чыккан шлактар жана күлдөр;
2) мунай коксу менен битумду өндүрүүдөн же кайра иштетүүдөн чыккан калдыктар (пиролиз чайырын кошпогондо), анын ичинде:
кычкыл чайыр, кычкыл деготь;
күкүрт кислотасын жана чайырланган сульфирленген кошулмаларды камтыган майларды тазалоодон чыккан кычкыл гудрон; күкүрт кислотасын жана оор органикалык сульфонаттарды камтыган сульфонат кошулмаларын (ак майларды сульфирлөө) өндүрүүдөн чыккан кычкыл гудрон; күкүрт кислотасын, жыпар жыттуу кошулмаларды жана сульфокислоталар-ды камтыган жыпар жыттуу көмүрсуутектерди тазалоодон чыккан кычкыл гудрон; күкүрт кислотасын, органикалык кошулмаларды камтыган парафиндерди тазалоодон чыккан кычкыл гудрон; коксхимия өндүрүшүнүн бензолду ректификациялоо цехинин сульфат бөлүмүнөн чыккан кычкыл чайыр; кычкыл чайырларды кайра иштетүүдөн калган калдыктар; кокс жана газ заводдорунун шламдары;
3) иштетилген мунай продуктулары, анын ичинде:
этилирленген бензиндин жана этилирленген антидетонациялык аралашманын шламдары; коргошундуу антидетонаторлор-ду камтыган калдыктар
2620 ичинен;
3825 50 000 0 ичинен;
7902 00 000 0 ичинен;
3825 69 000 0 ичинен;
3825 50 000 0 ичинен;
8549 11 000 0 ичинен;
7001 00 100 0 ичинен; 8549 31 000 1 ичиенен; 8549 91 000 1 ичинен;
2524 ичинен; 6812 ичинен;
681140 000 ичинен;
7019 ичинен;
8539 ичинен; 8540 ичинен;
3802 ичинен; 2818 ичинен; 3824 ичинен; 2842 ичинен;
2621 ичинен;
2621 ичинен;
2713 90 ичинен; 3825 ичинен;
2620 21 000 0 ичинен; 2710 ичинен; 3811 11 ичинен;
2710 ичинен; 3811 11 ичинен
А1010
А1030
А1030
А1030
А1070
А1090
А1060
А1080
А1110
А1130
А1160
А2010
А2050
А3010 А3030 А3190
А3030
A3030
Y20, Y24, Y29, Y31
Y24
Y24
Y24
Y25, Y29
Y31, Y26
Y15
Y17
Y26 Y31
Y34 Y35
Y22
Y31
Y36
Y29
Y24
Y18
Y11
Y11, Y39
Y11
Y11
Y11
Y11
Y11
Y11
Y11
Y39
Y31
8
Адамдарда жана жаныбарларда жугуштуу оорулардын козгогучтарын камтыган теринин же аң-тери чийки затынын калдыктары
0511 99 100 0 ичинен; 4101 ичинен – 4103 ичинен; 4301 ичинен; 4115 20 000 0 ичинен
А3110
Y21
Y4
9
Органикалык фосфор кошулмаларын камтыган калдыктар
3101 00 000 0 ичинен; 3825 61 000 0 ичинен
А3130
Y37
10
Фторорганикалык кошулмалардын калдыктары
2903 ичинен; 3825 61 000 0 ичинен
Y45
11
Хлорорганикалык кислоталарды өндүрүүдөн чыккан калдыктар
2915 ичинен; 2916 ичинен; 2917 ичинен; 2918 ичинен
Y45
12
Галогенделбеген органикалык эриткичтердин жана алардын аралашмаларынын калдыктары
3825 61 000 0 ичинен; 3825 ичинен
А3140
Y42
13
Галогенделген органикалык эриткичтердин жана алардын аралашмаларынын калдыктары
3825 41 000 0 ичинен
А3150
Y41
14
Полихлорлонгон дифенил (ПХД), полихлорлонгон терфенил (ПХТ), полихлорлонгон нафталин (ПХН) же полибромдолгон дифенил (ПБД) камтылган же алар менен булганган заттардын жана буюмдардын калдыктары, анын ичинде концентрациясы 50 мг/кг жана андан жогору деңгээлде болгондо ушул кошулмалардын башка полибромдолгон аналогдору
3825 ичинен
А3180
Y10
15
Органикалык материалдарды рафинациялоодо, дистилляциялоодо же башка пиролитикалык иштетүүдө пайда болгон чайырлуу тунмалар түрүндөгү калдыктар (асфальт бириктиргичтерден башкасы)
3825 ичинен
А3190
Y11
16
Фенолду камтыган чайырлуу фустар (сланецтерди кайра иштетүүнүн калдыктары)
2706 00 000 0 ичинен
17
Төмөнкү материалдардан чыккан резина калдыктары, эгерде алар башка калдыктар менен аралашпаса, анын ичинде:
1) эскирген камералар;
2) катуу резина калдыктары (мисалы, эбонит)
4013 ичинен;
4017 00 000 9 ичинен
В3040
В3140
В3040
18
Төмөнкү заттардын кайсынысынан болбосун турган же бул заттар менен булганган калдыктар:
1) полихлорлонгон дибензофурандын кайсы болбосун аналогу;
2) полихлорлонгон дибензодиоксиндин кайсы болбосун аналогу
3825 ичинен
3825 ичинен
А4110
Y43
Y44
19
Полихлорлонгон же полибромдолгон дифенилдерди камтыган заттар менен булганган таңгактоочу таралардын жана контейнерлердин калдыктары:
1) пластмассадан;
2) жыгачтан;
3) кагаздан жана картондон;
4) айнектен (айнек сыныктарысыз);
5) кара металлдардан
3915 ичинен; 3923 ичинен; 4401 39 000 0 ичинен; 4401 41 000 0 ичинен; 4401 49 000 0 ичинен; 4415 ичинен; 4707 ичинен; 4819 ичинен; 7010 ичинен;
7204 ичинен
А4130
20
Химиялык текстиль материалдарынан жасалган полго төшөлмө калдыктар
5701 90 ичинен; 5702 32 ичинен; 5702 42 ичинен; 5702 50 310 0 ичинен; 5702 50 390 0 ичинен; 5702 92 100 0 ичинен; 5702 92 900 0 ичинен; 5703 21 000 ичинен; 5703 29 000 ичинен; 5703 31 000 ичинен; 5703 39 000 ичинен; 5705 00 300 0 ичинен
21
Фармацевтттик продукцияны, жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен* дары-дармек каржаттарын кошкондо, анын ичинде жаныбарларды дарылоо үчүн арналган дары-дармек каражаттарын өндүрүүнүн, даярдоонун жана колдонуунун калдыктары
2106 90 980 3 ичинен; 2901 – 2942 00 000 0 ичинен; 3006 92 000 0 ичинен; 3824 99 610 0 ичинен
А4010
Y2
Y3
22
Клиникалык жана аны менен байланышкан калдыктар (медициналык, ветеринардык же башка ушуга окшош иштердин калдыктары; бейтаптарды кароонун, текшерүүнүн жана дарылоонун жүрүшүндө же илимий изилдөө иштеринде ооруканаларда жана башка мекемелерде пайда болгон калдыктар)
3825 30 000 0 ичинен
А4020
Y1
Y3
23
Биоциддерди жана фитофармацевттик препараттарды, анын ичинде стандартка ылайык келбеген, жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен** же алгачкы пландалган колдонууга жараксыз пестициддерди жана гербициддерди өндүрүүнүн жана колдонуунун калдыктары
3808 ичинен; 3825 61 000 0 ичинен
А4030
Y4
24
Өсүмдүктөрдү тазалоо жана аларды зыянкечтерден коргоо каражаттарынын өндүрүшүнүн калдыктары
3825 61 000 0 ичинен
Y45
25
Жыгачтын** химиялык консерванттарын өндүрүүнүн жана колдонуунун калдыктары (сымап кошулмаларын кошпогондо):
1) креозот майы;
2) битум пасталары; 3) фторлуу натрий;
4) кремний фторлуу натрий;
5) жез купоросу;
6)натрий динитрофенолаты; 7) антрацен майы;
8) шпалга сиңирүү үчүн колдонулган сланец майы
2707 91 000 0; 2713 20 000 0; 2826 19 100 0 ичинен; 2826 90 800 0 ичинен; 2833 25 000 0; 2908 99 000 0 ичинен; 2707 99; 2714 90 000 0 ичинен
A4040
Y5
26
Стандартка ылайык келбеген, жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен же ушундай заттардан турган химиялык заттарды (реагенттерди) камтыган калдыктар
28 топтун ичинен; 29 топтун ичинен; 3825 ичинен
А4140
27
Табияты азырынча аныктала элек жана/же жаңы болуп эсептелген жана алардын адамдын ден соолугуна жана/же айлана-чөйрөгө тийгизген таасири азырынча белгисиз болгон, изилдөөлөрдүн жана иштеп чыгуулардын же окутуу ишинин натыйжасы болуп эсептелген химиялык заттардын калдыктары
28 топтун ичинен; 29 топтун ичинен; 3825 ичинен
А4150
Y14
*Өндүрүүчү тарабынан белгиленген мөөнөттө колдонулбаган зат.
** Консерванттар менен иштетилген жыгачтан тышкары.
Эскертүү:
1. Ушул бөлүмдүн максаттары үчүн ЕАЭБ ТЭИ ТН кодун, ошондой эле товардын аталышын (физикалык жана химиялык мүнөздөмөлөрүн) жетекчиликке алуу зарыл.
2. Ушул бөлүм Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына келген жердеги бажы органынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан чыккан жердеги бажы органына чейин транзит менен өткөрүлүүчү кооптуу калдыктарга карата да колдонулат.
3. Ушул бөлүмдө көрсөтүлгөн кооптуу калдыктарды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгуу Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүү жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгуу жөнүндө жобого (Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын
2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечимине № 7 тиркеме) ылайык жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасында кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу тартибине 2-тиркеме
Кооптуу калдыктар
№
Товардын аталышы
ЕАЭБ ТЭИ ТН Коду
1989-жылдын 22-мартындагы Кооптуу калдыктарды трансчек аралык ташууну жана аларды жок кылууну контролдоо жөнүндө Базель конвенциясынын классификациясы боюнча калдыктардын түрүнүн коду
А, В калдык-тардын бирикти-рилген тизмеси
Y жөнгө салы-нуучу кал-дык-тардын негиз-ги тизмеси
1
Кара металлдарды өндүрүү процессинде алынган гранул шлак (шлак кум)
2618 00 000 0
В1200
2
Кара металлдарды өндүрүүдөн чыккан шлак, дросс, (гранул шлактан тышкары) окалина жана башка калдыктар
2619 00
В1210, В1230
3
Жез оксидин камтыган окалина
2620 30 000 0 ичинен
В1240
Y22
4
Металлдарды, мышьякты же алардын кошулмаларын камтыган шлак, күл жана калдыктар (кара металл өндүрүшүндө пайда болгондордон тышкары), анын ичинде: гартцинк;
коргошундуу съемдер, коргошундун күйүк калдыктары, коргошун кошулган коргошун шлам коргошундун курамы 30% жана андан жогору; алюминий шлагы;
магний камтыган туз шлактары; магний камтыган жеңил металл съемдери; металл алуу же химиялык реагенттерди өндүрүү үчүн гана ылайыктуу колдонулган катализаторлор
2620;
2620 11 000 0 ичинен; 2620 21 000 0 ичинен – 2620 29 000 0 ичинен;
2620 40 000 0 ичинен; 2620 99 950 9 ичинен; 2620 99 950 9 ичинен;
2620 ичинен
В1100
А1140, А2030
Y31
5
Курамында компонент же булгоочу зат катары төмөнкү заттардын кайсынысы болбосун камтылган калдыктар: металл карбонилдери; алты валенттүү хром кошулмалары
2620 ичинен; 3825 ичинен;
2620 91 000 0 ичинен; 3825 ичинен
Y19
Y21
6
Жез эритүү заводдорунун газды тазалоо системаларынан чыккан чаң жана калдыктар
2620 30 000 0 ичинен
А1110
7
Электролиттик жезди бөлүп алуу жана тазалоо операцияларынан чыккан шлам түрүндөгү калдыктар (аноддук шламдан тышкары)
2620 30 000 0 ичинен
А1120
Y22
8
Жез хлориди же жез цианидин камтыган калдыктар
2620 30 000 0 ичинен; 3825 ичинен
А1140
Y22, Y33
9
Чоюн жана болот өндүрүү процессинде пайда болгон, титан губкасын жана ванадийди алуу үчүн чийки зат катары колдонулган шлактар
2619 00 900 0 ичинен
В1210
10
Баалуу металл (металлдар) же баалуу металлдын (металлдардын) кошулмаларын камтыган басма платаларды өрттөөдөн калган күл
7112 30 000 0 ичинен
А1150
Y18
11
Фотопленканы күйгүзүүдөн чыккан баалуу металлды (баалуу металлдарды) же баалуу металлдын (металлдардын) кошулмаларын камтыган күл
7112 30 000 0 ичинен
В1170
Y18
12
Күмүш галоиддерин жана (же) металл күмүштү камтыган фотопленканын калдыктары
7112 99 000 0 ичинен
В1180
13
Күмүш галоиддерин жана (же) металл күмүштү камтыган фотокагаз калдыктары
7112 99 000 0 ичинен
В1190
14
Химиялык өнөр жай процесстеринде пайда болгон гипс калдыктары
2520 10 000 0 ичинен; 3825 ичинен
А2040
15
Нитроцеллюлоза калдыктары
3912 20 ичинен
А3060
16
Фенолдордун жана фенол кошулмаларынын калдыктары, анын ичинде хлорфенол, суюктуктар же шлам түрүндө
2907 ичинен; 2908 ичинен
А3070
Y39
17
Органикалык эриткичтерди калыбына келтирүү (регенерациялоо) операцияларында пайда болгон, галогендештирил-ген же галогендештирилбе-ген суусуз дистилляциялык калдыктар
3825 41 000 0 ичинен; 3825 49 000 0 ичинен
А3160
Y6
18
Алифаттык галогендештирил-ген көмүр суутектерди (хлорметан, дихлорэтан, аллилхлорид, эпихлоргидрин) өндүрүү учурунда пайда болгон, 80–90 % полихлорлонгон көмүр суутектердин аралашмасын түзгөн калдыктар
3825 61 000 0 ичинен
А3170
Y6, Y45
19
Төмөндө көрсөтүлгөн кошулмаларды камтыган же алар менен булганган калдыктар: баалуу металлды (металлдарды) же баалуу металлдын (металлдардын) кошулмаларын камтыган калдыктардан тышкары, органикалык эмес цианиддердин изи бар катуу формадагы калдыктар; органикалык цианиддер
2837 ичинен; 3825 ичинен;
2926 ичинен; 2929 ичинен; 3825 ичинен
А4050
Y33
Y38
20
Негизги курамдык бөлүгүн төмөндө көрсөтүлгөн заттар түзгөн кислоталуу жана щелочтуу эритмелердин калдыктары: туз кислотасы pH ≤ = 2; күкүрт кислотасы, олеум; азот кислотасы pH ≤ = 2; плавик кислотасы (фтор суутектүү); бром суутектүү кислотасы; суудагы аммиак эритмеси; натрий гидроксиди pH ≥ = 11,5; калий гидроксиди pH ≥ = 11,5
2806 10 000 0 ичинен; 2807 00 000 ичинен; 2808 00 000 0 ичинен; 2811 11 000 0 ичинен; 2811 19 100 0 ичинен; 2814 20 000 0 ичинен; 2815 12 000 0 ичинен; 2815 20 000 0 ичинен
А4090
Y34, Y35
21
Жезди өндүрүүдөн пайда болгон шлак (химиялык турукташтырылган, курамында темир көп (20 %дан ашык) жана өнөр жай стандарттарына ылайык иштетилген шлактан тышкары)
2620 30 000 0 ичинен; 2620 99 950 9 ичинен
22
Цинк өндүрүшүнүн шлагы (химиялык турукташтырылган, курамында темир көп (20 пайыздан ашык) жана өнөр жай стандарттарына ылайык иштетилген шлактан тышкары)
2620 11 000 0 ичинен; 2620 19 000 0 ичинен; 2620 99 950 9 ичинен
В1220
23
Шлак жана күл башка, анын ичинде деңиз балырларынан (келп) алынган күл, анын ичинде: казан шлактары; салттуу отун менен иштеген меш агрегаттарынын катуу туздуу калдыктары жана түтүн кармагыч түзүлүштөрү (реактивдүү гипс жок); меш орнотмолорунун учуучу күлдөрү жана чаңы (калдыктарды өрттөөчү жана пиролиздик орнотмолордун учуучу күлдөрү жана чаңынан тышкары); глинозем өндүрүшүнөн нейтралдаш –тырылган кызыл чопо; көмүр менен иштеген энергетикалык орнотмолордун күлү (анын ичинде учуучу)
2620 ичинен; 2621 ичинен; 3825 ичинен
А2060
24
Иштетилген активдештирилген көмүр (ичүүчү сууну, тамак-аш өнөр жайын иштетүүдө жана витаминдерди өндүрүүдө пайда болгон түрлөрүнөн башка)
3802 ичинен
А4160
25
Фтордун суюктук же шлам түрүндөгү органикалык эмес кошулмаларын камтыган калдыктар, кальций фторидинин шламдарынан тышкары
28 ичинен; 3824 ичинен; 3825 ичинен
А2020
Y32
26
Калдыктар, кесиндилер жана резина скрап (катуу резинадан башка)
4004 00 000 0 ичинен
В3040, В3080
27
Мурда пайдаланылган пневматикалык шиналар жана дөңгөлөктөр
4012 20 000 1*; 4012 20 000 9
В3040, В3140
28
Шарап калдыгы, шарап ташы
2307 00
В3060
29
Алты валенттүү хромдун кошулмаларын жана биоциддерди камтыган булгаары өндүрүшүнүн чаң, күл, шлам, порошок түрүндөгү калдыктары
ичинен 3504 00
А3090
Y21 Y4
30
Теринин же курама теринин кесиндилери жана башка калдыктары, тери буюмдарын жасоого жараксыз, курамында алты валенттүү хром кошулмалары жана биоциддер бар
4115 10 000 0 ичинен; 4115 20 000 0 ичинен
А3100
Y21
Y4
31
Тери же түстүү жана жүндүү чийки заттын калдыктары, курамында алты валенттүү хром кошулмалары же биоциддер бар
0511 99 100 0 ичинен; 4101 ичинен – 4103 ичинен; 4301 ичинен
А3110
Y21
Y4
32
Ийрүүчү өндүрүштөн чыккан жүн түрүндөгү калдыктар
5003 00 000 0 ичинен; 5103 20 000 0 ичинен; 5202 10 000 0 ичинен; 5505 ичинен; 5601 30 000 0 ичинен
А3120
33
Оор металлдар жана (же) органикалык эриткичтер камтылган пигменттердин, боёктордун, сырлардын жана лактардын калдыктары
3206 ичинен; 3208 ичинен; 3212 ичинен; 3825 ичинен
А4070
Ү12
34
Төмөндө көрсөтүлгөн заттардын кайсынысын болбосун камтыган металлдар жана кошулмалардын калдыктары (даяр буюмдар формасындагы лом жана кошулмалардан тышкары: барактар, пластиналар, балкалар, пруттар, түтүктөр ж.б.): сурьма;
кадмий;
селен;
теллур;
таллий;
2805 40 ичинен; 7204 ичинен; 7404 00 ичинен; 7503 00 ичинен; 7602 00 ичинен;
7802 00 000 0 ичинен; 7902 00 000 0 ичинен; 8002 00 000 0 ичинен; 8101 97 000 0 ичинен; 8102 97 000 0 ичинен; 8103 30 000 0 ичинен; 8104 20 000 0 ичинен; 8105 30 000 0 ичинен; 8106 90 000 0 ичинен; 8108 30 000 0 ичинен; 8109 31 000 0 ичинен; 8109 39 000 0 ичинен; 8110 20 000 0 ичинен; 8111 00 190 0 ичинен; 8112 13 000 0 ичинен; 8112 22 000 0 ичинен; 8112 41 000 1 ичинен; 8112 52 000 0 ичинен; 8112 61 000 0 ичинен; 8112 92 210 8 ичинен; 8113 00 400 0 ичинен
А1010
Ү27
Ү26
Ү25
Ү28
Ү30
35
Төмөнкү заттардын кайсынысын болбосун компонент же булгоочу зат катары камтыган калдыктар (катуу формада металл калдыктарынан тышкары): сурьма, сурьма кошулмалары; бериллий, бериллий кошулмалары; кадмий, кадмий кошулмалары; коргошун, коргошун кошулмалары; селен, селен кошулмалары; теллур, теллур кошулмалары; таллий, таллий кошулмалары
2620 29 000 0 ичинен; 2620 60 000 0 ичинен; 2620 91 000 0 ичинен; 2620 99 950 9 ичинен
А1020
Y27
Y20
Y26
Y31
Y25
Y28
Y30
36
Цинкти чаң, шлам түрүндө иштеткенден кийинки жуулуп алынган калдыктар, (ярозит, гематит
ж.б.)
2620 19 000 0 ичинен; 2530 90 000 9 ичинен
А1070
37
Иштетилген коргошун-кислота аккумуляторлору, бөлүнгөн абалда
7802 00 000 0 ичинен; 8548 11 000 0 ичинен
А1160
Y31
38
Сорттолбогон колдонулган батареялар
8549 11 000 0 ичинен; 8549 12 000 0 ичинен; 8549 14 000 0 ичинен; 8549 19 000 0 ичинен
А1170
39
Гальваникалык элементтерди, батареяларды, сымаптуу өчүргүчтөрдү, катоддук-нур түтүктөрүнүн айнегин жана активдүү каптамасы бар башка айнектерди камтыган же кадмий, сымап, коргошун, полихлордуу дифенилдер менен 50 мг/кг жана андан жогору концентрация деңгээлинде булганган электротехникалык жабдуулардын же электротехникалык түйүндөрдүн сыныктары
85 ичинен
А1180
Y29 Y26 Y31
40
Иштетилген мунай заттары, анын ичинде:
суу эмульсиялары же суу менен аралашмалар түрүндөгү мунай заттары; сактоочу бактардан алынган шлам түрүндөгү мунай заттары; баштапкы продуктулар катары андан ары пайдаланууга жараксыз мунай заттары; полихлорбифенил-дерди (ПХБ), полихлортерфенил-дерди (ПХТ) же полибромбифенил-дерди (ПББ) камтыган иштетилген мунай заттары; төмөнкүлөрдү камтыган же булганган заттардын жана буюмдардын калдыктары: полихлорлуу дифенил (ПХД), полихлорлуу терфенил (ПХТ), полихлорлуу нафталин (ПХН) же полибромдуу дифенил (ПБД), анын ичинде ушул кошулмалардын концентрация деңгээли 50 мг/кг жана андан жогору болгон башка полибромдуу аналогдору
2710 ичинен;
2710 91 000 0;
2710 91 000 0 ичинен
А3020, А3040, А4060, А3180 А4060
А3020, А3040
А3180
А3180
Y8, Y9, Y10
Y9
Y8
Y10
Y10
*Ташып чыгууда жарандык аба кемелери үчүн мурда колдонулган пневматикалык дөңгөлөктөрдү жана шиналарды кошпогондо.
Эскертүү. Бул бөлүмдүн максаттары үчүн ЕАЭБ ТЭИ ТН кодун, ошондой эле товардын аталышын (физикалык жана химиялык мүнөздөмөлөрүн) жетекчиликке алуу зарыл.
Кыргыз Республикасында кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу тартибине 3-тиркеме
Эксперттик корутунду
20_____ № _____
__________________________________________________________ (корутундуну берген Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин мамлекеттик бийлик органынын аталышы)
______________________________________________________________________берилди (Уюмдун аталышы, юридикалык дареги, өлкөсү, жеке жактар үчүн – аты-жөнү)
Өткөрүү түрү _____________________________________________
Товардын аталышы
Саны
Өлчөө бирдиги
Товарлардын бирдиктүү тизмегинин бөлүмү:
ББ ТЭИ ТН коду:
Алуучу/жөнөтүүчү: * (Аталышы, юридикалык дареги, өлкөсү)
Баруучу/жиберүүчү өлкө: *
Ташып келүү (ташып чыгуу) максаты:
Убактылуу ташып келүү (ташып чыгуу) мөөнөтү:
Негиз:
Кошумча маалымат:
Транзиттик өлкө*:
Колу: Датасы:
Корутунду убакка чейин жарактуу
Аты-жөнү
Кызмат орду
МО
<*> – саптар товарлардын категориялары боюнча талаптарды эске алуу менен толтурулат
Кыргыз Республикасында кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу тартибине 4-тиркеме
Калдыктарды трансчек аралык өткөрүү жөнүндө кабарлама
1. Экспорттоочу-кабарлоочу:
Каттоо №:
3. Кабарламанын номери:
Аталышы:
Кабарламанын предмети
Дареги:
(i) Бир жолку жеткирүү: ¨
(ii) Көп жолу жеткирүү: ¨
Байланышуучу адам:
(i) Жок кылуу (1): ¨
Тел.:
Факс:
(ii) Рекуперациялоо:
¨
Эл. почта:
(v) Рекуперациялоо боюнча алдын ала макулдашылган объект (2,3) Ооба: ¨ Жок: ¨
2. Импорттоочу-алуучу:
Каттоо №:
4. Пландалган жеткирүүлөрдүн жалпы саны:
Аталышы (аты-жөнү):
5. Жалпы болжолдонгон сан (4):
Тонна (Мг): Куб. м:
Дареги:
6. Жеткирүүнүн (жеткирүүлөрдүн) пландалган мезгили (4):
Биринчи жөнөтүү (партия):
Акыркы жөнөтүү (партия):
Байланышуучу адам:
7. Таңгактын түрү (түрлөрү) (5):
Тел.:
Факс:
Иштетүүдөгү өзгөчө талаптар (6): Ооба: ¨ Жок: ¨
Эл. почта:
11.Жок кылуу/рекуперациялоо боюнча операция (операциялар) (2):
8. Болжолдонгон ташуучу (ташуучулар)
Каттоо №:
D коду / R коду (5):
Аталышы (7):
Колдонулган технология (6):
Дареги:
Байланышуучу адам:
Экспорттун максаты (1;6):
Тел.:
Факс:
Эл. почта:
12. Калдыктардын аныктамасы жана курамы (6):
Ташуунун түрү (5):
9. Калдыктарды өндүрүүчү (өндүрүүчүлөр) (1;7;8)
Каттоо №:
Аталышы (аты-жөнү):
Дареги:
13. Физикалык касиеттери (5):
Байланышуучу адам:
Тел.:
Факс:
14. Калдыктарды идентификациялоо (коддук белгилерин көрсөтүү)
Эл. почта:
i) Базель, VIII тиркеме (же эгер колдонулса IX):
Калдыктар пайда болгон жер жана процесс (6):
ii) ЭКӨУ коду (эгер i менен дал келбесе):
iii) ЕБдин калдыктар тизмеги:
10. Жок кылуу боюнча объект (2): ¨
же рекуперациялоо боюнча объект (2): ¨
iv) экспорттоочу өлкөнүн улуттук коду:
Каттоо №:
v) импорттоочу өлкөнүн улуттук коду:
Аталышы:
vi) башка (көрсөтүү):
Дареги:
vii) у коду:
viii) h коду (5):
Байланышуучу адам:
ix) БУУнун классы (5):
Тел.:
Факс:
x) БУУнун номери:
Эл. почта:
xi) БУУнун жүгүнүн аталышы:
Жок кылуунун/рекуперациялоонун иш жүзүндө орду
xii) бажы коду(коддору) (сс):
15. Кызыкдар өлкөлөр/мамлекеттер (a), колдонулса – ыйгарым укуктуу органдын коддук № (b), ташып чыгуунун жана ташып келүүнүн конкреттүү пункттары (c)
Экспорттоочу/жөнө-түүчү мамлекет
Транзиттик (ташып келүү жана ташып чыгуу) мамлекет (мамлекеттер)
Импорттоочу/баруучу мамлекет
(а)
(b)
(c)
16. Экспорттун ташып келүү жана/же ташып чыгуу бажы пункттары (Европа коомчулугу):
Ташып келүү:
Ташып чыгуу: Экспорт:
17. Экспорттоочунун-кабарлоочунун/булактын-өндүрүүчүнүн арызы (1):
Менде болгон бардык маалыматтардын негизинде бул маалыматтын толук жана анык экендигин ырастайм. Мыйзамдуу тартипте аткарылуучу жазуу жүзүндөгү келишимдик милдеттенмелерди кабыл алгандыгымды жана эгерде алар зарыл болсо трансчек аралык өтүү камсыздандыруунун колдонуудагы келишими же башка финансылык кепилдик менен төлөнгөндүгүн же төлөнө тургандыгын ырастайм.
Экспорттоочу/кабарлоочу:
Датасы: Колу:
Өндүрүүчү:
Датасы: Колу:
18. Тиркемелердин саны
Компетенттүү органдар толтурат
19. Импорттоо-баруучу жер/транзит (1) экспорттоо-жөнөтүүчү өлкөнүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органынын ырастамасы (9):
20. Ыйгарым укуктуу органдын ташууга жазуу жүзүндөгү макулдугу (1;8):
Өлкө:
Өлкө:
Макулдук берилди (датасы):
Кабарлама алынган дата:
Макулдук ____баштап _____ чейин жарактуу:
Ырастама жиберилген дата:
Өзгөчө шарттар: Жок: ¨ Эгер ооба болсо, 21-бөлүмдү караңыз (6):¨
Ыйгарым укуктуу органдын аталышы:
Ыйгарым укуктуу органдын аталышы
Мөөрү жана (же) колу:
Мөөрү жана/же колу:
21. Ташууга макулдуктун өзгөчө шарттары же баш тартуунун себептери
1. Базель конвенциясына ылайык талап кылынат.
2. R12/R13 же D13-D15 операциялары болсо зарыл болгон учурда R1-R11 же D1-D12 кийинки операциялары жүргүзүлүүчү объект (объекттер) жөнүндө тиешелүү маалыматты да тиркеңиз.
3. ЭКӨУнун зонасынын чегиндеги ташуулар үчүн жана B ii) пунктунда каралган учурларда гана толтурулат.
4. Бир нече жолу жеткирүүдө толук тизмени тиркеңиз.
5. Кыскартуулардын жана коддордун тизмесин кийинки беттен караңыз.
6. Зарыл болгон учурда толук маалыматты тиркеңиз.
7. Эгерде бирден ашык болсо – тизмени тиркеңиз.
8. Эгерде улуттук мыйзамдарда каралса.
9. Эгерде ЭКӨУнун чечиминин алкагында колдонулса
Кабарлоо документинде колдонулган кыскартуулардын жана коддордун тизмеси
Жок кылуу боюнча операциялар (11-бөлүм) D1 Жерге көмүү же жерге таштоо (мисалы, таштандыга ж.б.) D2 Топуракты иштетүү (мисалы, топуракта суюк же тунмалуу калдыктарды биохимиялык бөлүү ж.б.) D3 Тереңдикке салуу (мисалы, тиешелүү консистенциядагы калдыктарды скважиналарга, туз куполдоруна же табигый резервуарларга салуу ж.б.) D4 Жер үстүндөгү көлмөлөргө таштоо (мисалы, суюк же тунмалуу калдыктарды котловандарга, жасалма көлмөлөргө же тундурма бассейндерге таштоо ж.б.) D5 Атайын жабдылган таштандыларга таштоо (мисалы, алардын бири-биринен жана айлана-чөйрөдөн обочолонуусун кепилдөө үчүн изоляциялоочу төшөмөсү жана үстүнкү жабуусу бар өзүнчө бөлүктөргө таштоо ж.б.) D6 Деңиздерден/океандардан тышкары көлмөлөргө таштоо D7 Деңиздерге/океандарга таштоо, анын ичинде деңиз түбүнө көмүү D8 Ушул тизменин башка бөлүмдөрүндө каралбаган, акыркы кошулмалардын же аралашмалардын пайда болушуна алып келүүчү биологиялык иштетүү, алар андан кийин ушул тизмеде каралган кандайдыр бир ыкма менен жок кылынат D9 Ушул тизменин башка бөлүмдөрүндө каралбаган, акыркы кошулмалардын же аралашмалардын пайда болушуна алып келүүчү физикалык-химиялык иштетүү, алар андан кийин ушул тизмеде каралган кандайдыр бир ыкма менен жок кылынат (мисалы, буулантуу, кургатуу, күйгүзүү ж.б.) D10 Кургакта өрттөө D11 Деңизде өрттөө D12 Көмүү (мисалы, контейнерлерди шахтага көмүү ж.б.) D13 Ушул тизмеде көрсөтүлгөн операциялардын кайсынысы болбосун башталганга чейин бир тектүү же бир тектүү эмес аралашманы алуу D14 Ушул тизмеде көрсөтүлгөн операциялардын кайсынысы болбосун башталганга чейин кайра таңгактоо D15 Ушул тизмедеги операциялардын кайсынысын болбосун күтүүдө сактоо
Рекуперациялоо боюнча операциялар (11-бөлүм) R1 Күйүүчү май катары (түз күйгүзүүдөн тышкары) же энергия алуу үчүн башка ыкма менен колдонуу (Базель/ЭКӨУ) – негизинен күйүүчү май катары же энергия алуу үчүн башка ыкма менен колдонуу (ЕБ) R2 Эриткичтерди утилдештирүү/калыбына келтирүү R3 Эриткичтер катары колдонулбаган органикалык заттарды рециркуляциялоо/утилдештирүү R4 Металлдарды жана алардын кошулмаларын рециркуляциялоо/утилдештирүү R5 Башка органикалык эмес материалдарды рециркуляциялоо/утилдештирүү R6 Кислоталарды жана негиздерди калыбына келтирүү R7 Булганууга каршы күрөшүү үчүн колдонулган компоненттерди рекуперациялоо R8 Катализаторлордун компоненттерин рекуперациялоо R9 Мунай зат продуктуларын кайра кайнатуу же мурда колдонулган мунай зат продуктуларын башкача кайра колдонуу R10 Жерди иштетүүгө жагымдуу таасир этүүчү же экологиялык абалды жакшыртуу үчүн топуракты иштетүү R11 R1-R10 номерлериндеги каалаган операциялардын калдыктарын колдонуу R12 R1-R11 номерлериндеги каалаган операцияларды колдонуу үчүн калдыктарды алмашуу R13 Ушул тизмеде көрсөтүлгөн каалаган операцияны кийин колдонуу үчүн материалды топтоо
Таңгактын түрлөрү (7-бөлүм)
1. Металл челектер
2. Жыгач челектер
3. Металл канистрлер
4. Ящиктер
5. Каптар
6. Аралаш таңгак
7. Басым астындагы идиштер
8. Тарасыз
Башкалар (көрсөтүү)
БУУнун Н коду жана классификациясы (14-бөлүм) Н коду БУУ өзгөчөлүгү H1 Жарылуучу заттар H3 От алуучу суюктуктар H4.1 От алуучу катуу заттар H4.2 Өзү күйүүчү заттар же калдыктар H4.3 Суу менен аралашканда от алуучу газдарды бөлүп чыгаруучу заттар же калдыктар H5.1 Кычкылдатуучу заттар H5.2 Органикалык пероксиддер H6.1 Уулуу заттар H6.2 Жугуштуу заттар H8 Коррозиялык заттар H10 Аба же суу менен аралашканда уулуу газдарды бөлүп чыгаруу H11 Уулуу заттар (кийин пайда болуучу же өнөкөт ооруларды пайда кылуучу) H12 Экотоксикалык заттар H13 Алып салгандан кийин кандайдыр бир жол менен, мисалы, бөлүп алуу жолу менен, жогоруда көрсөтүлгөн касиеттердин бирине ээ болгон башка материалдарды пайда кылууга жөндөмдүү заттар
Ташуунун түрү (8-бөлүм) R = Автомобиль T = Темир жол S = Деңиз A = Аба W = Ички суу жолдору аркылуу
Физикалык касиеттери (13-бөлүм)
1. Порошок сымал/порошоктор
2. Катуу
3. Илешкек/паста сымал
4. Тунмалуу
5. Суюк
6. Газ сымал
Башка (көрсөтүү)
Кыргыз Республикасында кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу тартибине 5-тиркеме
Трансчек аралык ташуулар/калдыктарды жеткирүү үчүн ташуу жөнүндө документ
1. № _____кабарламага шайкеш келет
2. Сериялык №/жеткирүүлөрдүн жалпы саны
3. Экспорттоочу-кабарлоочу
Каттоо №:
3. Импорттоочу-кабарлоочу
Каттоо №:
Аталышы (аты-жөнү):
Аталышы (аты-жөнү):
Дареги:
Дареги:
Байланышуучу адам:
Байланышуучу адам:
Тел:
Факс:
Тел:
Факс:
Эл. почта:
Эл. почта:
5. Иш жүзүндөгү саны:
Тонна (Мг): куб. м:
6. Жеткирүүнүн иш жүзүндөгү датасы:
7. Таңгак Түрү (түрлөрү) (1) Жүк орундарынын саны:
Иштетүүдө өзгөчө талаптар (2): Ооба: ¨ Жок: ¨
8. а) 1-ташуучу (3):
Каттоо №: Аталышы: Дареги: Тел: Факс: Эл. почта:
8. b) 2-ташуучу:
Каттоо №: Аталышы: Дареги: Тел: Факс: Эл. почта:
8. с) акыркы ташуучу:
Каттоо №: Аталышы: Дареги: Тел: Факс: Эл. почта:
Ташуучунун өкүлү тарабынан толтурулат 3 төн ашык ташуучу (2)
Ташуунун түрү (1): Кайра жүктөө датасы: Колу:
Ташуунун түрү (1): Кайра жүктөө датасы: Колу:
Ташуунун түрү (1): Кайра жүктөө датасы: Колу:
9. Калдыктарды өндүрүүчү (өндүрүүчүлөр) (4;5;6):
Каттоо №: Аталышы: Дареги: Байланышуучу адам: Тел: Факс: Эл. почта: Өндүрүш орду (2):
12. Калдыктардын аныктамасы жана курамы (2):
13. Физикалык касиеттери (1):
14. Калдыктарды идентификациялоо (коддук белгилерин көрсөтүү)
i) Базель, VIII тиркеме (же эгер колдонулса IX):
¨ ii) ЭКӨУ коду (эгер i менен дал келбесе): iii) ЕБ калдыктарынын тизмеги: iv) экспорттоочу өлкөдөгү улуттук код:
v) импорттоочу өлкөдөгү улуттук код:
vi) башка (көрсөтүү): vii) у коду viii) h коду (1): ix) БУУ классы (1):
x) БУУ номери:
xi) БУУнун жүгүнүн аталышы: xii) бажы коду (коддору) (сс):
10. Жок кылуу боюнча объект ¨ же рекуперациялоо боюнча объект ¨
Каттоо №: Аталышы: Дареги: Байланышуучу адам: Тел.: Факс: Эл. почта: Жок кылуунун/рекуперациялоонун иш жүзүндөгү орду (2)
11. Жок кылуу/рекуперациялоо боюнча операция (операциялар) D коду/R коду (1):
15. Экспорттоочу-кабарлоочунун/булактын-өндүрүүчүнүн арызы (4):
Менде болгон бардык маалыматтардын негизинде бул маалыматтын толук жана анык экендигин ырастайм. Мыйзамдуу тартипте аткарылуучу жазуу жүзүндөгү келишимдик милдеттенмелерди кабыл алгандыгымды жана эгерде алар зарыл болсо трансчек аралык өтүү камсыздандыруунун колдонуудагы келишими же башка финансылык кепилдик менен төлөнгөндүгүн же төлөнө тургандыгын, ошондой эле кызыкдар өлкөлөрдүн компетенттүү органдарынан бардык зарыл болгон макулдуктар алынгандыгын ырастайм
Аты-жөнү: Датасы: Колу:
16. Эгерде кошумча маалымат талап кылынса трансчек аралык ташууга катышкан бардык адамдар тарабынан толтурулат
17. Жеткирүү импорттоочу-жүктү алуучу тарабынан алынды (эгерде ал объект болбосо):
Аты-жөнү: Датасы: Колу:
Жок кылуу/рекуперациялоо боюнча объекттин өкүлдөрү тарабынан толтурулат
18. Жеткирүү жок кылуу ¨же рекуперациялоо ¨ боюнча объектке келди
Келген датасы: Кабыл алынды: ¨ Кабыл алынган жок*:¨ Келген саны: тонна (Мг): куб. м:
* дароо компетенттүү органдар менен байланышуу
Жок кылуунун/рекуперациялоонун болжолдуу датасы: Жок кылуу/рекуперациялоо боюнча операция (1): Аты-жөнү: Датасы: Колу:
19. Жогоруда белгиленген калдыктарды жок кылуу/рекупе-рациялоо аяктагандыгын ырастайм.
Аты-жөнү: Датасы: Колу жана мөөрү:
1) Кыскартуулардын жана коддордун тизмесин кийинки беттен караңыз
2) Зарыл болгон учурда толук маалыматты тиркеңиз
3) Үчтөн ашык ташуучу болсо, 8-бөлүмдө (а, b, с) көрсөтүлгөн маалыматты тиркеңиз
4) Базель конвенциясына ылайык талап кылынат
5) Бирден ашык болсо – тизмени тиркеңиз
6) Эгерде улуттук мыйзамдарда каралса
Бажы органдары тарабынан толтурулат (эгерде улуттук мыйзамдарга ылайык зарыл болсо)
20. Экспорттоочу-жөнөтүүчү өлкө же ташып чыгуучу бажы пункту
21. Импорттоочу-баруучу өлкө же ташып келүүнүн бажы пункту
Бул ташуу жөнүндө документте көрсөтүлгөн калдыктар өлкөдөн чыгарылды
Бул ташуу жөнүндө документте көрсөтүлгөн калдыктар өлкөгө келди
(датасы):
(датасы):
Колу:
Колу:
Мөөрү:
Мөөрү:
22. Транзит өлкөлөрдүн бажы органдарынын мөөрлөрү
Өлкөнүн аталышы:
Өлкөнүн аталышы:
Ташып келүү:
Ташып чыгуу:
Ташып келүү:
Ташып чыгуу:
Өлкөнүн аталышы:
Өлкөнүн аталышы:
Ташып келүү:
Ташып чыгуу:
Ташып келүү:
Ташып чыгуу:
Ташуу жөнүндө документте колдонулган кыскартуулардын жана коддордун тизмеси
Жок кылуу боюнча операциялар (11-бөлүм) D1 Жерге көмүү же жерге таштоо (мисалы, таштандыга ж.б.) D2 Топуракты иштетүү (мисалы, топуракта суюк же тунмалуу калдыктарды биохимиялык бөлүү ж.б.) D3 Тереңдикке салуу (мисалы, тиешелүү консистенциядагы калдыктарды скважиналарга, туз куполдоруна же табигый резервуарларга салуу ж.б.) D4 Жер үстүндөгү көлмөлөргө таштоо (мисалы, суюк же тунмалуу калдыктарды котловандарга, жасалма көлмөлөргө же тундурма бассейндерге таштоо ж.б.) D5 Атайын жабдылган таштандыларга таштоо (мисалы, алардын бири-биринен жана айлана-чөйрөдөн обочолонуусун кепилдөө үчүн изоляциялоочу төшөмөсү жана үстүнкү жабуусу бар өзүнчө бөлүктөргө таштоо ж.б.) D6 Деңиздерден/океандардан тышкары көлмөлөргө таштоо D7 Деңиздерге/океандарга таштоо, анын ичинде деңиз түбүнө көмүү D8 Ушул тизменин башка бөлүмдөрүндө каралбаган, акыркы кошулмалардын же аралашмалардын пайда болушуна алып келүүчү биологиялык иштетүү, алар андан кийин ушул тизмеде каралган кандайдыр бир ыкма менен жок кылынат D9 Ушул тизменин башка бөлүмдөрүндө каралбаган, акыркы кошулмалардын же аралашмалардын пайда болушуна алып келүүчү физикалык-химиялык иштетүү, алар андан кийин ушул тизмеде каралган кандайдыр бир ыкма менен жок кылынат (мисалы, буулантуу, кургатуу, күйгүзүү ж.б.) D10 Кургакта өрттөө D11 Деңизде өрттөө D12 Көмүү (мисалы, контейнерлерди шахтага көмүү ж.б.) D13 Ушул тизмеде көрсөтүлгөн операциялардын кайсынысы болбосун башталганга чейин бир тектүү же бир тектүү эмес аралашманы алуу D14 Ушул тизмеде көрсөтүлгөн операциялардын кайсынысы болбосун башталганга чейин кайра таңгактоо D15 Ушул тизмеде саналган операциялардын кайсынысын болбосун күтүүдө сактоо
Рекуперациялоо боюнча операциялар (11-бөлүм) R1 Күйүүчү май катары (түз күйгүзүүдөн тышкары) же энергия алуу үчүн башка ыкма менен колдонуу (Базель/ЭКӨУ) – негизинен күйүүчү май катары же энергия алуу үчүн башка ыкма менен колдонуу (ЕБ) R2 Эриткичтерди утилдештирүү/калыбына келтирүү R3 Эриткичтер катары колдонулбаган органикалык заттарды рециркуляциялоо/утилдештирүү R4 Металлдарды жана алардын кошулмаларын рециркуляциялоо/утилдештирүү R5 Башка органикалык эмес материалдарды рециркуляциялоо/утилдештирүү R6 Кислоталарды жана негиздерди калыбына келтирүү R7 Булганууга каршы күрөшүү үчүн колдонулган компоненттерди рекуперациялоо R8 Катализаторлордун компоненттерин рекуперациялоо R9 Мунай зат продуктуларын кайра кайнатуу же мурда колдонулган мунай зат продуктуларын башкача кайра колдонуу R10 Жерди иштетүүгө жагымдуу таасир этүүчү же экологиялык абалды жакшыртуу үчүн топуракты иштетүү R11 R1–R10 номерлериндеги каалаган операциялардын калдыктарын колдонуу R12 R1–R11 номерлериндеги каалаган операцияларды колдонуу үчүн калдыктарды алмашуу R13 Ушул тизмеде көрсөтүлгөн каалаган операцияны кийин колдонуу үчүн материалды топтоо БУУнун классификациясы (14-бөлүм)
9 H13 Алып салгандан кийин кандайдыр бир жол менен, мисалы, бөлүп алуу жолу менен, жогоруда көрсөтүлгөн касиеттердин бирине ээ болгон башка материалдарды пайда кылууга жөндөмдүү заттар
Таңгактын түрлөрү (7-бөлүм)
1. Металл челектер
2. Жыгач челектер
3. Металл канистрлер
4. Ящиктер
5. Каптар
6. Аралаш таңгак
7. Басым астындагы идиштер
8. Тарасыз
9. Башкалар (көрсөтүү)
Ташуунун түрү (8-бөлүм) R = Автомобиль T = Темир жол S = Деңиз A = Аба W = Ички суу жолдору аркылуу
Физикалык касиеттери (13-бөлүм)
1. Порошок сымал/порошоктор
2. Катуу
3. Илешкек/паста сымал
4. Тунмалуу
5. Суюк
6. Газ сымал
7. Башка (көрсөтүү)
Кошумча маалыматты, атап айтканда калдыктарды идентификациялоо (14-бөлүм), б.а. Базель конвенциясынын VIII жана IX тиркемелеринде колдонулган коддор, ЭКӨУнун коддору жана Y коддору жөнүндө маалыматты ЭКӨУда жана Базель конвенциясынын катчылыгында болгон маалымдама колдонмодон табууга болот.
Кыргыз Республикасында кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу тартибине 6-тиркеме
Ташуу жөнүндө билдирүү формасын жана документти толтуруу боюнча нускама
1-глава. Киришүү
1. Адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөнүн абалына коркунуч же зыян келтириши мүмкүн болгон калдыктардын экспортун жана импортун контролдоо максатында эл аралык актылар кабыл алынган. Мындай кадыр-барктуу эки акт болуп катчылыгы БУУнун Айлана-чөйрө боюнча программасы (ЮНЕП) менен камсыз кылынган Базель конвенциясы жана Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) С Кеңешинин (2001)107/FINAL чечими (мындан ары - ЭКӨУ чечими) эсептелет. Европа бирлигине мүчө мамлекеттерден Европа коомчулугунун директивасын сактоо да талап кылынат. Базель конвенциясында жана Европа коомчулугунун директивасында калдыктарды жок кылуу же утилдештирүү максатында эл аралык ташуу жөнүндө сөз болсо, ошол эле мезгилде ЭКӨУ чечиминде ЭКӨУ аймагынын чегинде утилдештирүү үчүн арналган калдыктарды ташуу жөнүндө гана сөз болот. Бардык көрсөтүлгөн укуктук актыларды аткаруу аларды ишке ашыруучу тараптардын байкоосунда административдик контролдоо чараларынын комплексинин таасирине туура келет.
2. Бул нускама кабарлоонун формаларын жана ташуу жөнүндө документти кантип толтуруу керектиги жөнүндө зарыл түшүндүрмөлөрдү камтыйт. Эки документ тең жогоруда аталган үч актынын талаптарына жооп берет: аларда Базель конвенциясынан, ЭКӨУ чечиминен жана Европа коомчулугунун директивасынан келип чыккан конкреттүү талаптар эске алынган. Документтер бардык үч актынын талаптарына жооп бере тургандай деталдуу түрдө түзүлгөндүктөн, формалардын бардык бөлүмдөрү бардык документтерге тиешелүү болбошу мүмкүн экенин эске алуу керек, ошондуктан айрым учурларда формалардын бардык бөлүмдөрүн толтуруунун зарылдыгы жок болушу мүмкүн. Барактын ылдый жагындагы шилтемелерде бир гана контролдоо системасынан келип чыккан бардык конкреттүү талаптар көрсөтүлгөн. Ошондой эле өлкөнүн мыйзамдарында Базель конвенциясында же ЭКӨУ чечиминде кабыл алынган терминологиядан айырмаланган терминология колдонулушу мүмкүн. Мисалы, Европа коомчулугунун директивасында "ташуу" дегендин ордуна "берүү" деген термин колдонулат, ошондуктан билдирүү документинин жана ташуу жөнүндө документтин аталыштары бул терминологиялык вариацияны чагылдырып, "өткөрүү/берүү" деген кош терминди колдонот.
3. Үч ченемдик актыда ар кандай аныктама берилгенин эске алуу менен эки документ тең бир эле учурда "жок кылуу" жана "рекуперация" терминдерин колдонот. Европа бирлиги жана ЭКӨУ Базель конвенциясынын IV.A тиркемесинде жана ЭКӨУ чечиминин 5.В кошумчасында көрсөтүлгөн калдыктарды жок кылуу боюнча операцияларга карата колдонулуучу "жок кылуу" терминин колдонот. Базель конвенциясынын текстинин өзүндө "жок кылуу" термини жок кылуу боюнча да жана рекуперациялоо боюнча да операцияларды камтыйт.
4. Ташуу жөнүндө билдирүүнү жана документти (кагаз жана электрондук түрдө) даярдоо жана берүү үчүн жоопкерчилик ар бир экспорттоочу мамлекеттин компетенттүү улуттук инстанцияларына жүктөлөт. Мында жөнөтүлгөн калдыктардын партияларын көзөмөлдөөнү жеңилдетүүчү номерлөө системасы колдонулат деп болжолдонууда. Номерлөө ISO 3166 стандартындагы өлкөлөрдү шарттуу белгилөө тизмесине ылайык өлкөнүн кодун коюудан башталышы керек.
5. Өлкөлөр документтерди өлкөдө кабыл алынган стандарттык форматта (көбүнчө Бириккен Улуттар Уюму сунуштаган А4 ISO форматында) берүүнү каалашы мүмкүн. Ошентсе да белгилей кетүү керек, эл аралык документ жүгүртүүнү жеңилдетүү максатында жана А4 ISO менен Түндүк Америка өлкөлөрүнүн форматында стандарттык барак өлчөмдөрүнүн ортосундагы айырмачылыктарды эске алуу менен формалардын тексти 183⨯262 мм өлчөмүндөгү алкакка туура келиши керек, ал эми талаалар барактын үстүнөн жана сол жагынан тегизделүүгө тийиш.
2-глава. Ташуу жөнүндө билдирүүнүн жана документтин максаты
6. Документ-билдирүү сөз болуп жаткан өлкөнүн компетенттүү инстанциясына сунушталган калдыктарды ташуунун алгылыктуулугун баалоо үчүн ал муктаж болуп жаткан маалыматты берүү үчүн зарыл. Документте компетенттүү инстанция билдирүүнү алгандыгын ырастай турган жана тиешелүү учурда болжолдонгон ташууга жазуу жүзүндө макулдук бере турган уяча белгиленген.
7. Ташуу жөнүндө документ калдыктардын партиясын ташуунун бардык мезгилинде ташуу булагынан башка өлкөдөгү жок кылуу же рекуперация жерине жеткенге чейин коштоп жүрөт. Трансчек аралык ташып өтүү үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган ар бир адам ташылуучу калдыктарды жеткирүү же алуу учурунда ташуу жөнүндө документке кол коёт. Документте партиянын бардык ташуучулары жөнүндө кеңири маалыматты киргизүү үчүн атайын уяча каралган. Ташуу жөнүндө документте бардык катышкан өлкөлөрдүн бажы пункттары аркылуу калдыктардын партиясы өткөн учурду каттоо үчүн уяча каралган. Мындай жол-жоболорду так сактоо колдонулуучу эл аралык ченемдик укуктук актыларга ылайык талап кылынбаса да, айрым өлкөлөрдүн улуттук мыйзамдары жүктүн кыймылын тийиштүү түрдө контролдоо үчүн мындай жол-жоболорду сактоону жана маалымат берүүнү талап кылат. Жыйынтыктап айтканда документ ошондой эле калдыктарды алуу фактысын жана аларды жок кылуу же рекуперациялоо боюнча операцияны аяктоо фактысын күбөлөндүргөн калдыктарды жок кылуу же рекуперациялоо боюнча тиешелүү объекттин өкүлү тарабынан пайдалануу үчүн арналгандыгын көрсөтүү керек.
3-глава. Жалпы талаптар
8. Документтердин басылган нускалары башынан аягына чейин компьютерде же кол менен туруктуу сыя менен басма тамгалар менен толтурулат. Бардык учурларда документтерге туруктуу сыя менен кол коюлат, ал эми ыйгарым укуктуу өкүлдүн фамилиясы, аты жана атасынын аты кол тамганын тушуна басма тамгасы менен жазылат. Анча чоң эмес каталар компетенттүү инстанциянын макулдугу менен оңдолушу мүмкүн. Өзгөртүлгөн текст тиешелүү түрдө белгиленип, кол коюлуп, мөөр басылып, түзөтүү киргизүүнүн датасы көрсөтүлүшү керек. Олуттуу өзгөртүүлөр же оңдоолор жаңы форманы толтурууну талап кылат.
9. Толтурулган нускага компетенттүү инстанциянын макулдугу менен киргизилген ар кандай өзгөртүүлөр даана көрүнүп турушу керек. Аларды электрондук почта аркылуу жөнөтүүдө электрондук формаларды колдонууда электрондук кол тамганы пайдалануу керек.
10. Тилдик котормону жөнөкөйлөтүү үчүн бир нече бөлүмдөр тексттик маалыматты киргизбестен, кодду коюунун жардамы менен толтурууга эсептелген. Тексттик маалымат талап кылынган жерлерде, импорттоочу өлкөнүн инстанциялары жана тиешелүү болгон учурда башка компетенттүү инстанциялар үчүн түшүнүктүү болгон сөздөр колдонулушу керек.
11. Даталар алты орундуу сандык форматта жазылат. Мисалы, 2006-жылдын 29-январы 29.01.06 (күн.ай.жыл) деп жазылат.
12. Эгерде документтерди тиркемелер же кененирээк маалыматты камтыган коштоочу материалдар менен толуктоо керек болсо, ар бир тиркеме негизги документтин чыгыш номери менен белгиленип, тиркеме тиешелүү болгон бөлүмгө шилтеме камтылышы керек.
4-глава. Билдирүүнүн формасын толтуруу боюнча нускамалар
13. Экспорттоочу же экспорттоочу мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы 1-18-бөлүмдөрдү толтурат (3-бөлүмдөгү билдирүүнүн номеринен башка). Калдыктардын булагы, эгерде бар болсо, 17-бөлүмгө жазылат.
14. 1 жана 2-бөлүмдөр. Экспорттоочунун же тиешелүү экспорттоочу өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын, ошондой эле импорттоочунун каттоо номерин (эгер бар болсо), толук аталышын (аты-жөнүн), дарегин (өлкөнүн аталышын кошо алганда), телефон жана факс номерлерин (өлкөнүн кодун кошо алганда) жана электрондук почта дарегин, ошондой эле жүктү жөнөтүү үчүн жооптуу байланыш адамынын атын көрсөтүү керек. Жүктү жөнөтүү учурунда өзгөчө кырдаал жаралган учурда бардык компетенттүү адамдар менен байланышууга телефон жана факс номерлери жана электрондук почта дареги жардам берет.
15. Адатта, импорттоочу 10-бөлүмдө көрсөтүлгөн жок кылуу же рекуперациялоо боюнча объект катары чыгат. Бирок айрым учурларда, импорттоочу башка адам болушу мүмкүн, мисалы, ушул сапатта таанылган соодагер, дилер, брокер же корпоративдик субъект, мисалы, 10-бөлүмдө пайда болгон жок кылуу же рекуперациялоо боюнча кабыл алуучу субъекттин штаб-квартирасы же номиналдык өкүлү. Импорттоочу катары аракетке жөндөмдүү болуу үчүн ушул сапатта таанылган соодагер, дилер, брокер же корпоративдик субъект импорттолуучу өлкөнүн юрисдикциясына кириши керек жана импорттолуучу өлкөгө калдыктар партиясы келген учурда калдыктарды юридикалык контролдоонун кандайдыр бир башка формасына ээ болушу керек. Бул учурда ушул сапатта таанылган соодагер, дилер, брокер же корпоративдик субъект жөнүндө маалымат 2-бөлүмдө чагылдырылышы керек.
16. 3-бөлүм. Билдирүү документин берүүдө компетенттүү инстанция ага өзүнүн системасына ылайык каттоо номерин берет, ал ушул бөлүмгө киргизилет (жогорудагы 4-пунктту караңыз). Тиешелүү терезеге белги коюу менен төмөнкү маалыматты көрсөтүү керек:
a) билдирүү бир жолку берүүнү (бир билдирүүнү) же көп жолку берүүнү (башкы билдирүүнү) камтыйт;
b) жөнөтүлгөн калдыктар жок кылууга арналган (жогорудагы 1 жана 3-пункттарга ылайык, жөнөтүү Базель конвенциясынын же Европа коомчулугунун директивасынын чөйрөсүнө кирген, бирок ЭКӨУ чечиминин компетенциясына кирбеген учурларда мүмкүн) же рекуперациялоо үчүн арналган;
c) жөнөтүлгөн калдыктар Амбер боюнча контролдоо жол-жобосунун таасирине туура келген белгилүү бир калдыктарды кабыл алууга алдын ала макулдук берилген объект үчүн арналган - 2-учур "Амбер боюнча контролдоо жол-жобосунун аракети" (ЭКӨУ чечиминин II главасынын D бөлүмүн караңыз).
17. 4, 5 жана 6-бөлүмдөр. Бир жолку же көп жолку берүү үчүн 4-бөлүмдө жөнөтүлүүчү партиялардын санын, ал эми 6-бөлүмдө бир жолку берүүнүн пландалган датасын же көп жолку берүүгө карата биринчи жана акыркы жөнөтүүнүн даталарын көрсөтүңүз. 5-бөлүмдө калдыктардын салмагын тонна менен (Мг же 1000 кг) же калдыктардын көлөмүн куб метр менен (мисалы, 1000 л) көрсөтүңүз. Килограмм же литр сыяктуу метрикалык системалардын башка бирдиктери дагы кабыл алынат; аларды колдонууда салмактын же көлөмдүн колдонулган өлчөө бирдигин көрсөтүү керек, формада алдын ала коюлган бирдикти сызып салыңыз. Кээ бир өлкөлөр бардык учурларда салмакты көрсөтүүнү талап кылышы мүмкүн. Көп жолку берүү учурунда жөнөтүлүүчү калдыктардын жалпы саны 5-бөлүмдө көрсөтүлгөн сандан ашпашы керек. 6-бөлүмдөгү берүүнүн пландалган мөөнөтү бир жылдан ашпашы керек. Буга ЭКӨУ чечимине ылайык келген (16-пунктту караңыз) алдын ала макулдашылган рекуперациялоо боюнча объекттерге көп жолку берүүлөр кирбейт, алар үчүн пландалган мезгил үч жылдан ашпашы керек. Көп жолку берүүгө карата Базель конвенциясы 5 жана 6-бөлүмдөрдө же тиркемеде пландалган даталарды же пландалган жыштыкты жана жөнөтүлүүчү ар бир партиядагы калдыктардын болжолдуу санын көрсөтүүнү талап кылат. Эгерде ыйгарым укуктуу орган ташууга жазуу жүзүндө макулдугун берсе жана бул макулдуктун колдонуу мөөнөтү 20-бөлүмдө 6-бөлүмдө көрсөтүлгөн мөөнөттөн айырмаланса, ыйгарым укуктуу органдын чечими 6-бөлүмдөгү маалыматтан жогору турат.
18. 7-бөлүм. Таңгактын түрлөрү кыскартуулар тизмесинде келтирилген коддор жана документ-билдирүүгө тиркемедеги коддор аркылуу көрсөтүлөт. Эгерде калдыктарды иштетүүгө өзгөчө талаптар болсо, мисалы, өндүрүүчүнүн иштетүү боюнча нускамаларына, эмгекти коргоо же коопсуздук техникасы боюнча маалыматка, анын ичинде авариялык төгүлүү учурундагы аракеттер жөнүндө маалыматка жана кооптуу жүктөрдү ташуунун авариялык картасына ылайык, тиешелүү уячага белги коюп, тиркеме түрүндө маалымат бериңиз.
19. 8-бөлүм. Берүүгө катышкан жүк ташуучу же жүк ташуучулар жөнүндө төмөнкү зарыл маалыматтарды бериңиз: каттоо номери (эгер бар болсо), толук аты-жөнү, дареги (өлкөнүн аталышын кошо алганда), телефон жана факс номерлери (өлкөнүн кодун кошо алганда), электрондук почта дареги жана жүк ташууга жооптуу байланыш адамынын аты-жөнү. Эгерде бир нече жүк ташуучу болсо, билдирүүгө ар бири боюнча зарыл маалымат менен жүк ташуучулардын толук тизмеси менен толуктоо сунушталат. Эгерде ташуу экспедитор тарабынан уюштурулса, 8-бөлүмдө экспедитордун маалыматтары, ал эми тиркемеде чыныгы жүк ташуучулардын тиешелүү маалыматтары камтылышы керек. Ташуунун түрү тиркелген кыскартуулардын жана коддордун тизмесинде кыскартууларды колдонуу менен көрсөтүлөт.
20. 9-бөлүм. Калдыктарды өндүрүүчү жөнүндө зарыл болгон маалыматты бериңиз. Бул маалымат Базель конвенциясына ылайык талап кылынат жана улуттук мыйзамдарга ылайык көптөгөн өлкөлөр аны сурашы мүмкүн. Мындай маалымат ЭКӨУнун чечиминин алкагында рекуперациялоо үчүн калдыктарды ташууда талап кылынбайт. Эгерде мындай болсо, өндүрүүчүнүн каттоо номерин көрсөтүү керек. Эгерде калдыктарды экспорттоочу аларды өндүрүүчү болуп саналса, "1-бөлүмдү караңыз" деп көрсөтүү керек. Бирден ашык өндүрүүчү болгон учурда бул бөлүмдө "тиркелген тизмени караңыз" деп жазуу жана кабарламаны алардын ар бири боюнча талап кылынган маалыматтарды көрсөтүү менен калдыктарды өндүрүүчүлөрдүн тизмеги менен толуктоо керек. Эгерде өндүрүүчү белгисиз болсо, калдыктарга ээлик кылган жана/же аларды контролдогон адамды көрсөтүңүз. Базель конвенциясына ылайык "өндүрүүчү" түшүнүгүнүн аныктамасы анын иши калдыктардын пайда болушуна алып келген адам белгисиз болгон учурда, бул калдыктарга ээлик кылган жана/же аларды контролдогон адам өндүрүүчү деп эсептеле тургандыгы каралган. Мындан тышкары калдыктардын пайда болуу процесси жана аларды өндүрүү жери жөнүндө маалыматтарды бөлүшүү керек. Айрым өлкөлөр калдыктарды өндүрүүчү жөнүндө маалыматтар компетенттүү органга гана жеткиликтүү болгон өзүнчө тиркемеде берилиши керек экендигине макул болушу мүмкүн.
21. 10-бөлүм. Объекттин тиешелүү түрүнө: жок кылуу же рекуперациялоо боюнча маңдайына белги коюу менен жүктүн бара турган жери жөнүндө талап кылынган маалыматты бериңиз. Эгерде мындай болсо, өндүрүүчүнүн каттоо номерин көрсөтүү керек. Эгерде жок кылуу же рекуперациялоо объекти калдыктарды импорттоочу болуп саналса, "2-бөлүмдү караңыз" деп көрсөтүү керек. Эгерде жок кылуу же рекуперациялоо операциясы D13-D15, R12-R13 түрүнө кирсе (кабарламага тиркелген кыскартуулардын жана коддордун тизмесиндеги операциялардын классификациясына ылайык), бул операцияны жүргүзгөн объектти 10-бөлүмдө көрсөтүү керек; операцияны жасоонун иш жүзүндөгү жерин да ошол жерде көрсөтүү керек. Мындай учурда R12/R13, D13-D15, D1-D12, R1-R11 түрүндөгү кийинки операциялар аткарылган же аткарылышы мүмкүн болгон ар кандай объект же объекттер жөнүндө тиешелүү маалыматтар тиркемеде берилген. Эгерде ал объекттин дареги менен дал келбесе жок кылуунун же рекуперациялоонун иш жүзүндөгү жери жөнүндө маалыматты берүү керек.
22. 11-бөлүм. Кыскартуулардын жана коддордун тиркелген тизмесинен "R" же "D" коддорунун жардамы менен жок кылуу же рекуперациялоо операциясынын түрүн көрсөтүү керек. ЭКӨУнун чечими ЭКӨУ зонасынын чегинде рекуперациялоо ("R" коду) үчүн арналган калдыктарды трансчек аралык ташууга гана колдонулат. Эгерде жок кылуу же рекуперациялоо боюнча операция D13-D15 же R12-R13 түрүнө кирсе, анда бардык кийинки операциялар (R12/R13 же D13-D15, ошондой эле D1-D12 же R1-R11) жөнүндө тиешелүү маалымат тиркемеде берилүүгө тийиш. Колдонулган технологияны көрсөтүңүз. Экспорттун максатын да белгилеңиз (ЭКӨУнун чечимине ылайык талап кылынбайт).
23. 12-бөлүм. Материалдын кадыресе аталышын же аталышын же коммерциялык аталышын жана анын негизги (саны жана/же кооптуулугу боюнча) компоненттеринин аталыштарын, ошондой эле эгерде алар белгилүү болсо алардын салыштырмалуу концентрацияларын (пайыздык катышта көрсөтүлгөн) көрсөтүңүз. Эгерде калдыктардын аралашмасы жөнүндө сөз болсо, анда ар түрдүү фракциялар жөнүндө ошол эле маалыматты берүү жана аларды рекуперациялоо кызыкчылык жараткан фракцияларды көрсөтүү керек. Улуттук мыйзамдарга ылайык калдыктардын курамына химиялык талдоо жүргүзүү талап кылынышы мүмкүн. Зарыл болгон учурда тиркемеде бир кыйла толук маалымат бериңиз.
24. 13-бөлүм. Кыскартуулардын жана коддордун тиркелген тизмесине ылайык физикалык касиеттердин коддорун колдонуу менен нормалдуу температурада жана басымда калдыктардын физикалык касиеттерин көрсөтүңүз.
25. 14-бөлүм. Базель конвенциясы боюнча кабыл алынган системага (14-бөлүмдүн "i" рубрикасы) жана тиешелүү учурларда ЭКӨУнун чечими боюнча кабыл алынган системаларга (14-бөлүмдүн "ii" рубрикасы), ошондой эле кабыл алынган башка классификация системаларына ("iii" - "xii" рубрикалары) ылайык калдыктарды идентификациялоо кодун көрсөтүңүз. Өзүнүн коду жок калдык аралашмасы жөнүндө сөз болгон учурларды кошпогондо, ЭКӨУнун чечимине ылайык калдыктарды идентификациялоо үчүн бир кодду (Базель конвенциясынын системасы же ЭКӨУнун чечими боюнча системага ылайык) көрсөтүү жетиштүү. Бул учурда калдыктардын аралашмасындагы ар бир фракциянын кодун көрсөтүү, аларды маанилүүлүгүнө жараша саноо зарыл (зарыл болгон учурда тиркемени колдонуңуз):
a) "i" рубрикасы: Базель конвенциясына жана ЭКӨУнун чечимине ылайык контролдонгон калдыктарга карата колдонулуучу VIII тиркемеге ылайык калдыктардын коддук белгилерин колдонуу керек (ЭКӨУнун чечиминин 4-тиркемесинин I бөлүгүн караңыз); Базель конвенциясынын IX тиркемесиндеги коддук белгилер Базель конвенциясына жана ЭКӨУнун чечимине ылайык контролдонбогон, бирок өзгөчө себептерден улам, мисалы, кооптуу калдыктар менен булгануудан улам же улуттук эрежелерге ылайык башка классификацияга ээ болгондуктан мындай контролдун объекттери болгон калдыктарды идентификациялоо үчүн колдонулат (ЭКӨУнун чечиминин 3-тиркемесинин I бөлүгүн караңыз). Базель конвенциясынын VIII жана IX тиркемелери бул Конвенциянын расмий версиясында жана Колдонуу боюнча колдонмодо камтылган (нускалар үчүн Базель конвенциясынын катчылыгына кайрылыңыз). Эгерде калдыктардын бул түрү Базель конвенциясынын VIII же IX тиркемелерине кирбесе, "киргизилген жок" деп белгилеңиз;
б) "ii" рубрикасы: ЭКӨУго мүчө өлкөлөр ЭКӨУнун чечиминин 3 жана 4-толуктоолорунун II бөлүгүндө көрсөтүлгөн, б.а. Базель конвенциясында саналган калдыктардын арасында эквиваленти жок калдыктарга же ЭКӨУнун чечимине ылайык Базель конвенциясына ылайык контролдун башка режимине туура келген калдыктарга карата калдыктардын коддук белгилерин колдонушу керек. Эгерде калдыктардын бул түрү ЭКӨУнун чечиминин III жана IV толуктоолорунун II бөлүгүнө кирбесе, "киргизилген жок" деп белгилеңиз;
в) "iii" рубрикасы: Европа бирлигине мүчө мамлекеттер Европа коомчулугу үчүн кабыл алынган калдыктардын тизмегиндеги коддук белгилерди колдонушу керек (оңдоп-түзөтүүлөр менен Комиссиянын 200/532/ЕБ чечимин караңыз);
г) "iv" жана "v" рубрикалары: эгер импорт өлкөсүндө бул белгилүү болсо, тиешелүү учурларда экспорт өлкөсүндөгү коддук белгилерди колдонуу керек;
д) "vi" рубрикасы: эгерде бул максатка ылайыктуу болсо же тиешелүү компетенттүү орган тарабынан сунушталса, бул рубрикага калдыктарды идентификациялоону жеңилдетүүчү башка коддук белгини же кошумча маалыматты киргизүү керек;
е) "vii" рубрикасы: эгерде мындай болсо, "жөнгө салынууга тийиш болгон калдыктардын категориясын же категорияларын" (Базель конвенциясынын I тиркемесин жана ЭКӨУнун чечиминин I тиркемесин караңыз) же Базель конвенциясынын II тиркемесине ылайык "өзгөчө кароону талап кылган калдыктардын категориясын" белгилөө үчүн тиешелүү "Ү-" кодун коюңуз (Базель конвенциясын колдонуу боюнча колдонмонун 2-тиркемесин караңыз). Жеткирилүүчү калдыктар Базель конвенциясына ылайык эки "өзгөчө кароону талап кылган категориянын" бирине кирген учурларды кошпогондо, ЭКӨУнун чечимине ылайык "Ү-" коддук белгилерин киргизүү талап кылынбайт (Ү46 жана Ү47, же II тиркемеден алынган калдыктар); бул учурда базель системасы боюнча "Ү-" коддук белгисин коюу керек;
ж) "viii" рубрикасы: тиешелүү учурларда "Н-" тиешелүү коддорун, б.а. калдыктардын кооптуу касиеттерин коддорун коюңуз (кабарлоо документине тиркелген кыскартуулардын жана коддордун тизмесин караңыз);
з) "ix" рубрикасы: тиешелүү учурларда БУУда кабыл алынган классификацияга ылайык калдыктардын кооптуу касиеттерин белгилеген жана кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча эл аралык эрежелерде каралган (БУУнун кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча сунуштамаларын: типтүү эрежелерди караңыз) ("Кызгылт сары китеп", акыркы басылышы) БУУнун тиешелүү классын же класстарын коюңуз (кыскартуулардын жана коддордун тиркелген тизмесин караңыз);
и) "х" жана "xi" рубрикалары: тиешелүү учурларда бул жерде БУУда кабыл алынган тиешелүү номерлерди жана жүктүн аталыштарын көрсөтүү керек. Алар БУУнун классификация системасына ылайык калдыктарды идентификациялоо үчүн колдонулат жана кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча эл аралык эрежелерде каралган (БУУнун кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча сунуштамаларын: типтүү эрежелерди караңыз) ("Кызгылт сары китеп", акыркы басылышы);
к) "xii" рубрикасы: тиешелүү учурларда бул жерде бажы органдары тарабынан калдыктарды идентификациялоо үчүн колдонулган бажы кодун же коддорун коюу керек (Дүйнөлүк бажы уюмунун товарларды сыпаттоонун жана коддоонун гармониялаштырылган системасында көрсөтүлгөн товарлардын коддорунун жана сыпаттамаларынын тизмесин караңыз).
26. 15-бөлүм. Базель конвенциясы "мамлекет", ЭКӨУнун чечими - "мүчө өлкөлөр", ал эми Европа коомчулугунун директивасы - "мүчө мамлекеттер" деген түшүнүктү колдонот. 15-бөлүмдүн "а" сабында экспорттун, транзиттин жана импорттун өлкөлөрүнүн же мамлекеттеринин аталышын же ар бир өлкөнүн же мамлекеттин ISO 3166 стандартындагы өлкөлөрдүн шарттуу белгилердин тизмегине ылайык коддук белгисин көрсөтүү керек. "В" сабында ар бир өлкөнүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органынын коддук номери, эгерде бул өлкөнүн улуттук мыйзамдарына ылайык талап кылынса, ал эми "с" сабында чек арадан өтүү пунктунун же порттун аталышы жана тиешелүү учурларда конкреттүү өлкөгө ташып келүүнүн же конкреттүү өлкөдөн ташып чыгуунун бажы пунктунун коддук белгиси коюлат. Транзиттик өлкөлөргө карата "с" сабында ташып келүү жана ташып чыгуу пункттары жөнүндө маалыматтарды берүү керек. Эгерде транзиттик өлкөлөрдүн саны үчтөн ашса, кабарламаны мындай транзиттик өлкөлөр жөнүндө маалыматтарды камтыган тиркеме менен толуктоо сунушталат.
27. 16-бөлүм. Европа бирлигине мүчө мамлекеттин аймагы аркылуу ташып келүүнү, транзитти же ташып чыгууну караган ташууда толтурулат.
28. 17-бөлүм. Документ-кабарламанын ар бир көчүрмөсүнө тиешелүү өлкөнүн компетенттүү органына жиберилгенге чейин экспорттоочу (бул сапатта соодагер, дилер же брокер катары таанылган, экспорттоочу катары чыгуучу) же тиешелүү учурларда экспорттоочу мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан кол жана дата коюлууга тийиш. Базель конвенциясына ылайык бул билдирүүгө калдыктарды өндүрүүчү тарабынан да кол коюлууга тийиш; эгерде бир нече өндүрүүчү тартылса, бул талапты аткаруу мүмкүн болбой калышы мүмкүн эмес деп таанылат (мындай талапты аткаруу даражасын аныктоо улуттук мыйзамдарда болушу мүмкүн). Мындан тышкары эгерде калдыктарды өндүрүүчү белгисиз болсо, документке калдыктарга ээлик кылган жана/же аларды контролдогон адам кол коет. Айрым өлкөлөр бул билдирүү үчүнчү жактарга келтирилген зыян үчүн камсыздандыруу келишиминин бар экендигин да күбөлөндүрүүнү талап кылышы мүмкүн. Айрым өлкөлөр камсыздандыруу келишиминин бар экендигин документтик далилин же кабарламага тиркеме түрүндө башка финансылык кепилдиктерин жана келишимдин көчүрмөсүн көрсөтүүнү талап кылышы мүмкүн.
29. 18-бөлүм. Бул жерде башка кошумча маалыматты камтыган жана кабарлоо документин коштогон тиркемелердин санын көрсөтүү керек (5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, 14, 15, 20 же 21-бөлүмдөрдү караңыз). Ар бир тиркеме кабарламанын каттоо номери менен белгиленүүгө тийиш жана бул номер 3-бөлүмдүн бурчунда көрсөтүлүүгө тийиш.
30. 19-бөлүм. Кабарламанын алынгандыгын ырастоо үчүн компетенттүү орган тарабынан толтурулат. Базель конвенциясына ылайык мындай ырастоо импорттоочу жана транзиттик өлкөнүн/өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу органынан/органдарынан талап кылынат. ЭКӨУнун чечимине ылайык кабарламанын алынгандыгын ырастоо импорттоочу өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынан күтүлөт. Айрым өлкөлөр өзүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык экспорттоочу өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы да кабарламаны алгандыгын ырастоосун талап кылышы мүмкүн.
31. 20, 21-бөлүмдөр. Калдыктарды трансчек аралык ташууга жазуу жүзүндөгү макулдук берилген учурда ар кандай тиешелүү өлкөнүн компетенттүү органы тарабынан толтурулат. Базель конвенциясы (транзитке карата жазуу жүзүндөгү макулдукту талап кылбоону чечкен жана бул жөнүндө Базель конвенциясынын 6 (4) беренесине ылайык башка Тараптарга билдирген кайсы бир өлкөнү кошпогондо) жана айрым өлкөлөр милдеттүү тартипте жазуу жүзүндөгү макулдукту талап кылат, ошол эле учурда ЭКӨУнун чечими жазуу жүзүндөгү макулдукту талап кылбайт. Өлкөнүн аталышын (же ISO 3166 стандартындагы өлкөлөрдүн шарттуу белгилеринин тизмегине ылайык анын коддук белгисин), макулдук берилген датаны жана анын жарактуулук датасын көрсөтүү керек. Эгерде өткөрүү өзгөчө шарттарга туура келсе, компетенттүү орган тиешелүү уячага белги коюшу жана бул өзгөчө шарттарды 21-бөлүмдө же кабарлоо документинин тиркемесинде баяндашы керек. Эгерде ыйгарым укуктуу орган калдыктарды ташууга каршы болсо, 20-бөлүмгө "КАРШЫМЫН" деген сөздү киргизүү менен бул каршылыгын билдирүүсү керек. Калдыктарды ташууга каршылык көрсөтүүнүн себептерин түшүндүрүү үчүн 21-бөлүмдү же аны документке тиркөө менен кошумча баракты колдонууга болот.
5-глава. Ташуу жөнүндө документти толтуруу боюнча конкреттүү нускамалар
32. Экспорттоочу же экспорттоочу мамлекет ташуучу же анын өкүлү толтуруучу ташуу түрүнөн, кайра жүктөө датасынан жана 8 a жана 8 с бөлүмдөрдөгү коюлган колунан тышкары, 2-16-бөлүмдөрдү толтурат. Эгерде ал калдыктарды жок кылуу же рекуперациялоо боюнча объект болбосо жана эгерде ал импорттоочу өлкөгө келгенден кийин жөнөтүлгөн калдыктар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алса Импорттоочу 17-бөлүмдү толтурат.
33. 1-бөлүм. Кабарламанын каттоо номерин коюңуз. Ал кабарлоо документинин 3-бөлүмүндө көрсөтүлгөн.
34. 2-бөлүм. Эгерде көп жолку жеткирүүгө тиешелүү башкы кабарлама жөнүндө сөз болуп жатса, кабарлоо документинин 4-бөлүмүнө ылайык жеткирүүнүн сериялык номерин жана жеткирүүлөрдүн пландалган жалпы санын коюңуз. (Мисалы, эгерде бул башкы кабарламанын алкагында пландалган он бир жеткирүүнүн төртүнчү партиясы жөнүндө сөз болуп жатса "4" жана "11" деп көрсөтүңүз). Бир жолку жеткирүү учурунда 1/1 коюңуз.
35. 3, 4-бөлүмдөр. Кабарлоо документинин 1 жана 2-бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөн экспорттоочу же экспорттоочу мамлекеттин жана импорттоочунун компетенттүү органы жөнүндө маалыматтарды кайра чыгарыңыз.
36. 5-бөлүм. Жеткирилген калдыктардын тонна менен иш жүзүндөгү салмагын (бир Мг же 1000 кг) же калдыктардын куб метр менен көлөмүн көрсөтүңүз (мисалы, 1000 л). Килограмм же литр сыяктуу метрикалык системанын башка бирдиктери да колдонулат; аларды колдонууда салмактын же көлөмдүн колдонулган өлчөө бирдигин көрсөтүү керек, формада алдын ала коюлган бирдикти сызып салыңыз. Айрым өлкөлөр бардык учурларда салмакты көрсөтүүнү талап кылышы мүмкүн. Эгерде болсо, платформалык таразаларда жүктү таразага тартуу жөнүндө коштомо кагаздардын нускаларын тиркеңиз.
37. 6-бөлүм. Иш жүзүндөгү жөнөтүү башталган датаны көрсөтүү. Бардык партияларды жөнөтүү башталган даталар компетенттүү органдардын макулдугунун жарактуулук мезгилинин чегинен ашпоого тийиш. Эгерде бир нече компетенттүү орган ар кандай жөнөтүү мезгилине уруксат берсе, бардык компетенттүү органдардын уруксаты бир убакта жарактуу болгон мезгилде гана бир жолку же көп жолку жеткирүүнү жүргүзүүгө мүмкүн болот.
38. 7-бөлүм. Таңгактын түрлөрү ташуу жөнүндө документтин тиркемесиндеги кыскартуулардын жана коддордун тизмесинде берилген коддорду коюу аркылуу көрсөтүлөт. Эгерде калдыктарды иштетүүгө өзгөчө талаптар болсо, мисалы, өндүрүүчүнүн иштетүү боюнча нускамаларына ылайык, эмгектин гигиенасы же коопсуздук техникасы боюнча маалымат, анын ичинде авариялык төгүлүү учурундагы иш-аракеттер жөнүндө маалымат жана кооптуу жүктөрдү ташуунун авариялык карточкасы болсо, тиешелүү уячага белги коюңуз жана тиркеме түрүндө маалымат бериңиз. Жөнөтүлүүчү партиядагы жүк орундарынын санын да көрсөтүү керек.
39. 8 а, 8 b жана 8 с бөлүмдөр. Ар бир иш жүзүндөгү ташуучунун каттоо номерин (эгер болсо), толук аталышын (аты-жөнү), дарегин (өлкөнүн аталышын кошкондо), телефон жана факс номерлерин (өлкөнүн кодун кошкондо), электрондук почта дарегин көрсөтүңүз. Эгерде ташуучулар үчтөн көп болсо, бул документти ар бир ташуучу боюнча зарыл болгон маалыматтарды камтыган ташуучулардын толук тизмеги менен толуктоо сунушталат. Эгерде өткөрүүнү экспедитор уюштурса, 8-бөлүмдө экспедитор жөнүндө маалыматтарды, ал эми тиркемеде - иш жүзүндөгү ташуучулар жөнүндө тиешелүү маалыматтарды берүү керек. Ташуунун түрү, кайра жүктөөнүн датасы жана колу жүк ташуучу же жүктү өзүнө алган жүк ташуучунун өкүлү тарабынан коюлат. Ташуу жөнүндө кол коюлган документтин бир нускасы экспорттоочуда калат. Калдыктардын партиясын кийинки ар бир кайра жүктөөдөн кийин жаңы ташуучудан же жүктү өзүнө алган ташуучунун өкүлүнөн ошол эле талапты сактоо жана документке кол коюу күтүлөт. Кол коюлган документтин бир нускасы мурдагы ташуучуда калат.
40. 9-бөлүм. Кабарлоо документинин 9-бөлүмүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды кайра чыгаруу.
41. 10, 11-бөлүмдөр. Кабарлоо документинин 10, 11-бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды кайра чыгаруу. Эгерде жок кылуу же рекуперациялоо боюнча объект калдыктарды импорттоочу болсо 10-бөлүмдө "4-бөлүмдү караңыз" деп көрсөтүү керек. Эгерде жок кылуу же рекуперациялоо операциясы D13-D15 же R12-R13 түрүнө кирсе (ташуу жөнүндө документке тиркелген кыскартуулардын жана коддордун тизмесиндеги операциялардын классификациясына ылайык), анда бул операцияны жүргүзгөн объект жөнүндө 10-бөлүмдө берилген маалымат менен гана чектөө жетиштүү. R12/R13 же D13-D15 түрүндөгү кийинки операцияларды жүргүзгөн башка объекттер жана D1-D12 же R1-R11 түрүндөгү операцияларды жүргүзгөн кийинки объекттер жөнүндө эч кандай кошумча маалыматты ташуу жөнүндө документке киргизүү талап кылынбайт.
42. 12, 13, 14-бөлүмдөр. Кабарлоо документинин 12, 13, 14-бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды кайра чыгаруу.
43. 15-бөлүм. Жүктөп жөнөтүү учурунда ташуу жөнүндө документке экспорттоочу (бул сапатта соодагер, дилер же брокер катары таанылган, экспорттоочу катары чыгуучу) же тиешелүү учурларда экспорттоочу мамлекеттин компетенттүү органы, ошондой эле Базель конвенциясына ылайык калдыктарды өндүрүүчү тарабынан кол жана дата коюлат. Айрым өлкөлөр ташуу жөнүндө документти компетенттүү органдардын ташууга болгон жазуу жүзүндөгү макулдугун жана алар тарабынан макулдашылган шарттарды камтыган кабарлоо документинин көчүрмөлөрүн же түп нускалары менен коштоону талап кылышы мүмкүн.
44. 16-бөлүм. Трансчек аралык ташууга катышкан ар кандай адам (экспорттоочу же экспорттоочу мамлекеттин компетенттүү органы жана импорттоочу, ар кандай компетенттүү орган, ташуучу) тарабынан толтурулат. Бул улуттук мыйзамдарга ылайык конкреттүү маселе боюнча кошумча маалымат талап кылынган өзгөчө учурларда жасалат (мисалы, жүктү транспорттун башка түрүнө жүктөө порту жөнүндө маалыматтар, контейнерлердин саны жана алардын каттоо номерлери же компетенттүү органдар тарабынан ташууну жактыруу фактысын күбөлөндүргөн кошумча күбөлүктөр же мөөрлөр).
45. 17-бөлүм. Эгерде импорттоочу калдыктарды жок кылуу же рекуперациялоо объектиси болуп саналбаса, импорттоочу тарабынан толтурулат жана импорттолгон өлкөгө келгенден кийин жүктөп жөнөтүлгөн калдыктар үчүн импорттоочу жоопкерчиликти өзүнө алат.
46. 18-бөлүм. Жеткирилген партияны алгандан кийин калдыктарды жок кылуу же рекуперациялоо боюнча объекттин ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан толтурулат. Ал тиешелүү уячага (объекттин түрү) белги коюшу керек. Алынган көлөмдөргө карата 5-бөлүмдүн конкреттүү нускамаларын колдонуңуз (36-пункт). Кол коюлган ташуу жөнүндө документтин көчүрмөсү акыркы ташуучуга берилет. Эгерде кандайдыр бир себептерден улам жүктөп жөнөтүлгөн партия кабыл алынбаса, калдыктарды жок кылуу же рекуперациялоо боюнча объекттин өкүлү дароо өзүнүн компетенттүү органы менен байланышууга милдеттүү. ЭКӨУнун чечимине ылайык ташуу жөнүндө документтин кол коюлган нускалары үч жумуш күндүн ичинде экспорттоочуга жана тиешелүү өлкөлөрдүн компетенттүү органына жиберилүүгө тийиш (ЭКӨУнун катчылыгына ташуу жөнүндө документтин мындай нускаларын алууга муктаж эмес экендигин кабарлаган ЭКӨУнун зонасындагы транзиттик өлкөлөрдү кошпогондо). Ташуу жөнүндө документтин түп нускасы жок кылуу же рекуперациялоо боюнча объектте калат.
47. Жок кылуу же рекуперациялоо операцияларына, анын ичинде D13-D15 же R12 R13 түрүндөгү операцияларга катышкан бардык объекттер калдыктардын партиясынын алынгандыгы күбөлөндүрүүсү керек. Ошол эле өлкөдө D13-D15 же R12-R13 операциялары аяктагандан кийин D13-D15 же R12/R13 же D1-D12 же R1-R11 сериясындагы кандайдыр бир операцияларды аткарган объекттен D13-D15 же R12-R13 түрүндөгү рекуперациялоо боюнча объекттен партияны алгандыгын ырастоо талап кылынбайт. 18-бөлүм бул учурда калдыктардын партиясын акыркы алгандыгы фактысын күбөлөндүрүү үчүн колдонулбайт. Жок кылуу же рекуперациялоо боюнча операциянын түрүн ташуу жөнүндө документке тиркелген кыскартылган белгилердин жана коддордун тизмеси аркылуу көрсөтүү жана калдыктарды жок кылуу же рекуперациялоо боюнча операциянын болжолдуу аяктоо датасын коюу керек (ЭКӨУнун чечимине ылайык талап кылынбайт).
48. 19-бөлүм. Калдыктарды жок кылууну же рекуперациялоону аяктоо фактысын ырастоо максатында жок кылуу же рекуперациялоо боюнча объект тарабынан толтурулат. Базель конвенциясынын талаптарына ылайык 19-бөлүмдө толтурулган ташуу жөнүндө документтин кол коюлган нускалары экспорттоочунун жана экспорттоочу өлкөдөгү компетенттүү органдардын дарегине жиберилүүгө тийиш. ЭКӨУнун чечимине ылайык 19-бөлүмдө толтурулган ташуу жөнүндө документтин кол коюлган нускалары экспорттоочунун же экспорттоо жана импорттоо өлкөлөрүндөгү компетенттүү органдардын дарегине мүмкүн болушунча эрте, бирок рекуперациялоо аяктагандан кийин 30 күндөн кечиктирбестен жана калдыктар алынгандан кийин бир календардык жылдан кечиктирбестен жиберилүүгө тийиш. D13-D15 же R12-R13 түрүндөгү жок кылуу же рекуперациялоо боюнча операция болсо, бул операцияны жүргүзгөн объект жөнүндө 10-бөлүмдө берилген маалымат менен чектөө жетиштүү. R12/R13 же D13-D15 түрүндөгү кийинки операциялар жүргүзүлгөн башка объекттер же D1-D12 же R1-R11 түрүндөгү операцияларды жүргүзгөн кийинки объект (объекттер) жөнүндө эч кандай кошумча маалыматты ташуу жөнүндө документке киргизүү талап кылынбайт.
49. Жок кылуу же рекуперациялоо фактысы операцияларга, анын ичинде D13-D15 же R12-R13 типтеги операцияларга тартылган бардык жок кылуу же рекуперациялоо боюнча объекттер тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Ушул себептен улам ошол эле өлкөдө D13-D15 же R12-R13 операциялары аяктагандан кийин D13-D15 же R12/R13 же D1-D12 же R1-R11 сериясындагы кандайдыр бир операцияны аткарган объект калдыктарды рекуперациялоо же жок кылуу фактысын ырастоо үчүн 19-бөлүмдү колдонбошу керек, анткени бул бөлүм D13-D15 же R12-R13 сериясындагы операцияга катышкан объект тарабынан толтурулган. Бул конкреттүү учурда калдыктарды жок кылуу же рекуперациялоо фактысы ар бир өлкө тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
50. 20, 21, 22-бөлүмдөр. Базель конвенциясында же ЭКӨУнун чечиминде аларды толтуруу каралган эмес. Эгерде бул улуттук мыйзамдарга ылайык талап кылынса бул бөлүмдөр экспорттоочу, транзиттик же импорттоочу өлкөлөрдүн чек араларынан өтүүчү жерлердеги бажы пункттары тарабынан контролдоо максатында колдонулушу мүмкүн.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Конвенция о контроле за трансграничной перевозкой опасных отходов и их удалением (Кыргызская Республика присоединилась постановлениями ЗС Жогорку Кенеша КР от 18 января 1996 года…Конвенция · 22.03.1989
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-мартындагы № 193 "Кыргыз Республикасында кооптуу калдыктардын трансчек аралык өткөрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу…Постановление · 25.03.2026 · № 193