# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрели № 234 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кыймылсыз мүлк объекттерине техникалык изилдөө жүргүзүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрели № 234 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кыймылсыз мүлк объекттерине техникалык изилдөө жүргүзүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 234
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044240>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54021/edition/51052/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044240.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрели № 234 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кыймылсыз мүлк объекттерине техникалык изилдөө жүргүзүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому (10.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044240

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 10-апрели № 234

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кыймылсыз мүлк объекттерине техникалык изилдөө жүргүзүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 388 «Кыймылсыз мүлк объекттерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 204 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 388 «Кыймылсыз мүлк объекттерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июлундагы № 523 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 294 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүү чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
