# Курама айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-декабры № 43 "Панфилов районунун Суусамыр өрөөнүндө жайгашкан айрым жер тилкелерин которууга (трансформациялоого) этно шаарчасын курууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Курама айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-декабры № 43 "Панфилов районунун Суусамыр өрөөнүндө жайгашкан айрым жер тилкелерин которууга (трансформациялоого) этно шаарчасын курууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044239>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54017/edition/51051/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044239.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курама айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-декабры № 43 "Панфилов районунун Суусамыр өрөөнүндө жайгашкан айрым жер тилкелерин которууга (трансформациялоого) этно шаарчасын курууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (19.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044239

---

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 19-декабры № 43

Панфилов районунун Суусамыр өрөөнүндө жайгашкан айрым жер тилкелерин которууга (трансформациялоого) этно шаарчасын курууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы №665 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобого”, Панфилов райондук жер комиссиясынын сунушуна, ошондой эле Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын Курама айылдык кеңешине 16.12.2025-жылы №03-6/7744 жолдогон расмий катынын негизинде Курама жергиликтүү кеңешинин депутаттары маалыматты угуп жана талкуулап, Курама айылдык кеңешинин X-чакырылышынын 12-кезексиз сессиясы токтом кылат:

1. Панфилов районунун Суусамыр өрөөнүндө жайгашкан №1174, 1175, 1176, 1177, 1178, 1179, 1181, 1324, 1325, 1326, 1327 ,1328, 1329, 1330, 1331, 1332, 1333, 1334, 1335, 1336, 1337, 1338, 1339, 1340, 1341, 1361, 1371, 1372, 1373, 1374, 1375, 1378, 1409, 1410, 1411, 1433, 1434, 1435, 1441, 1442, 1468, 1596, 1597, 1598, 1599, 1600, 1625, 1630, 1632 жана 1633 контурларында жайгашкан жалпы аянты 726,1 гектар болгон жер тилкелерин мамлекеттик деңгээлдеги туризм тармагын өнүктүрүү, инвесторлорду тартуу жана ири этно шаарчасын куруу максатында тиешелүү категорияга которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Курама айыл өкмөтү жер участокторун трансформациялоо боюнча материалдарды мыйзамда белгиленген тартипте ылайык даярдасын жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашууларды камсыз кылуу милдеттендирилсин.

3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Бейсембаевага милдеттендирилсин.

Төрага

А.К. Джумагулов
