# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-апрели № 243 "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү административдик даттанууларды жана кайрылууларды кароо боюнча көз карандысыз комиссиянын ишине акы төлөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-апрели № 243 "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү административдик даттанууларды жана кайрылууларды кароо боюнча көз карандысыз комиссиянын ишине акы төлөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 243
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2026
- Редакциянын күнү: 13.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044236>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54015/edition/51049/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044236.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-апрели № 243 "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү административдик даттанууларды жана кайрылууларды кароо боюнча көз карандысыз комиссиянын ишине акы төлөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө" токтому (13.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044236

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 13-апрели № 243

Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү административдик даттанууларды жана кайрылууларды кароо боюнча көз карандысыз комиссиянын ишине акы төлөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү административдик даттанууларды жана кайрылууларды кароо боюнча көз карандысыз комиссиянын ишине акы төлөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1) ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;

2) «Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу каражаттарды карасын.

3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
