# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 237 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 237 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 237
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044230>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54016/edition/51041/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044230.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 237 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (10.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044230

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 10-апрели № 237 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 «Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Өсүмдүк өстүрүү продукциясын өндүрүүдө сууну үнөмдөөчү технологияларды пайдаланган фермердик чарбаларды мамлекеттик колдоо, сууну үнөмдөөчү тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын колдонууга дем берүү, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 «Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатында:

- 4-тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы 361-пункт менен толукталсын:

«361. Сууну үнөмдөө чөйрөсүндөгү мамлекеттик программалардын алкагында сууну үнөмдөөчү тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын колдонуу менен айыл чарба продукциясын өндүргөн чарбакер субъекттер үчүн электр энергиясын берүү ОМТСтин 1-тиркемесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн, 2025-жылдын 1-майынан тартып белгиленген өлчөмдөгү тариф боюнча жүргүзүлөт жана 2030-жылдын 1-майына чейин кийин көбөйтүлбөөгө тийиш.».

2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн тарифти колдонууга укуктуу чарбакер субъекттерди аныктасын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 28 (3788) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
