# Курама айылдык кеңештин 2025-жылдын 10-октябры № 34 “Курама-Суу” муниципалдык ишканасынын техникасынын калкка кызмат көрсөтүүсү боюнча тарифтик баасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Курама айылдык кеңештин 2025-жылдын 10-октябры № 34 “Курама-Суу” муниципалдык ишканасынын техникасынын калкка кызмат көрсөтүүсү боюнча тарифтик баасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044207>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54000/edition/51014/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230044207.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курама айылдык кеңештин 2025-жылдын 10-октябры № 34 “Курама-Суу” муниципалдык ишканасынын техникасынын калкка кызмат көрсөтүүсү боюнча тарифтик баасын бекитүү жөнүндө" токтому (10.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044207

---

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 10-чакырылышынын кезектүү 11-сессиясы

2025-жылдын 10-октябры № 34

“Курама-Суу” муниципалдык ишканасынын техникасынын калкка кызмат көрсөтүүсү боюнча тарифтик баасын бекитүү жөнүндө “Курама-Суу” муниципалдык ишканасынын сунушунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18 жана 19-беренелерине, “Мамлекеттик жана муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алуу менен Курама айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Курама-Суу “муниципалдык ишканасынын техникасынын калкка кызмат көрсөтүүсү боюнча тарифтик баалары төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин.

· Жүк жүктөөчү машина (фронтальный погрузчик) 1 саатка 2500 (эки миң беш жүз) сом баага дизель/бензин кирет.

· Авто мунара 1 саатка (авто вышка) 2500 (эки миң беш жүз) сом баага дизель/бензин кирет.

· Экскаватор 1 саатка 2500 (эки миң беш жүз) сом баага дизель/бензин кирет.

· Трактор 1 саатка 800 (сегиз жүз) сом дизель/бензин өзүнчө эсептелет.

2. Социалдык жактан аз камсыз жана жакыр жашаган үй-бүлөлөргө 50% (элүү пайыз) арзандатуу колдонулсун.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укугу айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А.К. Джумагулов
